Үй бүлө бюджети
Үй бүлө бюджети
Топтолгон жыйым
Топтолгон жыйым
Кредиттер жана карыздар
Кредиттер жана карыздар
Керектөөчүлөр (пайдалануучулар) укугун коргоо
Керектөөчүлөр (пайдалануучулар) укугун коргоо
Финансы жөнүндө
Финансы жөнүндө
Инвестициялоо
Инвестициялоо
Финансылык коопсуздук жана камсыздандыруу
Финансылык коопсуздук жана камсыздандыруу
Салыктар жана чегерүүлөр
Салыктар жана чегерүүлөр
Жаңылыктар
Жаңылыктар

Кыргызстанда акча каражатын кайсыл багытка инвестициялоо пайдалуу?

Инвестициялоо 2019 Жалган куран айынын 01 жарыяланды
Кыргызстанда акча каражатын кайсыл багытка инвестициялоо пайдалуу?

Бош турган акча каражаты кошумча киреше алып келиши үчүн аларды жакшылап ойлонуп туруп инвестициялоо зарыл. Бул бир караганда кыйла татаал жана аткарылышы алда канча кыйынчылык жараткан процесстей көрүнгөнү менен иш жүзүндө эки маселени так белгилеп, чечип алуу зарыл. Эң башкысы мында колдо болгон акчаны бир чөйрөгө салбаш керек, экинчиси инвестициялоо инструменттерин айрымлап алуу талап кылынат.

Инвестициялоонун акциялар, облигациялар, мамлекеттик баалуу кагаздар, депозиттер, инвестициялык фондулардын пайлары, кыймылсыз мүлк жана алтын сыяктуу  бир нече инструменти (жолу) бар.  Төмөндө алардын ар бири боюнча кылдат маалыматтар сунушаталат.

Акциялар

Акция – бул, акционердик коомдор тарабынан чыгарылган үлүштүк баалуу кагаздар. Акция сатып алуу менчик ээсинен, тактап айтканда компаниянын ээсинин биринен болуп калууга шарт түзөт. Демек, акционердин кирешеси компаниянын рынокто канчалык ийгиликтүү иштөөсүнө жараша аныкталат.

Акциялар эки түргө – жөнөкөй жана артыкчылыктуу акцияга бөлүнөт. Жөнөкөй акция жыйындарда добуш берүүгө жана компаниянын алган пайдасына жараша дивиденд алууга укукту ыйгарат. Ал эми артыкчылыктуу акция акционерлердин добуш берүүсүнө катышууга уруксат бербегени менен компания пайдага ээ болгонбу же жокпу ага карабастан, катталган суммада дивиденд алууга укук чегерет. Компания жоюлуп кеткен шартта да артыкчылыктуу акция ээлери башкаларга караганда мүлктөн үлүш алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.

Эгерде акционердик коом пайдага ээ болсо, анын кеминде бир бөлүгү дивиденд түрүндө акционерлерге төлөнүп берилүүгө тийиш.  Дивиденд өлчөмү компаниядагы үлүшкө пропорционалдуу аныкталат, мисалы компаниянын бүтүндөй акцияларынын 10% ээ болгондорго, төлөнгөн дивиденддер суммасынан 10% төлөнүп берилет. Акционерлер компаниянын бизнесинин токтоп калышы тобокелдигине да кабылышы ыктымалдыгын эстен чыгарбоо зарыл.

Жөнөкөй акциялардын ээси болуу менен компанияны башкарууга катышып, дивиденд алып, компания жоюлуп кеткен шартта да анын мүлкүнүн  бир бөлүгүнө ээ болуп, баалуу кагаздарды өз алдыңарча тескөөгө мүмкүнчүлүк алууга болот.

Акция сатып алуу эки түрдөгү кирешени камсыздайт. Биринчиден, аларды арзаныраак сатып алып, кымбат сатууга болот. Мисалы, “Манас” аэропортунун акциялары 2010-жылы 24 сом турган болсо, 2017-жылы алардын наркы 105 сомго жеткен. Ошентип, аларды сатуудан улам ар бир акциядан 81 сомдон курстук кирешеге ээ болуу жагадйы түзүлгөн.

Эгерде сатып алуу-сатуу менен алектенүүгө мүмкүнчүлүгүңүз жок болсо, дивиденддердин эсебинен кошумча каражат табууга болот. Мисалы, 2018-жылы “Манас” эл аралык аэропорту” ААКсы дивиденддерди төлөөгө 830 млн 490 миң сом сарптаган жана анын акционерлери бир акциядан 29,9 сом өлчөмүндө дивидендке ээ болгон.

