Үй бүлө бюджети
Үй бүлө бюджети
Топтолгон жыйым
Топтолгон жыйым
Кредиттер жана карыздар
Кредиттер жана карыздар
Керектөөчүлөр (пайдалануучулар) укугун коргоо
Керектөөчүлөр (пайдалануучулар) укугун коргоо
Финансы жөнүндө
Финансы жөнүндө
Инвестициялоо
Инвестициялоо
Финансылык коопсуздук жана камсыздандыруу
Финансылык коопсуздук жана камсыздандыруу
Салыктар жана чегерүүлөр
Салыктар жана чегерүүлөр
Жаңылыктар
Жаңылыктар

Кризисте эмне кылууга болбойт

Топтолгон жыйым 2025 Кулжа айынын 24 жарыяланды

Акыркы бир айдагы окуялар кыргызстандыктарды тынчсыздандырууда. Акчаны эмне кылуу керектиги түшүнүксүз: сом же кулап, же көтөрүлүп жатат, айланада санкциялардын өлкө экономикасына тийгизген таасири тууралуу тынымсыз сөз болуп жатат.

Эл дүрбөлөңгө түшүп, акчаны эсептеринен чыгарып, кайра салып жатышат.

1. Бүгүнкү экономикалык шарттарда эмне кылууга болбойт?

Төмөнкү негизги эрежелерди сактоо керек:

  • эмоционалдык чечимдерди кабыл албаш керек;
  • каражаттарыңызды диверсификациялаңыз: акчанын бир бөлүгүн улуттук валютада, бир бөлүгүн чет элдик валютада, бир бөлүгүн алтын куймаларда, ошондой эле ишенимдүү компаниялардын баалуу кагаздарында, анын ичинде мамлекеттик баалуу кагаздарда сактаңыз. Бирок салымдардын тобокелдиктерин кылдат баалоо зарыл экенин унутпаңыз;
  • чыгашаларды кыскартыңыз/үнөмдөңүз — айтылгандай, үнөмдөгөн – тапканга барабар. Рационалдуу сатып алууларды жасаңыз;
  • кирешенин кошумча булактарын издеңиз жана финансылык коопсуздук жаздыгыңызды толуктаңыз;
  • тез арада акча табуу боюнча күмөндүү сунуштарга акча салуудан качуу жана финансылык алдамчылардан сактануу керек;
  • мүлкүңүздү камсыздандыруунун жолдорун карап көрүңүз, бул өзүңүздү жана жакындарыңызды күтүлбөгөн чыгымдардан коргоого жардам берет;
  • өз алдынча өнүгүү менен алектенип, финансылык сабаттуулугуңузду жогорулатыңыз. Бул сизге ишенимдүүлүк берип, татаал финансылык маселелерди чечүүгө жардам берет.

2. Доллар жакын арада КРде колдонулбай калат деп айтышат. Бул чынбы?

Кыргызстан - бул эркин рыноктук экономикасы жана эркин калкып жүрүүчү валюта курсу менен рыноктук механизмдерге негизделген валюта рыногу бар өлкө.

Айрым валюталардын, анын ичинде АКШ долларынын жүгүртүлүшүнө кандайдыр бир тыюу салуу пландаштырылган эмес жана валюта саясатынын тандалган режимине туура келбейт.

3. Мисалы, доллар сатып алууга тыюу салынбайбы?

Орусиядагыдай эле, жарандар же бизнес үчүн чет элдик валюта операцияларына чектөө сценарийлери биздин өлкөдө күмөндүү. АКШ жана Европа Биримдиги Орусияга каршы санкция киргизгендиктен, ал жакта доллар жана евро менен операция жасоодо кыйынчылыктар жаралды. Батыш мамлекеттеринин санкциялары Кыргызстандын финансы системасына түздөн-түз таасир этпейт. Ал эми КР Улуттук банкы валюта курстарын рыноктук механизмдердин негизинде эркин калыптандыруу режимине берилген бойдон калууда.

Ошондуктан Кыргызстанда чет өлкөлүк валюта менен операцияларды чектөөгө эч кандай себеп жок.

Улуттук банк ички валюта рыногундагы, ошондой эле тышкы финансы рынокторундагы кырдаалды тынымсыз көзөмөлдөп турат. Зарыл болгон учурда мыйзам чегинде керектүү чаралар көрүлөт.

4. Валюта курсу азыр абдан тез өзгөрүп жатат. Бул эмнеге байланыштуу?

Республиканын валюта рыногунда күн сайын суроо-талап менен сунуштун өзгөрүп турган катышын көрүүгө болот, натыйжада АКШ долларынын сомго карата алмашуу курсу да өзгөрөт. Ошондуктан, калктын жана бизнес түзүмдөрдүн арасында белгилүү бир убакытта жасалма терс күтүүлөр пайда болушу мүмкүн. Натыйжада, улуттук валютадагы активдерди чет элдик валютадагы (көбүнчө АКШ долларындагы) активдерге которуу күчөшү ыктымал. Бул өз кезегинде АКШ долларынын сомго карата алмашуу курсуна дагы да басым жасап, сомдун нарксыздануу темпин тездетет.

