2026-жылдын 26-октябрында Кыргыз Республикасында «Дүйнөлүк каражат топтоо күнүнө» арналган жыл сайын өтүүчү кеңири маалыматтык-билим берүү кампаниясы башталат. Долбоор өлкөдө 2015-жылдан бери Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын координациясы астында ишке ашырылып келет. Анда тиешелүү мамлекеттик органдар, финансы институттары, Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги жана камсыздандыруу секторунун өкүлдөрү өнөктөш уюштуруучулар болуп саналат.
Демилгенин негизги милдети – калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу, каражат топтоо маданиятын жайылтуу жана жарандардын жеке жана үй-бүлөлүк бюджетти сарамжалдуу башкаруусуна өбөлгө түзүү.
30-октябрга чейин созула турган кампаниянын алкагында Бишкекте жана республиканын бардык аймактарында окуу жана интерактивдүү иш-чаралардын комплекси пландаштырылган. Катышуучуларга учурдагы каражат топтоо инструменттери, акча каражаттарын коопсуз сактоо ыкмалары жана көбөйтүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө актуалдуу маалымат берилет.
← Жаңылыктардын тизмесинеДүйнөлүк каражат топтоо-2026 иш-чаралар күндөлүгүнө шилтеме.