Үй бүлө бюджети
Үй бүлө бюджети
Топтолгон жыйым
Топтолгон жыйым
Кредиттер жана карыздар
Кредиттер жана карыздар
Керектөөчүлөр (пайдалануучулар) укугун коргоо
Керектөөчүлөр (пайдалануучулар) укугун коргоо
Финансы жөнүндө
Финансы жөнүндө
Инвестициялоо
Инвестициялоо
Финансылык коопсуздук жана камсыздандыруу
Финансылык коопсуздук жана камсыздандыруу
Салыктар жана чегерүүлөр
Салыктар жана чегерүүлөр
Жаңылыктар
Жаңылыктар

Финансы пирамидалары. Алдамчылардын торуна илинбеш үчүн эмне кылыш керек

Финансылык коопсуздук жана камсыздандыруу 2022 Жетинин айынын 29 жарыяланды
Финансы пирамидалары. Алдамчылардын торуна илинбеш үчүн эмне кылыш керек

"Тез арада байып кетесиң" деген алдамчылардын торуна жүздөгөн кыргызстандыктар илинген. Көпчүлүгү жүз миңдеген сомунан айрылып, тапканын кол жууп отуруп калды. Алардын баары финансы пирамидаларынын курмандыгы болушкан. Бул өзү кандай схема?

Финансы пирамидасы - бул пайдалуу инвестицияларды имитация кылган алдамчылык долбоор. Улам жаңы катышуучуларды тартуунун эсебинен акча чогулат. Алар акча салышат да, жаңы адамдарды тартышат, ошентип пирамида өсө берет. Пирамиданын башындагылар чынында эле киреше табышы мүмкүн. Бирок төмөн жактагылар эч нерсе алышпайт, алар бир тепкич өйдөдө тургандарга акчасын алдыртып салат.

Финансы пирамиданы кантип аныктаса болот?

Финансы пирамидаларынын түрлөрү көп. Бирок эсиңизде болсун, мындай структуралар бир орунда турбайт, адамдардын акчасын чыгарып кетишин ар кандай жолдорун алар күн сайын ойлоп табышат.

Финансы пирамидаларынын бир нече түрү бар:

  • Классикалык пирамидалар
  • Жогорку кирешелүү инвестициялар
  • Башкаруучу компаниялар
  • Керектөөчүлүк жана турак-жай кооперативдери
  • Букмекердик кеңселер
  • Интернет долбоорлор

Кээде пирамиданын уюштуруучулары анын маңызын жашырышпайт деле. Алар интернет аркылуу жаңы кардарларды, демек, көп акчаны тартууга мүмкүнчүлүктөр көбөйгөнүн айтышат. Пирамидага биринчилерден болуп кошулуңуз да, миллиондорду табыңыз деп ачык жарыялашат.

Бирок көп учурда пирамиданы башка бир уюм катары көрсөтүүгө аракет кылышат. Мисалы, инвестициялык ишкана. Акциялар жана облигацияларды, криптовалюта жана кыймылсыз мүлктү сатып алууну сунушташат, акчаны өтө кирешелүү курулушка, айыл чарбасына, алтын казууга же IT-стартапка салабыз деп убадалашат. Абдан жакшы иштеген өндүрүшкө инвестицияга кылгыла деп үгүттөшөт.

Компанияга акчаңызды ишенип берерден мурда, аны жакшылап текшерүү керек.

Улуттук банктын nbkr.kg сайтындагы жана Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын fsa.gov.kg сайтындагы реестрлеринен финансы уюмду табыңыз.  

Компания күмөндүү уюмдардын катарында эмеспи? Текшериңиз. Интернеттеги пикирлерди окуңуз. Документтерди изилдеңиз. Биринчи кезекте компаниянын толук аталышын жана реквизиттерин салыштырыңыз.

Сиз финансы пирамидасына акчаңызды салып койгонсуз. Эми эмне кылыш керек? Биринчи кезекте ички иштер органдарына, Улуттук банкка же Финансы рыногун тескөө жана көзөмөлдөө кызматына арыз жазыңыз.

Келиңиздер, тыянак чыгаралы. Алдамчылардын торуна илинбеш үчүн, финансы пирамидасынын курмандыгы болбош үчүн төмөндөгүлөрдү эстен чыгарбаңыз:

Финансы пирамидасынын негизги белгилери:

  • Кыска мөөнөттө өтө жогорку кирешени убадалоо
  • Башка адамдарды тартуу шарты
  • Уюмдун документтери жеткиликсиз
  • Күмөндүү келишимдер
  • Катышыңыз деп асыла берген сунуштар

Ушул белгилерди эске тутуп, акчаңызга сак болуңуз.

← Макалалардын тизмесине

Төмөнкүлөрдү да окуңүз

"Сабаттуу жашоо" финансылык сабаттуулук боюнча балдар үчүнтеледолбоору

"Сабаттуу жашоо" финансылык сабаттуулук боюнча балдар үчүнтеледолбоору

Акча алиппеси. 5-бөлүк

Акча алиппеси. 5-бөлүк

Инвестициялар бай болууга кандайча көмөк берет?

Инвестициялар бай болууга кандайча көмөк берет?

Баалуу кагаздарга инвестициялоо

Баалуу кагаздарга инвестициялоо