Албетте, бул жерде акцияга салынган каражаттан дароо киреше алууга мүмкүн эместигин да баса белгилеп кетүү зарыл. Акцияларга инвестициялар капиталга узак мөөнөтүү салым болуп саналат. Ошондуктан, алардан пайданы 2-3-жылдан кийин гана күтүүгө болот. Акцияга инвестицяи  жумшоо менен баалуу кагаздардын наркы өсүп тургандай эле, төмөндөп кетиши ыктымалдыгын да эстен чыгарбоо керек. Ушундан улам да акциялар жогорку тобокелдикти камтыган салымга кирет.

Облигациялар

Облигация – бул, карыздык баалуу кагаз. Облигацияны сатып алууну эмитентке (облигация чыгарган компания) белгилүү бир мөөнөткө, аныкталган пайыз алдында карызга акча берүү катары түшүнүү зарыл. Облигациялар эрежедегидей эле, 2-3,5 жылга чыгарылат жана белгиленген мөөнөттүн акырында компания салынган акча каражатынын суммасын кайтарып берүүгө тийиш.

Рынокто учурда бир облигациянын наркы 1 миң сомду түзөт. Корпоративдик облигацияларды акционердик коомдор жана жоопкерчилиги чектелген коомдор жайгаштыра алат.

Облигация ээлери аларды чыгарган компанияны башкарууга катыша албайт. Бирок облигациянын ээси болуунун өзүнчө бир пайдалуу жагы бар. Акция ээлеринен айрымаланып, облигацияга ээ болгондор компания пайда алууга жетишкенби же жокпу, ага карабастан тапкан пайдасын өзү алат. Инвестор кайсыл болбосун убакытта экинчилик рыногунда баалуу кагаздары сатуу аркылуу салынган акча каражатын кайтарап бериши да баалуу кагаздын бул түрүнүн артыкчылыгынан болуп саналат. Мында пайыздык киреше да сакталып калат. Көпчүлүк учурда баалуу кагаз эмитенти ликвиддүүлүктү колдоого алуу максатында өз баалуу кагазын сатып алышы мүмкүн.

Эгерде баалуу кагаздар Кыргыз Фондулук биржасында Blue Chips (эң жогоркудан кийинки категория) листингден өткөн шартта инвесторлор киреше салыгын төлөөдөн бошотулат.

Мамлекеттик баалуу кагаздар

Мамлекеттки баалуу кагаздар эң эле ишенимдүү баалуу кагаздан болуп саналгандыктан, аларга каражат инвестициялоо эч кандай тобокелдик менен коштолбойт. Мунун түшүндүрмөсү эң эле жөнөкөй. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги мамлекеттин атынан ушул баалуу кагаздар боюнча төлөөлөрдү гарантиялайт. Ар бир жылы Кыргызстандын бюджетине ички карыздын ордун жабууга б.а. мамлекеттик баалуу кагаздар боюнча төлөөлөргө акча каражатын караштырат.

Мамлекеттик казына вектелдери (МКВ), мамлекеттик казынга облигациялары (МКО) жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ноталары эң эле кеңири колдонулган баалуу кагаздардан болуп саналат.

Ноталар – бул, Улуттук банк тарабынан чыгарылган 10 миң сом номиналдык наркындагы мамлекеттик кыска мөөнөттүү баалуу кагаздар. Ноталар 7, 14, 28, 91 жана182 күнгө жайгаштырылат жана алар боюнча максималдуу кирешелүүлүк 4-5 пайызга жетет.

МКВ – өкмөттүн 100 сом номиналындагы мамлекеттик кыска мөөнөтүү баалуу кагаздары. МКВ 3, 6 жана 12 ай мөөнөтүнө чыгарылат. МКВ боюнча орточо жылдык кирешелүүлүк 6,5 пайызга жетет.

МКО – өкмөттүн пайыздык киреше алып келген, бир жылдан ашуун убакыт жүгүртүүдө болуучу узак мөөнөттүү мамлекеттик (купондук) баалуу кагаздары. Бир МКОнун номиналдык наркы аларды чыгаруу учурунда аныкталат. Мамлекеттик баалуу кагаздардын бул түрү документсиз жана документте чагылдырылган формаларда чыгарылат. Мамлекеттки казына облигацияларынын кирешелүүлүгү 15 пайызга чейин жетиши мүмкүн.

