Үй бүлө бюджети
Үй бүлө бюджети
Топтолгон жыйым
Топтолгон жыйым
Кредиттер жана карыздар
Кредиттер жана карыздар
Керектөөчүлөр (пайдалануучулар) укугун коргоо
Керектөөчүлөр (пайдалануучулар) укугун коргоо
Финансы жөнүндө
Финансы жөнүндө
Инвестициялоо
Инвестициялоо
Финансылык коопсуздук жана камсыздандыруу
Финансылык коопсуздук жана камсыздандыруу
Салыктар жана чегерүүлөр
Салыктар жана чегерүүлөр
Жаңылыктар
Жаңылыктар

2020-Дүйнөлүк каражат топтоо күнү башталышы жарыяланды

Үй-бүлө бюджети 2020 Тогуздун айынын 26 жарыяланды
2020-Дүйнөлүк каражат топтоо күнү башталышы жарыяланды

31-октябрда биздин өлкөбүз алтынчы ирет Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленип жатат. Бул иш-чара Германиянын эл аралык кызматташтык боюнча Шпаркасс фонду, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, коммерциялык банктар жана Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги менен биргеликте уюштурулат.

Дүйнөлүк каражат топтоо күнү Кыргызстанда гана эмес, дүйнө жүзү боюнча белгиленип келет.

Бул иш-чаранын максаты – балдардын жана жаштардын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу.

Дүйнөлүк каражат топтоо күнүнүн негизги милдети – калкты  каражат топтоого үйрөтүү, анткени каражат топтоо адамдардын өздөрүнүн келечегин пландаштырууга мүмкүнчүлүк берет: алсак, балдарга билим берүү, турак жай, автоунаа сатып алуу, саякатка чыгуу жана башка көптөгөн турмуштук жагдайларга  шарт түзөт.

Жыл сайын Дүйнөлүк каражат топтоо күнүн өткөрүү балдар менен жаштар арасында жылдан жылга кеңири белгилүү болуп, аны өткөрүү чөйрөсү да кеңейүүдө.

Ушул жылы Дүйнөлүк каражат топтоо күнү «Кыялдар канат байлаганда» - «Когда мечты становятся возможностями» деген ураанга ээ болгон, мындай ураан иш-чаранын маңызын так чагылдырып, бүгүнкү күндө Кыргызстандын калкынын каражат топтоо боюнча туруктуу ыкмасы катары – банктык аманаттар экендигин тастыктоодо.

Алсак, 2017 жана 2018-жылдардын сентябрь айына карата банк секторунун депозит базасы тиешелүүлүгү боюнча 118, 2 млрд сомду жана 127,5 млрд сомду түзсө, 2020-жылдын август айына ал 165 млрд сомго жеткен. Бул көрсөткүчтөр калктын банктарга көбүрөөк ишене баштаганын, адамдар өз каражаттарын банкта депозит катары сактоо жакшы экендигин түшүнө башташканынан кабар берет.

Депозиттик базанын өсүшү биринчи кезекте банк тутумунун туруктуулугуна, ошондой эле депозиттердин бир катар артыкчылыктарына байланыштуу.

Бардык социалдык нормаларды эске алуу менен, 2020-жылы Бүткүл дүйнөлүк жыйым топтоо күнү онлайн режиминде өткөрүлөт.

Улуттук банктын, коммерциялык банктардын жана башка каржы институттарынын өкүлдөрү социалдык тармактар ​​аркылуу калкка жыйым топтоонун маанилүүлүгү жөнүндө айтып беришет, аларды бош жаткан каражаттарды сактоонун жана көбөйтүүнүн ар кандай жолдору менен тааныштырышат.

Пландаштырылган иш-чаралардын толук тизмеси Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жана финансылык сабаттуулук боюнча www.finsabat.kg сайтында жайгаштырылат.

Иш-чаралардын толук тизмеси шилтеме боюнча жеткиликтүү.

 

Эл аралык кызматташуу боюнча шпаркассалар

фондунун Борбордук Азия боюнча аймактык координатору

Аня Хойер айымдын куттуктоо сөзү

Урматтуу айымдар жана мырзалар!

Эл аралык кызматташуу боюнча шпаркассалар фондунун өкүлү катары сиздерди Бүткүл дүйнөлүк жыйым топтоо күнү менен куттуктап жаткандыгыма абдан кубанычтамын.

Бүткүл дүйнөлүк жыйым топтоо күнүн белгилөө идеясы  мындан жүз жылдай мурун пайда болуп, учурда  дүйнө жүзүндөгү  эң мыкты салттардын бирине айланды. Бул майрам Кыргызстанда алтынчы ирет белгиленип жатат.

Немис тилинде байыртадан келе жаткан накыл сөз бар, анын маанисин түзмө-түз которсок "алдын ала үнөмдөөнү үйрөн, ошондо келечекте сенде каржылык түйшүктөр болбойт" дегенди билдирет. Аманаттардын жогорку үлүшү каржылык көз карандысыздыкка жана гүлдөп-өнүгүүгө негиз түзүп, инвестицияларды илгерилетет жана өлкөнүн мындан аркы экономикалык өнүгүүсүнө түрткү берет.

Кыргызстандыктар аманат топтоого даяр жана банк тутумуна ишеним артышат. Муну өткөн жылы Эл аралык кызматташуу боюнча шпаркассалар фондунун Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен биргеликте өткөргөн үй чарбаларынын сурамжылоосу көрсөттү. Үй чарбалар эң коопсуз үнөмдөө түрлөрү катары банкка аманат салуу жана мал сатып алуу деп  эсептешет. Бирок, ага карабастан көпчүлүк адамдар акчаларын үйдө сактап келишет. Банктар учурдагы жеткиликтүү өнүмдөр жана алардын сиздин максаттарыңызды ишке ашыруучу артыкчылыктары менен кенен тааныштыруу үчүн мындан дагы жигердүү иш алып барууну улантышат.

Албетте, жашоодогу эң маанилүү баалуулуктар – булар материалдык эмес нерселер: ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт жана бейпил жашоо. Аларга каржылык түйшүктөрсүз жеңилиреек жетүүгө болот. Мен бардыгыңыздарга бакубаттыкты жана гүлдөп өнүгүүнү каалайм.  Ырахаттануу менен үнөмдөө жасап, өз максаттарыңызды жана каалоолоруңузду ишке ашырыңыз!

Аня Хойер

Эл аралык кызматташуу боюнча шпаркассалар фондунун Борбордук Азия боюнча аймактык координатору.

Эл аралык кызматташуу боюнча шпаркассалар фонду, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен биргеликте, банктарга өз кызматтарын эл аралык стандарттарга ылайык жакшыртууга көмөктөшөт. Бул Германия Федеративдик Республикасынын Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү министрлиги тарабынан каржыланган долбоордун алкагында ишке ашырылууда.

← Макалалардын тизмесине

Төмөнкүлөрдү да окуңүз

Инвестициялар бай болууга кандайча көмөк берет?

Инвестициялар бай болууга кандайча көмөк берет?

QR-код аркылуу төлөмдөрдү жүргүзүү.

QR-код аркылуу төлөмдөрдү жүргүзүү.

Акча алиппеси. 5-бөлүк

Акча алиппеси. 5-бөлүк

Каражатты баалуу металл түрүндө кантип сактоого болот?

Каражатты баалуу металл түрүндө кантип сактоого болот?