Улуттук банк 2023-жылдын 29-июнунан 2-июлуна чейинки мезгилде областтардагы жалпы билим берүү мекемелеринин “Адам жана коом”, “Тарых” предметтеринин мугалимдери, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин, Республикалык квалификацияны жогорулатуу институтунун жана Кыргыз билим берүү академиясынын өкүлдөрү үчүн финансылык сабаттуулук боюнча семинар өткөрдү.
Семинар 2018-жылы иштелип чыккан финансылык сабаттуулук боюнча бирдейлештирилген окуу курсуна ылайык өткөрүлдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар үй-бүлөлүк жана жеке бюджет, аманат, карыздык мамилелер, кредиттер жана кредиттик уюмдар менен иштөө жана финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо сыяктуу темалар менен интерактивдүү түрдө таанышышты.
← Жаңылыктардын тизмесинеУлуттук банк финансы-кредиттик уюмдарга (мындан ары - банктарга ) карыз алуучулар үчүн кредиттик төлөмдөр боюнча кредиттин негизги суммасын сыяктуу эле, чегерилген пайыздарды да төлөө мөөнөтүн кеминде 3 (үч) айга өз-өзүнчө же чогуу жылдырууну сунуштаган