Үй бүлө бюджети
Үй бүлө бюджети
Топтолгон жыйым
Топтолгон жыйым
Кредиттер жана карыздар
Кредиттер жана карыздар
Керектөөчүлөр (пайдалануучулар) укугун коргоо

Финансы жөнүндө
Финансы жөнүндө
Инвестициялоо
Инвестициялоо
Финансылык коопсуздук жана камсыздандыруу

Салыктар жана чегерүүлөр
Салыктар жана чегерүүлөр
Жаңылыктар
Жаңылыктар

Накталай эмес төлөмдөрдүн артыкчылыктары

Финансы жөнүндө 2023 Үчтүн айынын 13 жарыяланды
Накталай эмес төлөмдөрдүн артыкчылыктары

Накталай эмес төлөмдөр – бул банк карталары, электрондук капчыктар, QR коддор, мобилдик тиркемелер сыяктуу инструменттердин жардамы менен накталай акчаны колдонбостон төлөм жүргүзүү дегенди билдирет, мында накталай акчаны сатып алуучудан сатуучуга берүү талап кылынбайт. Санариптик трансформация доорунда накталай эмес төлөмдөр барган сайын кеңири белгилүү болуп баратат, мисалы, муну акыркы 3 жылда банк карталарын жана электрондук капчыктарды колдонуу менен жүргүзүлгөн төлөмдөр боюнча статистикалык маалыматтар тастыктап турат.

Мисалы, эгерде 2019-жылдын үчүнчү чейрегинде банк карталарын колдонуу менен 59 238,0 млн сом суммасына транзакция жүргүзүлсө, 2022-жылдын үчүнчү чейрегинде 135,9 млрд сом суммасына транзакция жүргүзүлгөн. Чыгарылган карталардын саны 2 820 700 даанадан 4 660 900 даанага чейин өстү. 2019-жылдын үчүнчү чейрегинде электрондук капчыктардын жардамы менен товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн 1,6 млрд сом төлөнсө, 2022-жылдын үчүнчү чейрегинде  5,2 млрд сомго төлөм жүргүзүлгөн. Электрондук капчыктардын саны 1,6 млн бирдиктен 5,4 млн даанага өстү.

Мобилдик же интернет-банкинг аркылуу аралыктан башкаруу инструменттери менен банктагы эсепти башкаруу мүмкүнчүлүгү кеңейди, ошондой эле бул инструменттер банк кеңсесине барбастан же үйдөн чыкпастан эле акча которуу же онлайн сатып алуу үчүн төлөө мүмкүнчүлүгүн берет. Мында адамдарга эң негизги ыңгайлуулук жараткан жагдай – бул, жаныңа ири суммадагы акчаны алып жүрүүнүн зарылдыгы жок, адамдарда аларды жоготуп алуу коркунучу болушу мүмкүн, төлөөдө да бир топ убакытты үнөмдөп алууга болот. Накталай эмес төлөм жүргүзүүнүн артыкчылыгын өзгөчө пандемия учурунда, кыймыл чектелген кезде байкадык десек болот.

Накталай эмес төлөм жүргүзүүнүн маанилүү опциясы катары жүргүзүлгөн төлөмдөр же акча которуулар тууралуу маалыматтар колдонуучунун тиркемесинде сакталарын белгилеп кетүүгө болот.

Смартфон, банк картасы жоголсо же жогоруда аталган инструменттерге кирүү үчүн сыр сөздөр үчүнчү жактарга жеткиликтүү болуп калды деген шектенген ойлор  пайда болгон учурда, жогорудагы инструменттердин ээлери банкка кайрылып, картага же электрондук капчыкка бөгөт коюп койсо болот.

Төлөмдөрдү ачык-айкын жүргүзүүнү  жогорулатуу жагында накталай эмес төлөм жүргүзүүнүн өсүшү мамлекет үчүн да маанилүү, алсак көмүскө экономиканы кыскартуу, бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү, банкнотторду басып чыгарууга кеткен чыгымдарды азайтуу, накталай акчаны ташуу чыгымдарын кыскартуу жана башкалар өлкөнүн экономикасына оң таасирин тийгизет.

← Макалалардын тизмесине

Төмөнкүлөрдү да окуңүз

Финансылык жүрүм-турум

Финансылык жүрүм-турум

Акча алиппеси. 4-бөлүк

Акча алиппеси. 4-бөлүк

Кардалар даттануулар жана өтүнүчтөр менен кайда жана кимге  кайрыла алышат

Кирешелер жана чыгымдар күндөлүгү

Кирешелер жана чыгымдар күндөлүгү