Үй бүлө бюджети
Үй бүлө бюджети
Топтолгон жыйым
Топтолгон жыйым
Кредиттер жана карыздар
Кредиттер жана карыздар
Керектөөчүлөр (пайдалануучулар) укугун коргоо
Керектөөчүлөр (пайдалануучулар) укугун коргоо
Финансы жөнүндө
Финансы жөнүндө
Инвестициялоо
Инвестициялоо
Финансылык коопсуздук жана камсыздандыруу
Финансылык коопсуздук жана камсыздандыруу
Салыктар жана чегерүүлөр
Салыктар жана чегерүүлөр
Жаңылыктар
Жаңылыктар

Баалуу кагаздарга инвестициялоо

Инвестициялоо 2019 Жалган куран айынын 01 жарыяланды
Баалуу кагаздарга инвестициялоо

Инвестициялоонун бир инструменти – баалуу кагаздар. Өзүнүн топтогон каражаттарын ушул чөйрөгө биринчи жолу жумшоону чечкен адамдар үчүн, баалуу кагаздарды кантип туура сатып алуу керек жана эмнелерге көңүл бөлүү зарыл деген бир нече кеңештер бар.

Баалуу кагаздарды (акциялар, облигациялар, кыска мөөнөттүү мамлекеттик облигациялар) брокер компаниясы аркылуу сатып алууга жана сатууга болот. Ал үчүн кардар брокер менен келишим түзүшү керек. Бул документте баалуу кагаздардын аталыштары, алардын саны менен наркы көрсөтүлөт. Эгерде кардарды кызыктырган баалуу кагаздардын пакети бар болсо, брокер пакеттин наркы төлөнөрү менен бүтүм боюнча иш алып барат же фондулук биржага билдирме жөнөтөт. Билдирменин аткарылышы келишимде көрсөтүлгөн көрсөткүчтөргө (баасы, саны) жана рынокто ошол баалуу кагаздарга сунуштун бар болушуна жараша болот.

Келишим аткарылгандан кийин же анын мөөнөтү аяктагандан кийин брокер бүтүмдүн аткарылгандыгы же аткарылбагандыгы жөнүндө кардарга отчёт берет. Баалуу кагаздарды сатуу жана сатып алуу боюнча жүргүзүлгөн ар бир бүтүмдөрдөн кардар, брокер компаниясынын тарифтери менен аныкталган, комиссиялык төлөмдүн белгилүү өлчөмүн төлөйт.  

Инвестор үчүн баалуу кагаздарды, мисалы, биринчи жолку рынокто облигацияларды сатып алуу пайдалуу, себеби мында инвестор кошумча чыгым тартпайт.

Мурда сатылып алынган баалуу кагаздарды кайра сатуу жүрүп жаткан экинчи жолку рынокто  инвестор брокерге комиссия төлөйт. Бирок, инвестор экинчи жолку рынокто  «арзан сатып алуу – кымбат сатуу» принциби боюнча баалардын ортосундагы айырмадан пайда да алышы мүмкүн. Ошондой эле, облигацияларды жүгүртүү мөөнөтүнүн ортосунда сатып алып, муну менен акчаларыңызды салуу мөөнөтүн кыскартсаңыз болот.

Баалуу кагаздарды сатып алууда компаниянын финансылык отчётуна  көңүл бөлүү керек. Ушул көрсөткүч компаниянын абалын мүнөздөйт. Инвестор өздүк капиталдын жана карызга алынган капиталдын өлчөмүнө, ошондой эле акыркы үч мезгил ичиндеги  компаниянын тапкан пайдасына көңүл бөлүүсү зарыл.

Мындан тышкары, коштолгон документтерди – ачык сунуштун шарттарын жана баалуу кагаздар боюнча атайын дайындалган маалыматтарды кылдат изилдеп чыгуу керек. Ал документтерде инвестордун укуктары менен эмитенттердин милдеттери жазылат. 

Ошондой эле, албетте, баалуу кагаздарды сатып алуу жана сатуу келишимдерин кылдап окуп чыгып, сиздин маалыматтар туура киргизилгендигин текшерүү жана  келишимдин бардык пунктулары менен таанышып чыгуу зарыл.

Баалуу кагаздар
Баалуу кагаздар
Узактыгы: 09:52
← Макалалардын тизмесине

Төмөнкүлөрдү да окуңүз

Улуттук банк сак болууга чакырат! 

Улуттук банк сак болууга чакырат! 

Улуттук банк финансы-кредиттик уюмдарга (мындан ары - банктарга ) карыз алуучулар үчүн кредиттик төлөмдөр боюнча кредиттин негизги суммасын сыяктуу эле, чегерилген пайыздарды да төлөө мөөнөтүн кеминде 3 (үч) айга өз-өзүнчө же чогуу жылдырууну сунуштаган

Улуттук банк финансы-кредиттик уюмдарга (мындан ары - банктарга ) карыз алуучулар үчүн кредиттик төлөмдөр боюнча кредиттин негизги суммасын сыяктуу эле, чегерилген пайыздарды да төлөө мөөнөтүн кеминде 3 (үч) айга өз-өзүнчө же чогуу жылдырууну сунуштаган

Үй-бүлө бюджети

Үй-бүлө бюджети

2020-Дүйнөлүк каражат топтоо күнү башталышы жарыяланды

2020-Дүйнөлүк каражат топтоо күнү башталышы жарыяланды