Үй бүлө бюджети
Үй бүлө бюджети
Топтолгон жыйым
Топтолгон жыйым
Кредиттер жана карыздар
Кредиттер жана карыздар
Керектөөчүлөр (пайдалануучулар) укугун коргоо
Керектөөчүлөр (пайдалануучулар) укугун коргоо
Финансы жөнүндө
Финансы жөнүндө
Инвестициялоо
Инвестициялоо
Финансылык коопсуздук жана камсыздандыруу
Финансылык коопсуздук жана камсыздандыруу
Салыктар жана чегерүүлөр
Салыктар жана чегерүүлөр
Жаңылыктар
Жаңылыктар

Банктардын кредит боюнча төлөмдөрдүн мөөнөтүн жылдыруу эрежелери тууралуу Улуттук банк түшүндүрөт

2020 Бугу айынын 29 жарыяланды
Банктардын кредит боюнча төлөмдөрдүн мөөнөтүн жылдыруу эрежелери тууралуу Улуттук банк түшүндүрөт

Улуттук банк коронавирус инфекциясынын жайылып кетишинин экономикага тийгизген терс кесепеттерин жеңилдетүү, ишкер субъектилерге жана калкка колдоо көрсөтүү, ошондой эле өлкөнүн банк жана финансы системасынын туруктуулугун сактоо максатында, 2020-жылдын 18-мартындагы чечиминде финансы-кредиттик уюмдарга (мындан ары - банктарга ) карыз алуучулар үчүн кредиттик төлөмдөр боюнча кредиттин негизги суммасын сыяктуу эле, чегерилген пайыздарды да төлөө мөөнөтүн кеминде 3 (үч) айга өз-өзүнчө же чогуу жылдырууну сунуштаган.
Карыз алуучу COVID-19 вирусунун жайылып кетишине байланыштуу киргизилген чектөөлөрдөн улам кредит төлөөдө кыйынчылыктарга дуушар болгон учурда, жеке адамдарга сыяктуу эле, юридикалык жактарга да берилген кайсы болбосун кредиттин төлөө мөөнөтү жылдырылышы мүмкүн.
Кредиттик төлөмдөрдүн төлөө мөөнөтү карыз алуучунун кредиттик келишим түзгөн банкка берген өтүнүч катынын/кайрылуусунун негизинде жылдырылат.
Банктар, өз кезегинде карыз алуучуларга кредиттерди төлөө мөөнөтүн жылдыруунун төмөнкүдөй варианттарын сунуштай алышат:
1. негизги карызды төлөөнү 3 ай же андан ашык мөөнөткө жылдыруу;
2. негизги карызды сыяктуу эле, пайыздарды төлөөнү да 3 ай же андан ашык мөөнөткө жылдыруу.
Бул варианттардын ар биринде мөөнөтү жылдырылган төлөм (негизги карыз гана же негизги карыз пайыздары менен кошо):
- кредитти төлөөнүн акыркы мөөнөтүнө жылдырылышы мүмкүн, б.а кредит төлөө мөөнөтү узарат. Ошентип, эгерде карыздын негизги суммасы боюнча гана төлөө мөөнөтү жылдырылса, анда карыз алуучу бул мезгил ичинде төлөө мөөнөтү жылдырылган учурдагы негизги сумманын калдыгына чегерилген пайыздарды төлөйт, ал эми төлөө мөөнөтү жылдырылган мезгил аяктаганда негизги карыздын күндөлүк калдыгын белгиленген график боюнча төлөөнү улантат.
Эгерде төлөө мөөнөтү негизги сумма жана пайыздар боюнча чогуу жылдырылса, анда карыз алуучу бул мезгил ичинде эч нерсе төлөбөйт. Мында карыз алуучу төлөө мөөнөтү жылдырылган мезгил аяктагандан кийин негизги карыздын күндөлүк калдыгын белгиленген график боюнча төлөөнү улантат. Төлөө мөөнөтү жылдырылган мезгил ичинде төлөнүүгө тийиш болгон карыздын негизги суммасынын калдыгына чегерилген пайыздар график боюнча мөөнөттөргө бөлүштүрүү менен же графиктеги мөөнөттүн акырында төлөнөт.
- төлөө мөөнөтү жылдырылган сумма кредиттин бир бөлүгүнө же бүтүндөй мөөнөтүнө бирдей бөлүштүрүү менен төлөнөт, мында бул мезгилде кредит боюнча ар айлык төлөмдөр көбөйөт;
- төлөө мөөнөтү жылдырылган мезгилдин акырына жылдырылса, б.а карыз алуучу төлөө мөөнөтү жылдырылган мезгил аяктаганда мөөнөтү жылдырылган төлөм боюнча карызынын ордун жабууга тийиш;
- банк тарабынан мыйзамда каралган башка ыкмалар менен жөнгө салынган.
Банктардын финансылык ортомчу катары негизги функцияларынын бирин эске алуу менен кредит боюнча төлөмдөрдүн мөөнөтүн жылдыруу тууралуу маселе, биринчи кезекте, аманатчылардын талабы боюнча төлөнүп берилүүчү аманттардын жана анын ичинде алар боюнча пайыздардын көлөмүнөн жана аманаттардын мөөнөтүнөн, банктын кредит боюнча мөөнөттөрдү жылдырып берүү боюнча мүмкүнчүлүктөрүнөн көз каранды.

