Жаңы жылдын алдында ар бирибиз өткөндү жыйынтыктап, алдыдагы 12 айга пландарды түзөбүз. 1-январдан баштап сөзсүз түрдө спорт менен машыгып, ден соолугубузга кам көрүп, жашоодогу приоритеттерибизди кайра карап чыгабыз деп өзүбүзгө убада беребиз.
Финансыга да тиешелүү. Биз өзүбүзгө акча топтоону көбөйтүүнү же жок дегенде баштоону убада кылабыз.
Бирок жылдын аягында көпчүлүк пландар план бойдон калганы белгилүү болот. Сиздерге акча топтоого көнүүгө жардам бере турган он идеяны сунуштайбыз. Милдетти оюнга айландырыңыз, ошондо баары сөзсүз ишке ашат. Өзүңүзгө финансылык челлендж коюңуз. Туугандарыңыз, досторуңуз жана кесиптештериңиз менен чогуу ойной аласыз. Жакындарыңыздын үлгүсү сизди тандалган жолдон адашпоого түрткү берет.
1. Кутучага күн сайын акча салуу
Бюджетке эң аз зыян келтирүүчү топтоо ыкмасы — күнүнө 100 сомдон чогултуу. 1-январдан баштаңыз, ошондо жылдын аягына чейин 36 миң 600 сом чогултасыз. Бул биринчи караганда эле аз сумма болуп көрүнөт. Бирок маселенин баары ушунда. Күнүнө 100 сом чогултуу айына 3 миң сомдон чогултканга караганда реалдуураак сезилет.
Эрежелерди өзүңүзгө ылайыкташтырып өзгөртсө болот: күндөрдүн санын жана сумманы өзгөртүүгө болот. Эң негизгиси, сумманы эстеп калуу оңой болушу керек.
Инвестициянын көлөмү сиз үчүн анча деле маанилүү болбошу керек, башка нерсеге короткуңуз келбеши үчүн. Эгерде финансылык тартип жана киреше менен иштер начар болсо, анда 1 сомдон баштасаңыз болот. Ооба, бул дагы иштейт.
Башкача айтканда, биринчи күнү 1 сом коёбуз, андан кийин эки сом, айдын акыркы күнү 30 сом. Кийинки айды 31 сомдон баштайбыз, ал эми жылдын акыркы күнү 365 сом коёбуз. Ошону менен жакшы сумма топтоого болот — 66 миң 795 сом.
2. Ар жума сайын бөлүп турабыз
Эгер күнүмдүк чыгымдар сизге өтө эле жеңил болсо, анда татаалыраак деңгээлге өтүңүз. Жаңы жылда өзүңүздү амбициялуу максаттарсыз жумасына бир жолу акча топтоого көндүрүп көрүңүз. Эки варианты бар. Мисалы, сиз бир нерсени абдан сатып алгыңыз келет, бирок бул товарды зарыл деп айтууга болбойт. Тескерисинче, бул сиздин кымбат баалуу каалооңуз. Анын баасын билип, сумманы жылдагы жумалардын санына жараша 52ге бөлүңүз.
Андан ары баары оңой: алынган сумманы ар жума күнү бөлүп коюңуз.
Экинчи вариант: аз суммадан баштап эле акча топтосо болот. Мисалы, ошол эле 100 сомдон баштап, бирок ар жума сайын дагы жүз сомдон кошуп туруу керек. Анда экинчи жумада 200 сом топтошуңуз керек болот, ал эми жылдын акыркы жумасында – 5,2 миң сом. Ушундай ыкма менен жылдын аягында сизде 137 миң 800 сом топтолот. Жакшы эле сумма, туурабы.
3. Тескери 52 жумалык чакырык
Тескерисинче аракет кылса болот. Күч-кубат жана аракеттенүү каалоосу бар кезде, майда суммаларды эмес, ири суммаларды топтоо керек. Башкача айтканда, сиз 100 сомдон эмес, жумасына 5,2 миң сомдон баштап топтоого киришесиз.
Ар бир жети күндө сумманы ошол эле жүз сомго азайтасыз.
Бул андан да жакшы болот. Биринчиден, сизди жаңы жылдык майрамдарда ашыкча сатып алуулардан сактайт. Экинчиден, моралдык жактан жеңил болот. Анткени, сиз жума сайын азыраак жана азыраак акча топтоо керектигин түшүнөсүз.
4. «Аба ырайы» челленджи
Акча топтоого көнүү үчүн бардык ыкмалар жакшы. Финансылык блогер Мелисса Беринин айтымында, аба ырайы ага акча топтоого жардам берет. Ар шаршембиде ал термометрди карап, температурага барабар сумманы доллар менен бөлүп коёт.
Терс температура болгон учурда, сан нөлдөн төмөн экенин эске албай койсо болот.
