Бүгүн, 2025-жылдын 21-апрелинде Инновациялык кесиптер институтунун Кесиптик орто билим берүү борборунун 2-курсунун студенттери үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын нумизматикалык музейинде экскурсиялар болуп өттү.
Экскурсиянын жүрүшүндө окуучулар уникалдуу байыркы монеталар, улуттук валюта - кыргыз сомунун калыптанышынын 30 жылдык тарыхы жана Кыргыз Республикасынын нумизматикалык мурасынын башка көптөгөн экспонаттары менен таанышышты.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 66-90-08, 61-24-14 телефон номерлери же mail@nbkr.kg электрондук почтасы аркылуу билдирмелерди алып, дайыма экскурсияларды өткөрүп турат. Кирүү акысыз.
← Жаңылыктардын тизмесине