Үй бүлө бюджети
Үй бүлө бюджети
Топтолгон жыйым
Топтолгон жыйым
Кредиттер жана карыздар
Кредиттер жана карыздар
Керектөөчүлөр (пайдалануучулар) укугун коргоо
Керектөөчүлөр (пайдалануучулар) укугун коргоо
Финансы жөнүндө
Финансы жөнүндө
Инвестициялоо
Инвестициялоо
Финансылык коопсуздук жана камсыздандыруу
Финансылык коопсуздук жана камсыздандыруу
Салыктар жана чегерүүлөр
Салыктар жана чегерүүлөр
Жаңылыктар
Жаңылыктар

«Кыргызстандагы акча жумалыгы» алкагында сынактардын жеңүүчүлөрүнө белек тапшыруу салтанаты

2019 Чын куран айынын 16 жарыяланды

2019-жылдын 16-апрелинде Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында жайгашкан Жаштар борборунда «Кыргызстандагы акча жумалыгы» (Global Money Week) алкагында өткөрүлгөн балдардын тарткан сүрөттөрү, жазган ой толгоолору жана колго жасалган буюмдары боюнча сынактардын жеңүүчүлөрүнө белек тапшыруу салтанаты болуп өттү. 

Иш-чарада сынактардын уюштуруучулары – Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жана коммерциялык банктардын өкүлдөрү катышты, ошондой эле сынакка катышкан өспүрүмдөр менен жаштар өздөрү болушту.  

Иш-чараны ачып жатып, Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү Алмаз Сыдыков, жаштар менен жаш өспүрүмдөрдүн финансылык сабаттуулук деңгээлин жогорулатуунун маанилүүлүгүн жана «жаштардын финансы жаатында алган билими, түшүнүгү канчалык жогору болсо, алар өздөрүнүн жеке турмушуна эле эмес, жалпы өлкөнүн экономикасынын өнүгүшүнө да өздөрүнүн салымын кошот деген тилек, ишеним бар» – деп баса белгиледи. 

Сынактар 2019-жылдын 1-мартынан 14-апрелине чейин өткөрүлдү. Сынак комиссияларынын кароосуна жаш таланттардын 1 000ден ашуун эмгектери келип түшкөн. Сынактын жыйынтыгы боюнча жеңүүчүлөргө Улуттук банктын, коммерциялык банктардын жана Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин баалуу белектери тапшырылды. 

← Жаңылыктардын тизмесине

Төмөнкүлөрдү да окуңүз

2020-Дүйнөлүк каражат топтоо күнү башталышы жарыяланды

2020-Дүйнөлүк каражат топтоо күнү башталышы жарыяланды

Кирешелер жана чыгымдар күндөлүгү

Кирешелер жана чыгымдар күндөлүгү

Ипотеканын негизги эрежелери

Ипотеканын негизги эрежелери

QR-код аркылуу төлөмдөрдү жүргүзүү.

QR-код аркылуу төлөмдөрдү жүргүзүү.