Үй бүлө бюджети
Үй бүлө бюджети
Топтолгон жыйым
Топтолгон жыйым
Кредиттер жана карыздар
Кредиттер жана карыздар
Керектөөчүлөр (пайдалануучулар) укугун коргоо
Керектөөчүлөр (пайдалануучулар) укугун коргоо
Финансы жөнүндө
Финансы жөнүндө
Инвестициялоо
Инвестициялоо
Финансылык коопсуздук жана камсыздандыруу
Финансылык коопсуздук жана камсыздандыруу
Салыктар жана чегерүүлөр
Салыктар жана чегерүүлөр
Жаңылыктар
Жаңылыктар

А.Токтоналиев атындагы БФЭТ бүтүрүүчүлөрү үчүн экскурсия 

2026 Чын куран айынын 02 жарыяланды
А.Токтоналиев атындагы БФЭТ бүтүрүүчүлөрү үчүн экскурсия 

2026-жылдын 2-апрелинде Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын нумизматикалык музейинде Бишкек шаарынын А.Токтоналиев атындагы Бишкек финансы-экономикалык техникумунун бүтүрүүчүлөрү үчүн экскурсия өткөрүлдү.

Экскурсиянын жүрүшүндө катышуучулар уникалдуу байыркы монеталар, улуттук валюта - кыргыз сомунун калыптанышынын 30 жылдык тарыхы жана Кыргыз Республикасынын нумизматикалык мурасынын башка көптөгөн экспонаттары менен таанышышты. Мындан тышкары, кыргыз сомунун банкнотторунда чагылдырылган көрүнүктүү ишмерлер тууралуу айтылып, финансылык сабаттуулук жана финансылык коопсуздук маселелери, анын ичинде дропперлик жана анын терс кесепеттери сыяктуу актуалдуу тема да чагылдырылды.

Мындан тышкары, экскурсия аяктагандан кийин ошол эле жерде катышуучулар Түндүк тиркемеси аркылуу кредит алууга өзүн-өзү тыюу салышты.

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы экскурсияларды туруктуу негизде өткөрөт. Арыздар төмөнкү телефон номерлери аркылуу кабыл алынат: 61-24-14 же электрондук почта аркылуу: mail@nbkr.kg. Кирүү акысыз.

← Жаңылыктардын тизмесине

Төмөнкүлөрдү да окуңүз

Көп берилген суроолор

Көп берилген суроолор

Акча топтоонун эң эле жөнөкөй сегиз эрежеси

Акча топтоонун эң эле жөнөкөй сегиз эрежеси

Каражат топтоолордун эволюциясы: байыркы замандан азыркы заманга чейин

Каражат топтоолордун эволюциясы: байыркы замандан азыркы заманга чейин

Кирешелер жана чыгымдар күндөлүгү

Кирешелер жана чыгымдар күндөлүгү