Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2025-жылдын 8-апрелинде глобалдуу акча жумалыгынын алкагында Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинде финансылык жармаңке өткөрдү, ага Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин, Кыргызстан Банктар Союзунун, Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун, коммерциялык банктардын, микрофинансылык жана башка уюмдардын өкүлдөрү катышты.
Финансылык жармаңкенин жүрүшүндө катышуучуларга – ЖОЖдордун окутуучуларына жана студенттерине, жаштарга, орто мектептердин окуучуларына, Бишкек шаарынын тургундарына жана конокторуна «Финансылык сабаттуулук: бул эмне жана ал эмне үчүн керек?», «Жаштардын каржылык алдамчылыкка аралашуусунун алдын алуу», «Финансылык коопсуздук», «Камсыздандыруу финансылык тобокелдиктерди азайтууга кандайча жардам берет?», «Социалдык шайкештик жана финансылык коопсуздук» деген презентациялар өткөрүлдү.
Финансылык жармаңкеге катышкан коммерциялык банктар жана финансылык уюмдар тарабынан катышуучуларга базалык банктык кызмат көрсөтүүлөр: банктык эсептерди, коммерциялык банктардын төлөм карталарын ачуу боюнча маалыматтар, ошондой эле пайда болгон маселелер боюнча консультациялар берилди.
Мындан тышкары, интерактивдүү оюндар, сынактар жана викториналар өткөрүлдү. Жармаңкенин активдүү катышуучулары, ошондой эле сынактардын жана викториналардын жеңүүчүлөрү атайын сыйлыктар менен сыйланды.
Финансылык жармаңкеге 600гө жакын адам катышты.