Үй бүлө бюджети
Үй бүлө бюджети
Топтолгон жыйым
Топтолгон жыйым
Кредиттер жана карыздар
Кредиттер жана карыздар
Керектөөчүлөр (пайдалануучулар) укугун коргоо
Керектөөчүлөр (пайдалануучулар) укугун коргоо
Финансы жөнүндө
Финансы жөнүндө
Инвестициялоо
Инвестициялоо
Финансылык коопсуздук жана камсыздандыруу
Финансылык коопсуздук жана камсыздандыруу
Салыктар жана чегерүүлөр
Салыктар жана чегерүүлөр
Жаңылыктар
Жаңылыктар

Депозиттер — кыргызстандыктардын акча салуунун эң популярдуу түрлөрүнүн бири.

Топтолгон жыйым 2022 Бирдин айынын 02 жарыяланды

Каржылык уюмдар "акылдуулук менен насыя алууну" үйрөтүп жаткан учурда биз сизге депозиттер жөнүндө айтып беребиз, анткени алар акчаны сактоонун гана эмес, аны көбөйтүүнүн да жолу.

Депозиттер — кыргызстандыктардын акча салуунун эң популярдуу түрлөрүнүн бири.

Кыргызстандагы финансылык тармакта банк сектору эң өнүккөн жана салым салуунун ар кандай варианттарын сунуштайт. Бирок тандоодо адашып же башыңыз айланып калышы мүмкүн.

Депозиттер кандай болот

Эгерде сизде депозиттерге салууну каалаган бош акчаңыз болсо, анда эң жакын банкка чуркап барып, аларга сунушталган каалаган депозитке салбаңыз. Сиздин кызыкчылыгыңызда пайдалуу салым кошуу керек. Ооба, Кыргызстандагы депозиттер боюнча ставкалар эң жогору эмес. Бирок, кандай болгон күндө да, алар инфляциянын деңгээлинен жогору, бул акчанын нарксызданышына жол бербейт.

Андан тышкары, азыр ата мекендик банктар кардарлар үчүн чыныгы күрөш жүргүзүп жатышат. Мындай атаандаштык потенциалдуу салымчылардын пайдасына иштейт. Ал эң ылайыктуу вариантты тандоого мүмкүндүк берет. Каражатты кайда салууну түшүнүү үчүн, депозиттердин кандай түрлөрү болоорун изилдөө керек.

Депозиттердин түрлөрү

Мөөнөттүү - акча белгилүү бир мөөнөткө салынат, ошондон улам аталышы да ушундай.

Толуктоо мүмкүнчүлүгү менен - мурда салынган сумманы көбөйтүп, каражат кошууга болот.

Чыгарып алуу мүмкүнчүлүгү менен - эсептен акча чыгарып алса болот.

Капиталдаштыруу менен - топтолгон пайыздар негизги суммага кошулат да, пайыздар мурунтан эле көбөйтүлгөн суммага чегерилет..

Топтолуучу - сиз белгилүү бир мезгилдерде өз депозитиңизди толуктай аласыз же толуктоого милдеттүүсүз.

Балага - баланын атына ачылат.

Мультивалюталуу депозит - депозиттин валютасын өзгөртүүгө болот.

Менчиктештирилген металл эсептери - кардар банктан колго берилбеген, бирок кардардын эсебине чегерилген баалуу металлдарды сатып алат.

Эскерте кетсек, депозиттер аралаш болушу мүмкүн. Андан тышкары, мындай депозиттердин ар бир түрүнүн өзүнүн өзгөчөлүктөрү бар. Мисалы, мөөнөттүү депозитте салынган сумманы алууга болбойт, эсептелген пайыздар келишимге ылайык берилет (ай сайын, квартал сайын, жыл сайын, мөөнөтү аяктаганда).

Эгерде сиз толуктоо мүмкүнчүлүгү бар депозиттик эсепке акча салсаңыз, анда ар бир кошумча салымдан кийин пайыздык чен көбөйтүлгөн суммага чегерилет. Мисалы, сиз 1 миң сомду жылдык 10 пайыз менен бир жылга салдыңыз дейли. Ар ай сайын депозиттик эсепти 100 сомго толуктап турасыз. Натыйжада, биринчи айда сизге 1 миң сомго 10 пайыз чегерилет, экинчи айда толуктоодон кийин – 1,1 миңге, үчүнчү айда – 1,2 миңге жана ушундайча улана берет.

Депозитти акчаны алуу мүмкүнчүлүгү менен ачуу, каалаган сумманы каалаган убакта эсептен алууга болот дегенди билдирбейт.

Бул депозиттин түрүндө чектөөлөр бар — эсепте калдыктын минималдуу суммасы боюнча да, эсептен акча алуунун суммасы жана саны боюнча да. Мисалы, эгерде депозиттин минималдуу калдыгы 2 миң сом болсо, ал эми эсепте 3 миң сом болсо, сиз болгону 1 миң сом ала аласыз. Же, мисалы, депозиттен айына 5 миң сомдон ашык ала албайсыз, же акчаны айына бир жолудан көп эмес бөлүп-бөлүп ала аласыз.

Эгерде депозиттик эсепке акча салынса, анда анын пайыздары негизги суммага ай сайын же жыл сайын кошулуп турат.

