Семейный бюджет
Семейный бюджет
Сбережения
Сбережения
Кредиты и долги
Кредиты и долги
Защита прав потребителей
Защита прав потребителей
О финансах
О финансах
Инвестирование
Инвестирование
Финансовая безопасность и страхование
Финансовая безопасность и страхование
Налоги и отчисления
Налоги и отчисления

Улуттук Банк: Электрондук капчык колдонуучулар идентификациядан өтүүсү зарыл

Сбережения Опубликовано 25 Сентября 2020
Улуттук Банк: Электрондук капчык колдонуучулар идентификациядан өтүүсү зарыл

 

https://elgezit.kg/ky/2020/09/24/uluttuk-bank-elektronduk-kapchyk-koldonuuchular-identifikatsiyadan-t-s-zaryl/

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 30-сентябрындагы токтомдорунун талаптарына ылайык, 2020-жылдын 1-октябрынан тартып идентификацияланбаган электрондук капчык ээлери жана төлөм уюмдарынын (уюлдук байланыш операторлору) агенттеринин мобилдик тиркемелерин пайдаланган идентификацияланбаган колдонуучулары тарабынан төлөмдөрдү жүргүзүүгө тыюу салуу ченеми күчүнө кирет.

Ушуга байланыштуу, Улуттук банк 2020-жылдын 1-октябрына чейин идентификацияланбаган электрондук капчыктардын ээлерин жана агенттердин мобилдик тиркемелеринин идентификацияланбаган колдонуучуларын идентификация жол-жобосунан өтүү зарылдыгы тууралуу эскертет.

Идентификация жол-жобосунан өтүү үчүн идентификацияланбаган электрондук капчыктардын ээлери жана/же агенттердин мобилдик тиркемелеринин идентификацияланбаган колдонуучулары коммерциялык банкка/төлөм уюмуна же анын агентине (тиешелүү уюлдук байланыш операторуна) кайрылып, өзү келип паспортун көрсөтүү менен же сүрөттү салыштырып текшерүү же болбосо видео байланышты колдонуу менен аралыктан идентификациядан өтүүсү зарыл.

2020-жылдын 1-октябрынан тартып, идентификацияланбаган электрондук капчыктардын ээлери жана агенттердин мобилдик тиркемелеринин идентификацияланбаган колдонуучулары боюнча бардык финансылык операциялар токтой тургандыгын белгилейбиз. Ошол эле учурда, капчык ээлери/колдонуучулар үчүн аралыктан идентификациядан жана верификациядан өтүү үчүн өздөрүнүн электрондук капчыктарына/агенттердин мобилдик тиркемелерине кирүү, жеткиликтүү маалыматты колдонуу, ошондой эле өздөрүнүн электрондук капчыгындагы/телефондун өздүк эсебиндеги балансты байкап туруу мүмкүнчүлүгү сакталат.

Улуттук банк бардык суроолор боюнча тейлеген коммерциялык банкка/төлөм уюмуна, төлөм уюмунун агентине (уюлдук байланыш оператору) кайрылууну сунуштайт.

← К списку статей

Читайте также

Денежная Азбука. Часть 1

Денежная Азбука. Часть 1

Финансовые пирамиды и как не попасть в лапы мошенников.

Финансовые пирамиды и как не попасть в лапы мошенников.

Какие виды страхования существуют в Кыргызстане?

Какие виды страхования существуют в Кыргызстане?

Вниманию заемщикам!!!

Вниманию заемщикам!!!