Үй бүлө бюджети
Үй бүлө бюджети
Топтолгон жыйым
Топтолгон жыйым
Кредиттер жана карыздар
Кредиттер жана карыздар
Керектөөчүлөр (пайдалануучулар) укугун коргоо
Керектөөчүлөр (пайдалануучулар) укугун коргоо
Финансы жөнүндө
Финансы жөнүндө
Инвестициялоо
Инвестициялоо
Финансылык коопсуздук жана камсыздандыруу
Финансылык коопсуздук жана камсыздандыруу
Салыктар жана чегерүүлөр
Салыктар жана чегерүүлөр
Жаңылыктар
Жаңылыктар

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси ортосунда кызматташтыктын алкагында финансылык сабаттуулук боюнча семинарлар аяктады.

2022 Аяк оона айынын 21 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси ортосунда кызматташтыктын алкагында финансылык сабаттуулук боюнча семинарлар аяктады.

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси ортосунда кызматташтыктын алкагында 2022-жылдын 25-июлунан 15-сентябры аралыгында өлкөнүн бардык аймактарында финансылык сабаттуулук боюнча эки күндүк семинар өткөрүлдү. Катышуучулардын жалпы саны 900гө жакын адамды түздү. Жалпысынан 42 семинар финансылык сабаттуулук боюнча атайын даярдалган квалификациялуу тренерлер тарабынан өткөрүлдү.

Иш-чаралар үч этапта өттү:

Биринчи этапта (12-марттан 26-март аралыгында) онлайн-окутуу жана фасилитациялоо боюнча тренинг уюштурулуп, ага финансылык сабаттуулук боюнча алты мастер-тренер катышты. Окутуу аяктагандан кийин жогоруда аталган окутуунун катышуучулары финансылык сабаттуулук боюнча тренерлерге арналган онлайн-курс даярдашты. Кыргыз Республикасынын калкынын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу программасын ишке ашыруу боюнча координациялык кеңеш тарабынан 2020-жылы бекитилген, анын негизи катары чоӊдорго арналган финансылык сабаттуулук боюнча унификацияланган курс алынган.

Экинчи этаптын жүрүшүндө (21-майдан 3-июнь аралыгында) финансылык сабаттуулук боюнча алты мастер-тренер тарабынан финансылык сабаттуулук боюнча тренерлерге тренингдер уюштурулган. Ага тажрыйбалуу окутуучулардын, тренерлердин, финансы-кредит мекемелеринин кызматкерлеринин арасынан 42 катышуучу, ошондой эле Улуттук банктын областтык башкармалыктарынын жети кызматкери катышты. Катышуучулар финансылык сабаттуулук жана тренердик көндүмдөр боюнча билимдерин жаңыртуудан тышкары, финансылык сабаттуулук боюнча тренинг өткөрүүдө онлайн-инструменттерди колдонуунун мүмкүнчүлүктөрү менен тааныша алышты.

25-июлдан 15-сентябрь аралыгында өткөн үчүнчү этаптын алкагында өлкөнүн бардык аймактарында финансылык сабаттуулук боюнча эки күндүк семинарлар өткөрүлдү. 42 семинар болуп, ага катышкандардын жалпы саны 900гө жакын адамды түздү. Семинарлар финансылык сабаттуулук боюнча атайын даярдалган квалификациялуу тренерлер тарабынан өткөрүлдү.

Семинарлардын жүрүшүндө катышуучулар финансылык максаттар жана финансылык план, үй-бүлөлүк бюджет, кредиттер жана депозиттер, ошондой эле финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо сыяктуу темалар боюнча өздөрүнүн финансылык билимдерин кеңейтишти.

Окутуу учурунда эсептөөлөр, кырдаалды талдоо, оюндар, роликтерди жана слайддарды көрсөтүү аркылуу практикалык көнүгүүлөр пайдаланылган интерактивдүү методдор колдонулду.

Бардык семинарлар кыргыз тилинде өткөрүлүп, катышуучуларга сертификаттар берилди.

Тренингдерди өткөрүү графиги Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы менен макулдашылып, калкка маалымдоо үчүн жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жөнөтүлдү.

ЕККУнун финансылык колдоосунун аркасында жогоруда аталган тренингдерди өткөрүүдө материалдык-техникалык камсыздоо маселелери чечилди.

Тренингдер аяктагандан кийин катышуучулардан оң пикирлер билдирилгендигин белгилей кетүү керек.

← Жаңылыктардын тизмесине

Төмөнкүлөрдү да окуңүз

Үй-бүлө бюджети

Үй-бүлө бюджети

Көңүл бургула!!!

Көңүл бургула!!!

Акча алиппеси. 2-бөлүк

Акча алиппеси. 2-бөлүк

Акча алиппеси. 1-Бөлүк.

Акча алиппеси. 1-Бөлүк.