Банк карыз алуучунун төлөө мүмкүнчүлүгүн, ошондой эле анын ишин жана андан тапкан кирешесин калыбына келтирүү үчүн зарыл болгон убакытты эске алуу менен төлөө мөөнөтүн узартуу варианттарынын бирин сунуштай алат.
Мисалы,
1-жагдай.
2019-жылдын 10-январында жеке адам (мындан ары - карыз алуучу) банктан 7 жылдык мөөнөткө ипотекалык кредит алган, б.а кредиттик келишимдин мөөнөтү 2026-жылдын 10-январында бүтөт. Ал эми карыз алуучунун бирден бир киреше булагы болуп, соода борборунда кийим саткан соода түйүнү саналат, ал өлкөдөгү өзгөчө жагдайдан улам жабылып калган.
2020-жылдын 10-апрелинде карыз алуучунун кредити боюнча негизги сумманы жана пайыздарды төлөө мөөнөтү тиешелүү сумманы кредит төлөө мөөнөтүнүн акырында төлөө шарты менен 4 айга жылдырылган жана кредиттик келишимдин мөөнөтү 4 айга узартылган.
Б.а жаңы шарттарга ылайык 2020-жылдын 10-августунан тартып (4 айдан кийин) карыз алуучу негизги сумма жана пайыздар боюнча төлөмдү төлөй баштоого тийиш, ал мурдагы график боюнча төлөнүүчү суммага барабар (аннуитеттик төлөм болсо) болот.
Кредиттин кошумча убактысы, б.а 4 ай ичинде карыз алуучу төлөө мөөнөтү жылдырылган мезгилде төлөбөгөн карыздын негизги суммасынын калдыгын жана пайыздарды кредит мөөнөтүнүн акырында төлөөгө тийиш болот. Кредиттик келишимдин мөөнөтү 2026-жылдын 10-майында бүтөт.

