Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде финансылык сабаттуулук боюнча тренинг өткөрүлдү.
Катышуучулар бюджетти пландаштыруу, чыгымдарды туура башкаруу жана каржылык чечимдерди туура кабыл алуу боюнча пайдалуу маалыматтарга ээ болушту. Тренинг интерактивдүү форматта өтүп, практикалык тапшырмалар жана топтук иштер менен коштолду.



