Үй бүлө бюджети
Үй бүлө бюджети
Топтолгон жыйым
Топтолгон жыйым
Кредиттер жана карыздар
Кредиттер жана карыздар
Керектөөчүлөр (пайдалануучулар) укугун коргоо
Керектөөчүлөр (пайдалануучулар) укугун коргоо
Финансы жөнүндө
Финансы жөнүндө
Инвестициялоо
Инвестициялоо
Финансылык коопсуздук жана камсыздандыруу
Финансылык коопсуздук жана камсыздандыруу
Салыктар жана чегерүүлөр
Салыктар жана чегерүүлөр
Жаңылыктар
Жаңылыктар

Кредитти төлөө жөндөмдүүлүгүн аныктоо калькулятор

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жашы жете электерге кредит берилбейт.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жашы жете электерге кредит берилбейт.
Кредит алуу үчүн карыз алуучу алган кирешесин ( эмгек акысы тууралуу мааылмкатты ж.б.) документтер аркылуу тастыктоого тийиш
Көпчүлүк учурларда кредиттин кайтарылышын камсыз кылуу максатында финансы-кредит уюмдарына кыймылдуу же кыймылсыз мүлктү күрөөгө сунуштоо талап кылынат.
Айрым учурларда кредиттин кайтарылышын камсыз кылуу максатында финансы-кредит уюмуна бир же бир нече адамдын кепилдигин сунуштоо талап кылынат.
Орточо айлык кирешелерди эсептөө үчүн милдеттүү чегерүүлөрдү ( салыктарды, Социалдык фондго чегерүүлөрдү ж.б.) эсептеп алып салуу менен келерки 6 ай ичинде ай сайын түшүүсү болжолдонуп жактан кирешелерди суммалап (кошуп), алынган сумманы алтыга (6) бөлүү талап кылынат. Мында эмгек акыны, сый акыларды, карызга алган акчаны, мүлктү сатуудан пландаштырып жаткан кирешени, башка иш-багытынан ж.б. түшүүчү кирешени кошо алганда, үй бүлө пландаштырып жаткан бардык кирешени эске алуу зарыл. Түшкөн кирешени жана алардан чегерүүлөрдү эсептөө үчүн “Үй бүлө бюджети” жана “Салыктар жана чегерүүлөр” бөлүктөрүндө жарыяланган материалдар менен таанышып чыгууну сунуштайбыз.
Орточо айлык чыгашаларды эсептеп чыгуу үчүн келерки 6 ай ичиндеги болжолдонуп жактан ар айлык чыгашаларды суммалап (кошуп), алынган сумманы алтыга (6) бөлүү талап кылынат. Мында тамак-ашка кеткен чыгашаларды, транспортко, байланыш кызматтарына жана коммуналдык кызматтарга төлөөлөрдү, кийим-кече сатып алууга, эс алууга, маараке (тойлорду, майрам күндөрүн, туулган күндөрдү белгилөөгө) өткөрүүгө кеткен чыгашаларды, карызга берилген акчанын кайтарылышын же карызга берилүүчү сумманы кошо алганда, бардык чыгашаларды эске алуу зарыл. Чыгашаларды кантип эсептөөгө боло тургандыгын билүү үчүн “Үй бүлө бюджети” бөлүгүндө жарыяланган материалдар менен таанышып чыгууну сунуштайбыз.
Пайыздык чен өлчөмүн билсеңиз, ошол тилкени бош калтырыңыз.
Эгерде кредит алууну чечкен болсоңуз, бул калькулятор максималдуу канча суммада кредит алып, аны төлөй ала турганыңызды болжолдуу эсетеп бере алат. Калькулятор жеке маалыматтардын чагылдырылышын талап кылбаган, бирок, кирешелер жана чыгашалар тууралуу маалыматарды камтыган ыкма (инструмент). Ошондуктан, келерки алты ай үчүн үй бүлөнүн болжолдуу кирешелер жана чыгашаларын алдын ала эсептеп алууну сунуштайбыз. Эсептөөлөрдүн тактыгы үчүн берилген суроолорго мүмкүн болушунча так жооп берүү талап кылынат. “Финсабат” сайты маалыматтардын корголушун, алардын үчүнчү жактарга берилбешин камсыз кылат. Жеке адамдын кредитти төлөө жөндөмдүүлүгүнүн калькулятору болжолдуу эсептөөлөрдү гана сунуштайт. Демек, кредитти төлөө жөндөмдүүлүгүн аныктап алуу үчүн тиешелүү адистерге кайрылуу зарыл.