Бул баалуу кагаздар Улуттук банк тарабынан өткөрүлгөн аукциондордо жума сайын жайгаштырылат. Кайсы болбосун юридикалык жактар жана жеке адамдар аларды сатып алууга мүмкүнчүлүгү бар. Бул үчүн коммерциялык банкта эсеп ачып, ага акча каражаттарын чегерүү менен ошол банк аркылуу аукционго катышууга билдире берүү талап кылынат. Жеке адамдар жана юридикалык жактар бул баалуу кагазды аукционго катышпастан туруп, түздөн-түз сатып алууга мүмкүн эмес. Мындан тышкары мамлекеттик казына облигацияларын Кыргызстандын фондулук рыногунда брокердик компаниялар аркылуу да сатып алууга болот.

Коммерциялык банктардын депозиттери

Депозит – бул, банктын төлөөгө жөндөмдүүлүк, мөөнөтүндө төлөө жана убагында кайтарып берүү шарттарында ишканалардан жана жарандардан акча каражаттарын тартуусу. Банк тартылган акча каражаттарын пайдалангандыгы үчүн пайыздарды төлөп берет. Банктык аманаттар Кыргызстанда бош турган капиталды инвестициялоонун эң эле жөнөкөй жана кеңири колдонулган ыкмасынан болуп саналат.

Депозит ачуу үчүн түшүүсү болжолдонуп жактан кирешелерди жана чыгашаларды пландаштырып алуу талап кылынат. Анткени банктык депозиттен мөөнөтүнөн мурда акча алган шартта пайыздарды жоготуп алуу ыктымалдыгы келип чыгат. Киреше өлчөмү депозит мөөнөтүнө жана анын пайыздык ченине жараша аныкталат. Мөөнөтү канчалык узагыраак жана суммасы канчалык көбүрөөк болсо, депозит боюнча пайыздык чен да ошондолук жогору болот.

Банкта баштапкы инвестициялык капиталды топтоо үчүн да эсеп ачуу мүмкүнчүлүгү жөнгө салынган. Мисалы, ай сайын топтолмо депозитке 3-4 миң сом салып коюу менен эсепте топтолгон акча 10-15 миң  сомго жеткенде аларды башка финансылык инструменттерге инвестициялоого болот.

Кыргызстанда депозиттик аманаттар Депозиттерди коргоо агенттиги тарабынан коргоого алынган. Гарантиялык учур келип жеткен шартта агенттик тарабынан 200 миң сомго чейин төлөп берүү шарты караштырылган.

Инвестициялык фондулардын пайлары

Пайлык инвестициялык фонду (ПИФ) – бул, жамааттык инвестициялоо формасы. Пай салуучулардын каражаттарына инвестицияланган активдер жалпы менчикте турат, ал эми инвесторлорго ошол чогуу алгандагы капиталдан айрым бир үлүш гана таандык болот жана ошол үлүш пай деп аталат. Пайлык инвестициялык фондулардын максаты — активдерди фондго чогултуу менен алынган пайданы инвесторлор (пайшиктер) ортосунда пайдын санына жараша пропорционалдуу негизде бөлүштүрүү болуп саналат.

Инвестициялоочу адамдын кесиптик иш ыкмаларын өздөштүрүүсү же бул багытта  атайы билим деңгээлинин болушунун талап кылынбашы инвестицялоонун бул түрүнүн өтүмдүүлүгүнүн тастыктамасынан болуп саналат. Болгону мында ишенимдүү компанияны гана тандоо маанилүү. Мындан тышкары  башкаруучу компания көптөгөн инвесторлордун акча каражатын өз колуна топтоо менен олуттуу капиталды жеке инвестор ага оңою менен аралаша албаган экономиканын иши арымдуу илгерилеген тармагына салышы мүмкүн.

Демек, Пайлык инвестициялык фондунун иш схемасы – инвесторлор ага акча каражаттарын салат, ал эми башкаруучу компания аларды ар кандай финансылык инструменттерге жайгаштырууда көрүнөт. Салынган акча каражатынан киреше алуу менен башкаруучу компания кошкон үлүшүнө жараша аларды инвесторл арасында бөлүштүрүп берет. Албетте мындан активдерди тескөөгө алгандыгы үчүн башкаруучу компания да тиешелүү пайыздарга ээ болот.

Кыймылсыз мүлк

Кыймылсыз мүлккө инвестициялоокапиталды эки жол менен көбөйтүп алууга өбөлгө түзөт: нарк ортосунда айрымадан б.а. арзан алып, кымбатка сатуудан же болбосо ижарага берүүдөн улам, мезгил-мезгили менен акча каражатынын туруктуу агымына ээ болуу.

Кыймылсыз мүлккө инвестиция капилга салымдын эң эле натыйжалуу түрү деген ой-пикирлер орун алып клет, бирок иш жүзүндө андай эмес. Инвестициялоонун бул түрү менен алектенүү үчүн алгач олуттуу өлчөмдөгү баштапкы капиталдын болушу кыймылсыз мүлккө салымдын негизги өзгөчөлүгүнөн болуп саналат.

