Үй бүлө бюджети
Үй бүлө бюджети
Топтолгон жыйым
Топтолгон жыйым
Кредиттер жана карыздар
Кредиттер жана карыздар
Керектөөчүлөр (пайдалануучулар) укугун коргоо
Керектөөчүлөр (пайдалануучулар) укугун коргоо
Финансы жөнүндө
Финансы жөнүндө
Инвестициялоо
Инвестициялоо
Финансылык коопсуздук жана камсыздандыруу
Финансылык коопсуздук жана камсыздандыруу
Салыктар жана чегерүүлөр
Салыктар жана чегерүүлөр
Жаңылыктар
Жаңылыктар

Мобилдик Интернет көндүмдөрүн үйрөтүүчү курал

Башка материалдар 2023 Бештин айынын 14 жарыяланды
 
 
 

Мобилдик Интернет көндүмдөрүн үйрөтүүчү курал

Адамдарга мобилдик интернеттин негизги көндүмдөрүн үйрөтүү үчүн колдонмо

Урматтуу окурмандар,

Mobile Internet Skill Training Toolkit (MISTT) программасына кош келиңиз. MISTT методологиясы колдонуучуларга мобилдик интернетти колдонууда практикалык көндүмдөрдү алууга жардам берүү үчүн GSMA Фонду тарабынан иштелип чыккан жана ар кандай тилдерге которулган. Бул колдонмо биринчи жолу кыргыз жана орус тилдерине которулуп, Санарип Инсан долбоорунун алкагында басылып чыкты. Санарип Инсан долбоору айыл жергесиндеги жарандарга, өзгөчө жаштарга жана аялдарга санариптик көндүмдөрдү, атап айтканда, электрондук соода, туризм жана айыл чарба тармагында санариптик билим алууга жардам берүүнү көздөйт. Долбоор Интернет Коомунун (ISOC) Кыргыз бөлүмү тарабынан Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен Европа Коңшулук Кеңеши (ENC) менен өнөктөштүктүн негизинде ишке ашырылууда.

Мобилдик Интернет көндүмдөрүн үйрөтүүчү китеби

Колдонмонун электрондук форматы

Киришүү Модулдук окутуу Тереңдетилген тренинг
Бул куралдар топтомунда эмне камтылган?

Интернетке киришүү

Көп адамдар мобилдик интернет жөнүндө мурда уккан болсо да ал эмне экенин билишпейт. Биз адамдардын интернет жөнүндө эң көп тараган суроолоруна жооп берүүгө жардам берүү үчүн бир нече жөнөкөй түшүндүрмөлөрдү киргиздик.

Андроид / Android

Андроид колдогон каражаттар дүйнө жүзү боюнча көптөгөн адамдар тарабынан кеңири колдонулат. Бул угуучуларга интернет кызматтарынын толук спектрин алууга мүмкүнчүлүк берет. Бул модул мурунку модулдардын негизинде түзүлүп, Андроид түзмөктөрү (мисалы, Гугл Assistant) аркылуу жеткиликтүү болгон бир катар “өнүккөн” интернет кызматтарын сунуштайт жана угуучуларга алардын түзмөгүн кантип орнотууну (мисалы, Гугл аккаунтун, анын ичинде жөндөөлөрдү) тереңирээк түшүнүүгө мүмкүнчүлүк берет. Бул алардын акчасын үнөмдөйт жана коопсуздугун сактайт.

Гугл / Google

Гугл Издөө адамдарга интернеттен кызыктуу маалыматты табууга жана угуучуга интернетте жеткиликтүү маалыматтын көптүгүн жана тереңдигин сезүүгө мүмкүндүк берет. Ошондой эле алардын издөө жана навигация жөндөмдөрүн жакшыртууга жардам берет. Катышуучуларын Ютуб модулу аркылуу өткөргөн тренерлер үчүн бул Ютуб менен үйрөнгөн көндүмдөрдү бекемдөөгө мүмкүнчүлүк берет.

Википедия / Wikipedia

Википедиа акысыз интернет маалымдамасы (же энциклопедия), анда билим берүү темалары боюнча нейтралдуу, так фактылар берилет. Бул модулда, угуучуларга интернеттен «жеңил» веб-сайтынан кенен маалымат алса болоору жөнүндө мисал келтирилет. Бул ошондой эле аларды интернеттеги маалыматтарды көбүнчө дүйнө жүзүндөгү карапайым адамдар жаратат деген идея менен тааныштырат.

Мобилдик акча

Мобилдик каражаттар колдонуучуларга каржылык кызматтарды алуунун негизги жолдорунун бирин камсыз кылат. Бул модулда угуучуларга мобилдик акчаны кантип колдонуу керектиги жөнүндө негизги маалымат берилет, анын ичинде: каттоо процессин түшүнүү; досуна же үй-бүлө мүчөсүнө акча жөнөтүү; төлөмдөрдү төлөө жана негизги коопсуздук кесепеттерин түшүнүү. Бул модулду өзүнчө же MISTTтин калган бөлүгү менен кошо окутса болот.

