Үй бүлө бюджети
Үй бүлө бюджети
Топтолгон жыйым
Топтолгон жыйым
Кредиттер жана карыздар
Кредиттер жана карыздар
Керектөөчүлөр (пайдалануучулар) укугун коргоо
Керектөөчүлөр (пайдалануучулар) укугун коргоо
Финансы жөнүндө
Финансы жөнүндө
Инвестициялоо
Инвестициялоо
Финансылык коопсуздук жана камсыздандыруу
Финансылык коопсуздук жана камсыздандыруу
Салыктар жана чегерүүлөр
Салыктар жана чегерүүлөр
Жаңылыктар
Жаңылыктар
Видео
Видео
Сүрөттөр
Сүрөттөр
Аудио
Аудио
Макалалар
Макалалар

Үй- бүлөдө акча үчүн урушууну кантип токтотуу керек?

2020 Аяк оона айынын 24 жарыяланды
Источник - kyrgyzmedia.kg
Үй- бүлөдө акча үчүн урушууну кантип токтотуу керек?

Үй бүлөдөгү майда чыр-чатактар убагында чечилбесе, чоң көйгөйгө айланаары бышык. Түгөйлөр ортосундагы уруш – талаштын төркүнү көпчүлүк учурда акчага барып такалат. Акча үчүн урушпай, мамилени кантип сактаса болот?

1. Үй бүлөдө акча үчүн түшүнбөстүк эмнеден жаралат?

Үй бүлө мүчөлөрү акчага байланыштуу мамилелерин алгач аныктап, түшүнүү керек. Анткени, акчага карата көз-караштардын дал келбестиги үйдөгү аба ырайын бузат. Түгөйлөрдү каржы чыр-чатагына алып келген көйгөйлөрдүн да түрлөрү бар. Алардын ичинен эң коркунучтуусу — баалуулуктардын кагылышы. Тактап айтканда, жубайлардын бири акча топтоону, экинчиси сарптоону жактырган жерде коркунуч жаралат. Дагы бир түрү – жубайлардын бири карызга алып жашаса болот десе, экинчиси бул ойду четке кагат. Мындай учурда үй бүлөдөгү болоор болбос күйгөйлөрдө да бир пикирге келүү кыйын болуп калат. Анткени, эки адамдын эки башка максаты жана планы болот.

Акчага болгон мамилеңизди билиңиз. Капчыгыңыздагы акчаны канчалык туура колдоносуз?

2. Киреше жана чыгашалар: акча үчүн жаңжалдан кантип арылса болот?

Үй-бүлөнүн кирешеси менен чыгашасынын ирээтке келтире турган бир дагы үлгү жок. Анткени, ар бир адамдын каалоосу, максаты, жашоосу ар башкача. Мындан улам, кирешелер менен чыгашалар үй бүлө мүчөлөрүнүн жашоо образына жараша пландалат. Ал эми акчадан улам пайда болгон уруш-талашты үй бүлөлүк бюджет планына жараша чечүүсү керек. Ага ылайык үй бүлөлүк бюджетти башкаруунун биргелешкен эрежелерин макулдашуу маанилүү. Ошондой эле жубайлар ай сайын кирешелер менен чыгашаларды бирге эсептегени дурус. Эгерде, талкуулоодо эмоциялар басымдуулук кылып, бир пикирге келүү жолу жоктой сезилсе, сүйлөшүүлөргө объективдүүлүк үчүн ишенимдүү үчүнчү адамды кошсо болот.

Үй бүлөлүк каржы планын тузүү тууралуу бул макаланы окуңуз.

Үй-бүлөңүздүн тапкан кирешеси жугумдуубу?

Жеке каржы планды кантип түзүү керек?

3. Үй бүлө курганга чейин жаштар акча тууралуу сүйлөшүүсү керекпи?

Ооба. Үй бүлөлүк бюджет тууралуу түгөйлөр турмуш курганга чейин да талкуулап, бир пикирге келип алганы дурус. Каржы жаатында бири-бирин түшүнүү, келечек пландары жөнүндө сүйлөшүү зарыл. Ал эми жаңы үй бүлө курулган соң, кирешелер менен чыгашаларды ай сайын пландаштыруу үй-бүлөнү чыңдап, өнүгүүгө алып келет.

4. Үй-бүлөлүк бюджетти башкарууда жубайлар кандай катачылыктарды кетирет?

Дээрлик көпчүлүк үй бүлөлөлр каржы тууралуу сүйлөшүшпөйт. Мындай жагдай жубайлардын бири гана иштеген үй бүлөдө көбүрөөк кездешет. Каржы маселелерин ыңгайсыз, орунсуз, кызыксыз, керексиз деп талкуулабай койгон туура эмес.
Түгөйлөр:
• сиз келечекте умтулган жашоо жана бул үчүн эмне керек;
• үй-бүлөлүк бюджет жана чыгымдардын артыкчылыктары;
• учурдагы абалга жараша финансылык чечимдерди кандай кабыл алуу керек?
Мисалы: Насыя алуу керекпи? Ломбард алган туура болобу? Карыздан кантип кутулуу керек? Ашыкча каражатты депозитке салуу ыңгайлуубу? Бул суроолорго жоопторду бирге кеңешип чечиши керек.
Бирок, үй бүлөлүк бюджет планына карабай бири акча сарптоону, экинчиси топтоонун аракетинде болсо уруш – талаш улана бериши ыктымал.

Бала үчүн депозиттин пайдасы көп

5. Каржы жаатында келечекке план түзүү керекпи?

Керек. Так максаттарды түшүнбөй туруп, каржылык максаттарга жетүү үчүн мыкты жолду түзүү мүмкүн эмес. Мындан улам, айлык, жылдык пландарды түзүү манилүү. Эгерде адамда максаттарга жетүү жолдору жөнүндө түшүнүк жок болсо, ал адам көпчүлүк учурда ошол ордунда калат. Кээ бир адамдардан баарына жардам берүүгө жана кимдир бирөөнү кыйынчылыктан куткарууга болгон аракетти көрүүгө болот. Бирок, албетте өзүңүздүн телегейиңиз тегиз болгон учурда. Мойнунда 5 жылдык насыя туруп, колуна жаңы гана алган айлыгын карызга берген адамдар арабызда жок эмес. Мындай аракеттердин жыйынтыгында, адам келечек үчүн тынчсызданууну жана аткарылбаган пландар үчүн өзүн же кимдир бирөөнү күнөөлөп баштайт. Бул дагы үй бүлөдө акча үчүн пайда болгон уруштун башкы себептеринин бири.

6. Жубайлардын киреше деңгээлдери бирдей эмес. Үй-бүлөлүк мамилени кантип сактоого болот?

Жубайлардын киреше деңгээлдери бири-биринен айырмаланса жана бул нерсеге алар чыр чыгарбаса, демек “баары ойдогудай” деп кабылдоо зарыл. Анткени, бардык кесиптеги адамдар бирдей айлык алышпайт. Бирок, аз айлык алса да өз кесибин жакшы көрүп иш алып барат. Бирок, тилекке каршы “менден азыраак таптың”, “көбүрөөк короттуң” деген пикирлер болсо, мамилеге олуттуу коркунуч туудурат. Мындан тышкары, «эркек үй-бүлөдө багуучу болушу керек”, ал эми “аял күйөөсүнөн көп акча таппашы керек» деген стереотиптик көз караштар болсо, анда чыр-чатактан арылуу үчүн мамиле жана дүйнө тааным менен иштөө керек.

 

← Макалалардын тизмесине