2026-жылдын 28-апрелинде Улуттук банктын Ош областтык башкармалыгынын кызматкерлери Ош областынын Кара-Суу районунун Ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери үчүн финансылык сабаттуулук боюнча көчмө лекция өткөрүштү.
Лекциянын жүрүшүндө Улуттук банктын аткарган ролу жана функциялары, улуттук валютанын тарыхы, өнүгүү этаптары жана коргоо белгилери, кредиттердин жана депозиттердин түрлөрү, каражат топтоо жана жаштардын финансылык алдамчылыкка тартылуусунун алдын алуу жөнүндө маалыматтар берилди, ошондой эле «Түндүк» тиркемеси аркылуу кредит алууга өзүнө-өзү тыюу салуу, аны алып салуу жана дропперлик боюнча кеңири маалымат берилди.
