Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Жалал-Абад областтык башкармалыгынын кызматкерлери 2026-жылдын 12-майында планга ылайык ЖалалАбад областынын Сузак районунун Сузак айыл аймагындагы мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлери, ошондой эле, орто мектептердин жогорку класстагы окуучулары үчүн финансылык сабаттуулук боюнча көчмө лекция өткөрүштү.
Иш-чаранын жүрүшүндө Улуттук банктын өкүлдөрү акчага жоопкерчиликтүү мамиле кылуу керектигин айтышып, алдамчылык схемалары боюнча мисалдарды карашып, «Дропперлик» маселелерин талкуулашты.