Зарылчылык келип чыккан шартта колдо болгон кыймылсыз мүлктү дароо сатып  жиберүүгө мүмкүнчүлүктүн жоктугу инвестициялоонун бул түрүнүн дагы бир кемчилигинен. Капиталдык салымдын таасирдүү түрүнөн болгон кыймылсыз мүлккө инветиция рынокто түптөлгөн жагдайга талдап-иликтөөнү жүргүзүүнү жана колдонуудагы мыйзамдар менен кылдат таанышып чыгууну талап кылат.

Алтын

Өлчөнгөн алтын куймалар – бул, Кыргызстанда инвестициялоонун жөнгө салынган жаңы түрүнөн болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2015-жылдын 7- майынан тартып кайтара сатып алуу шартында өлчөнгөн алтын куймаларды сатып өткөрүүнү баштаган. Мындай шарттын каралышы инвестициялоонун бул түрүнүн ишенимдүүлүгүнүн  артыкчылыктуу кепилдиги болуп санлат.

Албетте, алтын куймалар өзгөчө этият мамилени талап кылаарын да унутпоо зарыл. Анткени өлчөнгөн куймалар эң жогорку сапат белгисиндеги (999,9) металлдан жасалган. Куйманын кетилип же чийилип калышы кайтара сатууда төмөн баада металл сыныгы катары кабыл алынышына алып келет.

Бирок Улуттук банк бул жагдайды да эске алып, алтын кймаларды ар кандай тышкы таасирлерден ишенимдүү коргоо чараларын караштырган. Атап айтканда 100 грамм салмагындагы алтын куймалар сертификаты менен кошо, атайы жасалган кутучада, ал эми салмагы 1, 2, 5, 10 жана 31,1035 граммдык куймалар бир эле учурда алардын сертификаты болуп саналган оңой менен айрылып, тытылбаган бышык баштыкчаларга салынган. Мына ошол баштыкчалардын бүтүндүгү алтын куймалардын аныктыгын тастыктоо менен катар эле, сатып алууда дароо эсептешүүнү камсыз кылат.

Мындан тышкары ээси көрсөтүлбөгөн металл эсептери да алтын куймаларга альтернативалуу инвестициялоонун түрүнөн болуп саналат. Салым суммасы  куйма өлчөмүнө бөлүнүүгө тийиш болгон, өзгөчө камкордукту талап кылган куймалардан айрымаланып, металл эсептери сактоого алынышы боюнча эч кандай көйгөй жаратпаган, салым суммасы боюнча да чектөөлөр белгиленбеген ыңгайлуу инструмент. Кызмат көрсөтүүнүн мына ушундай ыңгайлуу түрүн сунуштаган банктардын бирине металл эсебин ачуу үчүн белгиленген минималдуу суммадан ашкан өлчөмдөгү каражатты салган болсоңор, ал сумма ошол күндөгү алтын курсу боюнча ээси көрсөтүлбөгөн алтынга айландырылат. Башкача айтканда, баалуу металлдын өзү колуңарга тийбегени менен  алтындын реалдуу курсуна ылайык эсептелинген виртуалдуу алтын саны банкта ачылган эсепте чагылдырылат. Ал эми эсептен акча алуу учурунда ошол күнгө карата курс боюнча виртуалдуу алтын саны эсептелинип берилет. Бул багытта топтолгон тажрыйба тастыктагандай эле, алтынга баа өтө жай, бирок жогорулоо жагына ыктоо менен өсүшкө ээ болот.

Инвесторлор эң оболу, алтынга акча жумшоо узак мөөнөткө инвестициялоо экендигин эстен чыгарбоого тийиш.

Играть
Пауза
Алтын куймалар (Улуттук банк билдирет, 09.05.2017)
Баалуу кагаздар
Баалуу кагаздар
Узактыгы: 09:52
← Макалалардын тизмесине

Төмөнкүлөрдү да окуңүз

Кооперативдин финансылык пирамидага тиешеси жоктугун кантип билсе болот? – Улуттук банктын кеңеши

Кооперативдин финансылык пирамидага тиешеси жоктугун кантип билсе болот? – Улуттук банктын кеңеши

Акча каражатын сактоонун кандай эрежелери бар?

Акча каражатын сактоонун кандай эрежелери бар?

Финансы пирамидалары. Алдамчылардын торуна илинбеш үчүн эмне кылыш керек

Финансы пирамидалары. Алдамчылардын торуна илинбеш үчүн эмне кылыш керек

Акча алиппеси. 4-бөлүк

Акча алиппеси. 4-бөлүк