Ватсап / WhatsApp

Көптөгөн өлкөлөрдө адамдар Ватсап ка кызыгышат. Адамдардын көбү SMS колдонуусунан улам, анын маалымат алмашуу функционалдуулугу адамдарга белгилүү болгон нерсе. Ватсапты “кирүү чекити” катары колдонуу тренерлерге адамдар билген нерселерге, ошол эле учурда интернет аркылуу байланыш жана бул үчүн зарыл болгон көндүмдөргө таянууга мүмкүндүк берет.

Фейсбук / Facebook

Фейсбук – бул адамдарга бизнес өнөктөштөрү, үй-бүлөөсү жана достору менен байланышта болууга, жаңылыктарды алууга, же атактууларга жана спорттук командаларга көз салууга мүмкүндүк берген социалдык тармак. Бул модул социалдык тармак тарабынан сунушталган мүмкүнчүлүктөрдүн кеңири спектрин көрсөтөт жана аларга “аккаунт” жана “бирге колдонуу” жөнүндө түшүнүк берет.

Ютуб / YouTube

Ютуб угуучуларга жөнөкөй, кызыктуу маалыматтарды интернет айдыңынан табууга мүмкүнчүлүк берет. Ал ошондой эле тренерлерге Кыргызстандагы адамдардын аудио-визуалдык каналдарга болгон позитивдүү көз карашына таянып ошол эле учурда мобилдик интернетти колдонуу үчүн зарыл болгон көндүмдөр менен тааныштырууга мүмкүндүк берет. Туташуу көйгөйлөрүнөн улам Ютуб бардык жерлерде колдонула бербеши мүмкүн. Мындай учурларда биз Ютуб модулун өткөрүп жиберүүнү, же иштетүү үчүн азыраак маалыматты талап кылган башка аудио/визуалдык тиркемени колдонууну сунуштайбыз (мисалы, Гугл сүрөт издөө сыяктуу колдонмосу).

Жеткиликтүү мүмкүнчүлүктөр

Дүйнөдөгү адамдардын болжол менен 15 пайызында майыптыктын кандайдыр бир түрү бар. Бул адамдар билим берүү жана саламаттыкты сактоо сыяктуу кызматтарга жетүү үчүн башка адамдар көрбөгөн тоскоолдуктарга туш болушу мүмкүн. Бирок, уюлдук телефондор бул тоскоолдуктардын айрымдарын жоюуга жардам берип, майыптарга күнүмдүк иштерди жасоого мүмкүнчүлүк берет. Бул модулда көрүү жана угуусу начар адамдарга жардам берүүнү каалаган тренерлер үчүн кеңештер берилет.

Коопсуздук жана Нарк

Коопсуздук жана мобилдик интернетти колдонуунун баасын түшүнүү Ватсап, Ютуб Гугл, Википедия жана Фейсбук модулдарынын ар биринде камтылган. Биздин изилдөөлөр Кыргызстанда мобилдик интернетти колдонгон адамдар үчүн коопсуздук жана чыгым олуттуу маселе экенин көрсөттү, ошондуктан бул маселелерди ар бир тереңдетилген окуу модулунун ичинде жана кыска окуу сессияларында кошумча кароону чечтик.

Кыргыз Республикасындагы жарандарын заманбап билим менен камсыздоо, санариптик көндүмдөргө үйрөтүү аркылуу алардын иштөө, окуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү максатында “Санарип Инсан” долбоору бул колдонмону биринчи жолу кыргыз жана орус тилдерине жергиликтүү өзгөчөлүктөрдү эске алып которду. Материалдын мазмунуна “Интернет Коомунун Кыргыз Бөлүмү” жооптуу жана Европа Биримдигинин көз карашын чагылдырбайт. Мобилдик Интернет көндүмдөрүн үйрөтүүчү курал (MISTT) © Интернет Коомунун Кыргыз Бөлүмү, Inc уюму Лицензия CC BY 4.0

 
 

Форманы толтуруп, мобилдик интернеттин негизги көндүмдөрүн үйрөтүү үчүн колдонмону биринчилерден болуп окуңуз

← Макалалардын тизмесине

Төмөнкүлөрдү да окуңүз

2020-Дүйнөлүк каражат топтоо күнү башталышы жарыяланды

2020-Дүйнөлүк каражат топтоо күнү башталышы жарыяланды

Улуттук банк сак болууга чакырат! 

Улуттук банк сак болууга чакырат! 

Акча топтоонун эң эле жөнөкөй сегиз эрежеси

Акча топтоонун эң эле жөнөкөй сегиз эрежеси

1-октябрда электрондук капчыкты идентификациялоонун мөөнөтү аяктайт

1-октябрда электрондук капчыкты идентификациялоонун мөөнөтү аяктайт