5. Мындай кырдаалдарда эмне кылууга болбойт? Эмнеге көңүл буруу керек? Качан чындап дүрбөлөңгө түшсө болот?

Калк жана бизнес үчүн АКШ долларынын алмашуу курсу боюнча келечек же болжолдоолор тууралуу ишенимсиз булактардан чыккан божомолдоолорго, ушактарга жана башка тастыкталбаган маалыматтарга алдырбоо эң акылга сыярлык болот.

АКШ долларын дүрбөлөң менен сатып алуу кошумча суроо-талап жаратаарын унутпаңыз.

Дүрбөлөңгө түшүп, доллардын курсу өсүп жатканда аны сөзсүз түрдө сатып алуунун же сомду көбүрөөк акчага сатуунун кажети жок.

6. Учурда финансылык коопсуздук жаздыгын түзүп жана көбөйтүп туруу керекпи?

Ар бир адамдын финансылык коопсуздук жаздыгы болушу керек. Ал күтүлбөгөн жагдайлар келип чыккан учурда кадимки жашоону улантуу үчүн зарыл. Бул жумуштан бошонуу, узакка созулган оору, ишкердик ишмердүүлүккө кандайдыр бир чектөөлөр жана башкалар менен байланыштуу болушу мүмкүн.

Финансылык коопсуздук жаздыгы өзүңдү корголгон сезүүгө жана убактылуу кыйынчылыктарды жеңүүгө жардам берет.

Ал жекече эсептелет жана муктаждыктарга жараша болот. Баштоо үчүн, ай сайын канча акча керектигин түшүнүү үчүн, өзүңүздүн бюджетиңизди эсептеп чыгуу керек. Финансылык коопсуздук жаздыгынын көлөмү адатта үч айдан алты айга чейинки чыгымдарга барабар. Мисалы, эгерде айлык чыгымдар 25 миң сомду түзсө, анда финансылык коопсуздук жаздыгынын минималдуу көлөмү 75 миңден 150 миң сомго чейин болушу керек. Алар ишенимдүү, бирок оңой жеткиликтүү жерде сакталышы керек.

7. Бүгүнкү шартта каражат топтоолорду кайсы валютада сактоо жакшы?

Сактыктарды ар кандай жолдор менен жана ар кандай жерлерде сактоого болот. Биздин заманда бул биринчи кезекте банктык депозит. Эгерде акчаны валютада сактоону көздөсөңүз, анда валюта корзинасын диверсификациялоо эң акылга сыярлык. Инвестициялоодо эң маанилүү принцип – бул тобокелдиктерди бөлүштүрүү. Бардык жумурткаларды бир себетке салбаңыз.

Инвестиция салуу депозиттерге, баалуу кагаздарга, өлчөнгөн алтын куймаларына мүмкүн.

Инвестиция куралын тандоодо кирешелүүлүк деңгээлине жана анын тобокелдик даражасына көңүл буруу керек.

8. Менин сомума депозитим болсо, аны долларга которуш керекпи? Же тескерисинчеби?

Улуттук банктын эсептик чени 14 пайызга чейин көтөрүлүшүнө байланыштуу, бүгүнкү күндө сом менен салынган депозиттердин ставкалары 16-20 пайызга чейин жогорулады. АКШ доллары менен салынган депозиттердин ставкалары 1-3 пайыздан ашпайт. Балким, сиздин депозиттен түшкөн кирешеңиз валюта курсунун айырмасынан ашып кетиши мүмкүн, ойлонуп көрүүгө арзыйт.

9. Мен чет өлкөгө саякаттоо үчүн долларга акча топтоп жатам. Долларды азыр сомго алмаштырышым керекпи?

Туруктуу же пландаштырылган келечектеги чыгымдар болгон учурда, каражаттарды чыгашаларды төлөөнү пландаштырган валютада сактоо сунушталат.

← Макалалардын тизмесине

Төмөнкүлөрдү да окуңүз

"Сабаттуу жашоо" финансылык сабаттуулук боюнча балдар үчүнтеледолбоору

"Сабаттуу жашоо" финансылык сабаттуулук боюнча балдар үчүнтеледолбоору

Керектөөчүнүн негизги укуктары жана милдеттери

Керектөөчүнүн негизги укуктары жана милдеттери

Жашоо максаттары менен финасыны кантип "элдештирүүгө" болот

Жашоо максаттары менен финасыны кантип "элдештирүүгө" болот

Акча алиппеси. 4-бөлүк

Акча алиппеси. 4-бөлүк