Үй бүлө бюджети
Үй бүлө бюджети
Топтолгон жыйым
Топтолгон жыйым
Кредиттер жана карыздар
Кредиттер жана карыздар
Керектөөчүлөр (пайдалануучулар) укугун коргоо
Керектөөчүлөр (пайдалануучулар) укугун коргоо
Финансы жөнүндө
Финансы жөнүндө
Инвестициялоо
Инвестициялоо
Финансылык коопсуздук жана камсыздандыруу
Финансылык коопсуздук жана камсыздандыруу
Салыктар жана чегерүүлөр
Салыктар жана чегерүүлөр
Жаңылыктар
Жаңылыктар

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы калктын финансылык сабаттуулугун үчүнчү улуттук изилдөөнүн жыйынтыгын чыгарды

2026 Баш оона айынын 14 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы калктын финансылык сабаттуулугун үчүнчү улуттук изилдөөнүн жыйынтыгын чыгарды

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин колдоосу менен 2025-жыл ичинде өлкөнүн эресеге жеткен калкынын финансылык сабаттуулугун үчүнчү улуттук изилдөө боюнча ишин аяктады.

Изилдөө жарандардын финансылык сабатуулугун жогорулатуу боюнча иш-чаралар алкагында Экономикалык кызматташуу жана өнүктүрүү уюмунун эл аралык методикасы боюнча жүргүзүлгөн. Буга чейин ушул сыяктуу изилдөөлөр 2017 жана 2021- жылдары өткөрүлгөн.

2025-жылды изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча, Кыргызстанда финансылык сабаттулуктун жалпы көрсөткүчү 2021-жылга салыштырганда 4 пайызга көбөйүп, 20дан 11,8 баллды түздү. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын учурдагы көрсөткүчү Экономикалык кызматташуу жана өнүктүрүү уюмунун 2023-жылдагы финансылык сабаттуулук боюнча эл аралык изилдөөсүнө ылайык, Венгрия, Италия жана Литва сыяктуу кирешеси жогору болгон айрым мамлекеттердин тиешелүү көрсөткүчтөрүнөн ашкан.

Алынган маалыматтардын негизинде, финансылык билим деңгээли жана финансылык иш-аракетинин көрсөткүчтөрү 2021-жылга салыштырмалуу, тиешелүүлүгүнө жараша, 10 жана 3 пайызга жогорулады. Ошол эле учурда, респонденттердин узак мөөнөттүү финансылык маселелерге болгон мамилесинин субъективдүү баасы болуп саналган финансылык каражаттарга карата мамиленин көрсөткүчү 8 пайызга төмөндөдү.

Базалык параметрлерден тышкары, изилдөө финансылык бакубаттуулук, финансылык туруктуулук, санарип финансылык сабаттуулук жана финансылык жеткиликтүүлүк көрсөткүчтөрүн да камтыйт.

Изилдөөнүн жыйынтыгы менен шилтемедеги  басылмадан кененирээк таанышууга болот.

← Жаңылыктардын тизмесине

Төмөнкүлөрдү да окуңүз

Акчалай каражаттарды эсепке алуу күндөлүгү

Акчалай каражаттарды эсепке алуу күндөлүгү

2020-жылдын 25-декабрында Кыргыз Республикасынын калкынын финансылык сабаттуулугун 2016-2020-жылдары жогорулатуу программасын ишке ашыруу боюнча Координациялык кеңештин отуруму болуп өттү

2020-жылдын 25-декабрында Кыргыз Республикасынын калкынын финансылык сабаттуулугун 2016-2020-жылдары жогорулатуу программасын ишке ашыруу боюнча Координациялык кеңештин отуруму болуп өттү

Кредитти кантип алууга болот?

Кредитти кантип алууга болот?

Финансылык жүрүм-турум

Финансылык жүрүм-турум