Сиз дагы ушундай ыкманы колдонуп көрсөңүз болот. Кирешеңизге жараша, термометрдеги санга бир же эки нөл кошуп, челлендждин жыйынтыгында тегерек суммадагы жагымдуу бонуска ээ боло аласыз.
5. Конверттерге сактайбыз
Кредиттик карталар жана накталай эмес төлөмдөр доорунда кагаз акчаны чогултуу дагы белгилүү бир сумманы сактоонун жакшы жолу. Челленджди кызыксыз кылбоо үчүн 52 конверт сатып алып, алардын бетине 100 сомдон 10 миң сомго чейинки каалаган суммаларды жазыңыз. Баары сиздин кирешеңизге жараша болот. Эгерде жумасына 10 миң сом салуу сиз үчүн өтө оор болсо, анда азыраак суммаларды жазыңыз.
Конверттерди аралаштырып, үйүп коюңуз да, жума сайын бүгүн тартылган конвертте канча сумма болсо, ошону конвертке салып туруңуз.
Мындай жол менен бир нече он миң сомдон бир нече жүз миң сомго чейин чогултса болот. Ошол эле учурда ай сайын акча топтоо адатын калыптандырууга да болот.
6. 30 күндүк сынак
Анын маңызы бир нерсени топтоо же үнөмдөө эмес, тескерисинче, ойлонбой туруп эле сатып алуудан баш тартуу. Кичинекей блокнот алып, пландаштырылбаган бир нерсени сатып алууну каалаган сайын, ал нерсе эмне, канча турат, бүгүнкү күндү жазып алыңыз, анан ойлонууга 30 күн бериңиз.
Эгер 30 күндөн кийин дагы эле ошол нерсени алгыңыз келип турса, тартынбай сатып алыңыз.
Жылдын аягында жыйынтык чыгарыңыз: бир айдан кийин анчалык деле пайдалуу эмес деп тапкан канча буюмуңуз бар жана бул канча акчаны үнөмдөдү. Ишенгиле, жыйынтыгы сизге сөзсүз жагат.
7. Радикалдуу чаралар
Өзүңүзгө чакырык таштап, чыгымдарды бир нече эсеге кыскартсаңыз болот. Мындай ыкманы ири сатып алуулардын алдында колдонуу сунушталат. Адегенде бир жумада канча акча короторуңузду эсептеңиз. Ооба, кирешеңизди жана чыгашаңызды билмейинче болбойт.
Андан кийин жумалык чыгымдардын суммасын 50-70 пайызга азайтыңыз.
Мисалы, бир жуманы 3 миң сомго эмес, 900 сомго жашап көрүңүз. Ооба, өтө эле оор. Бирок мөөнөтү кыска, ошондуктан аракет кылып көрсө болот. Ал эми үнөмдөлгөн акчаны пландаштырылган чоң сатып алууга жумшаса болот.
8. Беш долларлык челлендж
Бул челлендж Youtube менен Instagramды каптады. Бирок накталай акча колдонгондорго гана ылайыктуу. Мааниси сизге тийген ар бир 5 долларлык купюраны конвертке салып коюу. Кыргызстандык шартта 200 же 2 миң сомдук купюраларды колдонсо болот.
Жарым жылдан кийин чогулткан акчаңызды биринчи инвестицияңызга жумшаңыз.
Ооба, акча иштеши керек жана сизге кошумча киреше алып келиши керек. Жөн эле чогултуп коюу да туура эмес.
9. Зыяндуу адаттар үчүн айып
Бул жерде сиз топтоо мүмкүнчүлүгүн жана дагы бир жаңы жылдык убадаңызды аткарууну айкалыштырасыз. Жаман адаттарыңыз жазылган конверт же банка ачып, ар бир бузуу үчүн белгиленген сумманы салыңыз.
"Айыптын" өлчөмүн өтө эле аз кылып белгилебеш керек, антпесе зыяндуу адаттан арылууга стимул болбойт.
Зыян адат жок болгондон кийин айып пул банкасынын мазмунун жакшы нерселерге жумшаса болот.
10. Ар бир ай сайын жаңы чакырык
Топтоо жана үнөмдөө процессин адат кылуу кыйын, процесс өтө эле бир түрдүү болуп көрүнөт. Акча баары бир чогулуп турсун десеңиз, ылайыктуу варианты бар: ай сайын жаңы акча чакырыгын уюштуруу.
Бул тууралуу The Budget of Mum блогунун автору айтат: февраль айында ал бир айга ресторанга баруудан баш тартат, март айында ар бир жума күнү 20 доллардан чогултат. Жылдын аягына чейин кадимки аманат ыкмасынан кем эмес сумма топтолот, ал эми процесс тажатпайт.
2025-жылга чейин көп убакыт калган жок. Өзүңүзгө кызыктуу чакырыкты тандап, акча топтоп баштаңыз.