2-жагдай.
2019-жылдын 10-январында жеке адам (мындан ары - карыз алуучу) банктан турак үйүн ремонттоо үчүн 3 жылдык мөөнөткө кредит алган. Карыз алуучу тойканада жумасына 4 күн официант болуп иштечү, мында анын эмгек акысы ар айлык кирешесинин 60%, азык-түлүк дүкөнүндө жумасына 3 жолу сатуучу катары иштеп тапкан маянасы 40 % түзгөн.
COVID-19 пандемиясына байланыштуу тойкана ээси бардык официанттарды эмгек акысы сакталбаган өргүүгө жиберген. Карыз алуучу азык-түлүк дүкөнүндө жумасына 3 жолу сатуучу катары ишин уланта берген.
Банк 2020-жылдын 10-апрелинде карыз алуучунун кредити боюнча карыздын негизги суммасын төлөөнү 3 айлык мөөнөткө жылдырган. Карыз алуучу дүкөндөн иштеп тапкан кирешесинин эсебинен пайыздарды төлөй ала тургандыгын билдирген.
Мында негизги карыздын 3 ай ичиндеги суммасы кредиттин калган мөөнөтүнө бөлүштүрүлгөн, натыйжада 2020-жылдын 10-июлунан тартып карыз алуучунун ар айлык төлөмүнүн суммасы апрель айынан тартып июнь айын кошо алгандагы ар айлык төлөмдөрдүн суммасына көбөйгөн, бирок кредиттин мөөнөтү 3 жыл бойдон калат.
Карыз алуучунун кредиттин ордун жабуу мүмкүнчүлүгүнө жана COVID-19 инфекциясынын жайылышы боюнча чектөөлөргө байланыштуу ар кандай жагдайлар көп болушу мүмкүн, бул мисалдар, эгерде карыз алуучуда акча агымдары (кирешелер) толугу менен жок болсо, 1-жагдайдын мисалында келтирилгендей мындан ары ордун жабуунун өзгөрүлмөлүү шарттары менен кредит боюнча төлөмдүн бардык суммасына төлөө мөөнөтүн жылдыруу мүмкүнчүлүгү бериле тургандыгын көрсөткөн жеңилдетилген варианты гана болуп саналат. Карыздын бөлүгүн төлөөгө мүмкүн болгон кандайдыр бир финансылык булактар болгон учурда, мисалы 2-жагдайдын мисалында келтирилген пайыздарды төлөө мүмкүн болсо, банк негизги карыз боюнча гана мөөнөтүн жылдырышы мүмкүн.

Карыз алуучу төлөмдүн мөөнөтүн өз убагында жана кийинкиге туура калтыруу үчүн төмөнкүлөрдү билүүсү зарыл:

1. Байланыштын кайсы болбосун түрү аркылуу кредит алган банкка кайрылып, төлөмдүн мөөнөтүн жылдыруу же жеткиликтүү болгон, мүмкүнчүлүккө жараша байланыштын аралыкта орнотулган каналдары аркылуу кредиттин ордун жабуу шарттарын өзгөртүү жөнүндө өтүнүчтү берүүсү зарыл.
2. Карыз алуучу кредиттин ордун жаап баштай турган мөөнөткө туура баа берүүсү зарыл, мүмкүнчүлүккө жараша ай сайын, чейрек сайын, ар бир жарым жыл сайын төлөй алган сумманы эсептөөгө тийиш.
3. Кредиттин ордун жабуу маселесин чечүү мүмкүндүгү жөнүндө консультация алуу үчүн банктын өкүлүнө кайрылып, кредиттин ордун жаап баштай турган мөөнөттөр, алар боюнча төлөмдөрдүн мүмкүн болгон суммалары жөнүндө маалыматты сунуштоого тийиш жана карыз алуучу сыяктуу эле, банк үчүн да оптималдуу/алгылыктуу графикти кабыл алуу зарыл.

