Үй бүлө бюджети
Үй бүлө бюджети
Топтолгон жыйым
Топтолгон жыйым
Кредиттер жана карыздар
Кредиттер жана карыздар
Керектөөчүлөр (пайдалануучулар) укугун коргоо
Керектөөчүлөр (пайдалануучулар) укугун коргоо
Финансы жөнүндө
Финансы жөнүндө
Инвестициялоо
Инвестициялоо
Финансылык коопсуздук жана камсыздандыруу
Финансылык коопсуздук жана камсыздандыруу
Салыктар жана чегерүүлөр
Салыктар жана чегерүүлөр
Жаңылыктар
Жаңылыктар

Дүйнөлүк каражат топтоо күнү башталды!

2021 Тогуздун айынын 25 жарыяланды
Дүйнөлүк каражат топтоо күнү башталды!

2021-жылдын 25-октябрында Кыргызстанда Дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөөгө арналган жолугушуу онлайн форматында болуп өттү. Мындай ири масштабдуу кампания Кыргызстанда Улуттук банктын, Эл аралык кызматташуу боюнча Шпаркасс фондунун, республиканын финансылык институттарынын, Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин жана  башка катышуучулардын колдоосу менен 2015-жылдан тартып жетинчи жолу өткөрүлүп жатат.

Жолугушууда Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева, Дүйнөлүк каражат топтоо күнүнүн негизги милдети – калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу, каражат топтоо маданиятын калыптандыруу жана акча ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууга дем берүү болуп санала тургандыгын белгиледи.

Эл аралык кызматташуу боюнча Шпаркасс фондунун өлкөдөгү өкүлү Динара Абакированын айтымында, Дүйнөлүк каражат топтоо күнүн өткөрүү идеясы финансы секторуна болгон ишенимди бекемдөөгө жана өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнө көмөктөшүүгө багытталган.

КР Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин аткаруучу директору Эркебай Мурзабеков белгилегендей, аталган агенттик депозиттерди коргоо системасына тиешелүү маселелер боюнча калкка маалымат максатында Дүйнөлүк каражат топтоо күнүнө арналган  иш-чараларга активдүү катышып келет.

Дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөөгө карата көптөгөн иш-чараларды: ачык эшик күндөрүн, лекцияларды, интерактивдүү оюндарды, финансылык мекемелерге экскурсияларды уюштуруу, сынак өткөрүү пландаштырылган.

Өткөрүлүүчү иш-чаралар жөнүндө кеңири маалымат Иш-чаралардын күндөлүгүндө берилген.

← Жаңылыктардын тизмесине

Төмөнкүлөрдү да окуңүз

Акча алиппеси. 1-Бөлүк.

Акча алиппеси. 1-Бөлүк.

Каражат топтоо деген эмне жана ал эмнеге керек?

Каражат топтоо деген эмне жана ал эмнеге керек?

Кыргызстанда акча каражатын кайсыл багытка инвестициялоо пайдалуу?

Кыргызстанда акча каражатын кайсыл багытка инвестициялоо пайдалуу?

Акча алиппеси. 3-бөлүк

Акча алиппеси. 3-бөлүк