Кредиттик төлөмдөр боюнча мөөнөттүн, аны менен бирге пайыздардын төлөө мөөнөтү жылдырылгандыгына карабастан, банк график боюнча карыз алуучу келечекте төлөй турган пайыздарды чегерүүнү улантаарын билүү зарыл. Бул банктар бизнестин башка түзүмдөрү сыяктуу эле, ишкердик субъектиси болуп саналгандыктан, алардын ишинин максатынан болуп, кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоодон, биринчи кезекте кредиттөөдөн пайда алуу саналат. Банктын кирешесинен ошондой эле кызматкерлердин эмгек акыларынын сакталышы жана банктын аманатчылары жана башка кредиторлору алдында депозиттер боюнча милдеттенмелердин аткарылышы көз каранды. Мындан тышкары, банктар белгилүү бир пайыздык чен боюнча тартылган кредиторлордун карыздык каражаттарынын эсебинен кредиттерди берет. Карыз алуучулардын кредиттери боюнча пайыздардын токтотулушу жана мындан улам кредиторлор алдында милдеттенмелердин өз убагында аткарылбашы банк тутумуна карата ишенимди жоготууга жана инвестициялардын агылып чыгуусуна алып келиши ыктымал.

Эгерде карыз алуучунун даттануусу болсо, ар бир банкта керектөөчүлөрдүн кайрылууларын кароо боюнча тиешелүү жол-жобо бар экендигин билүү зарыл. Карыз алуучу банктын жооптуу кызматкеринен өтүнүч кат берүү тартиби жөнүндө маалымат ала алат же болбосо банктын расмий сайтынан көрсөтүлгөн маалыматты таба алат.
Мындан тышкары, банктын аткаруу органынын жетекчиси же анын башка ыйгарым укуктуу мүчөлөрү, ошондой эле филиалдардын жетекчилери банктын расмий сайтында жана маалымат такталарында жайгаштырылган графикке ылайык кардарларды жеке кабыл алат.
Талаш маселелер келип чыккан учурда же банк менен жалпы чечимге келүү мүмкүн болбогон учурда карыз алуучу алгач банкка кагаз жүзүндө кайрылуусу зарыл, анткени жарандык-укуктук келишимдерден улам келип чыккан талаш маселелер тараптардын сүйлөшүүлөрү аркылуу чечилет, ал эми тараптар макулдашууга келе албаса анда соттук тартипте карала тургандыгын билүү зарыл.
Кагаз жүзүндө кайрылуу банктын жооптуу кызматкерине берилиши мүмкүн же почта жана байланыштын башка каналдары аркылуу жөнөтүлүп же болбосо “Даттаануулар жана сунуштар китебинде” келтирилиши мүмкүн.
Кайрылууда, карыз алуучунун аты-жөнүнөн, дарегинен, телефон номеринен тышкары, кайрылуунун маңызы көрсөтүлүп, зарылчылыкка жараша карыз алуучунун далилдерин тастыктоочу документтер болушу зарыл.
Банктар ак ниеттүүлүк, ачык-айкындуулук, чындык, карыз алуучуга карата өнөктөштүк, алардын экономикалык кызыкчылыктарын жана финансылык мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу сыяктуу жооптуу кредиттөө принциптеринин сакталышы менен кредиттик ишти жүзөгө ашырууга милдеттүү экендигин билүү зарыл.
Банк тарабынан жогоруда көрсөтүлгөн принциптер бузулган же банктан жооп алынбаган суроолор келип чыккан учурда карыз алуучу Улуттук банкка кайрыла алат. Финансылык кызмат көрсөтүүлөрдүн керектөөчүлөрү үчүн кайрылууларды берүү тартиби жана байланыш маалыматы Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланган.

← Жаңылыктардын тизмесине

Төмөнкүлөрдү да окуңүз

Ипотеканын негизги эрежелери

Ипотеканын негизги эрежелери

Керектөөчүнүн негизги укуктары жана милдеттери

Керектөөчүнүн негизги укуктары жана милдеттери

Кыргызстанда акча каражатын кайсыл багытка инвестициялоо пайдалуу?

Кыргызстанда акча каражатын кайсыл багытка инвестициялоо пайдалуу?

Акча топтоонун эң эле жөнөкөй сегиз эрежеси

Акча топтоонун эң эле жөнөкөй сегиз эрежеси