Мисалы, сиз эки жылга 10 миң сомду жылдык 10 пайыздык үстөк менен салдыңыз дейли. Биринчи жылдын аягында сизде 1 миң сом пайыздык киреше топтолот. Бул акча негизги суммага кошулуп, экинчи жылы сизге 11 миң сомго 10 пайыз үстөк кошулат. Экинчи жылы сизге 1,1 миң сом пайыздык киреше кошулат. Бул капиталдаштыруу болуп саналат.

Капиталдаштыруу күнүн эсептөө иш жүзүндө болушу мүмкүн — келишим түзүлгөн учурдан тартып жыл/ай же календардык жылга ылайык.

Балага депозит ачканда келишим түзүү үчүн туулгандыгы тууралуу күбөлүктөн тышкары ата-энесинин паспорту дагы керек болот. 

Көбүнчө балдар депозиттерин ай сайын толуктоого болот. Алардын дагы бир өзгөчөлүгү - мындай депозиттер узак мөөнөткө ачылып, көбүнчө капиталдаштырууну камтыйт.

Металлдык эсептер — Кыргызстанда жаңы жана азырынча анча белгилүү эмес депозиттин түрү. Анын кирешеси баалуу металлдардын баасынын өзгөрүшүнөн көз каранды. Мисалы, сиз 5 миң сом салдыңыз, ал 1 грамм алтынга барабар болчу. Демек, эсепте акча эмес, баалуу металл бар. Эгерде жарым жылдан кийин 1 грамм алтындын баасы 5,5 миң сомго чейин көтөрүлсө, анда сиз алтын граммыңызды сомго айландырып, акчаңызды ала аласыз. Бул учурда сиздин кирешеңиз 500 сомду түзөт.

Кандай депозиттерди тандоо жакшы

Банкка салым салуудан мурун, банк жөнүндө толук маалымат, анын депозиттерди коргоо системасына катышуусу менен таанышуу керек. Мындай маалыматты банк кызматкерлеринен телефон аркылуу же банктын кеңселерден, стенддерден ала аласыз.

Сиздин өз убагында (аманат келишимин түзүүгө чейин) зарыл жана ишенимдүү маалымат алуу укугуңуз мыйзам тарабынан бекитилген. Аны четке какпаңыз!

Эң жакшы чечим кабыл алууга аманаттарды кабыл алган бир нече банктын сунуштарын изилдөө жардам берет. Алынган маалымат ар кандай банктардын аманаттары боюнча сунуштарын салыштырууга мүмкүндүк берет. Акчаны депозиттерге пайдалуураак салууга мүмкүндүк берген бир нече жөнөкөй эрежелер бар.

Адистер биринчи кезекте капиталдаштыруу менен депозиттерди тандоону сунушташат. Капиталдаштыруу канчалык көп болсо, ошончолук жакшы.

Эсиңизде болсун: депозиттин мөөнөтү канчалык узак болсо, пайыздык чен ошончолук жогору болот. Салынган сумма канчалык жогору болсо, пайыздык чен ошончолук жогору болот.

Чоң суммадагы акча салганда, банк менен тарифтик сетка сунуштагандан да жогору болгон жеке пайыздык ставка жөнүндө сүйлөшсө болот.

Бүгүнкү күндө улуттук валютадагы депозиттер боюнча пайыздык чендер чет элдик валютадагыларга караганда жогору. Бул Улуттук банктын экономиканы долларсыздандыруу деңгээлин төмөндөтүү боюнча программасынын алкагында жасалды.

Тиешелүү банкты жана аманаттын түрүн тандап алгандан кийин, банктын кеңсесине келип, кызматкерге инсандыгын тастыктаган документти көрсөтүп, банктык аманат келишимин түзүп, кассага депозиттин суммасын төлөшүңүз керек. Бирок документтерге кол коюуга шашпаңыз. Адегенде келишимдерди кылдаттык менен окуп чыгыңыз, шарттарга, аманат боюнча пайыздарды эсептөө жана төлөө тартибине, тараптардын укуктарына жана милдеттерине көңүл буруңуз.

Эгерде бир нерсе түшүнүксүз болуп калса, суроо берүүдөн тартынбаңыз.

Аманат салгандан кийин колуңузда кеминде эки документ калышы керек: банктык аманат келишиминин бир нускасы жана банктык аманат эсебине белгилүү бир суммадагы акчанын салынганын тастыктаган кириш ордери. Аларды келишимдин шарттарына ылайык акча каражаттары кайтарылганга чейин сактоо зарыл.

Акчамды ким сактайт

Эң башкысы, акчаңызды салуудан мурун ойлонушуңуз керек болгон нерсе – бул акчанын сакталышына кепилдик берүү маселеси. Жөнөкөй сөз менен айтканда, адегенде банкта туруксуз абал жаралса же ал банкрот болуп калса, сиздин салымыңыз корголгонун билип алышыңыз керек.

Кыргызстанда 1 000 000 сомго чейинки депозиттер корголгон. Акчаны кайтарып берүүнү Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо агенттиги кепилдейт. 

Эсиңизде болсун, 1 000 000 сомго чейинки сумма өзүнө салымды гана эмес, анын үстүнө кошулган пайыздарды да камтыйт. Эгерде сиз банкка 876 миң сомду жылдык 14 пайыздан бир жылга салган болсоңуз, анда мөөнөт аягында 998 миң 640 сом алышыңыз керек. Банк банкрот болгон учурда, Депозиттерди коргоо агенттиги сизге 998 миң 640 сом төлөп берүүгө кепилдик берет, башкача айтканда, салынган суммага кошулган пайыздарды кошуп төлөп берет.

Банктык аманат келишиминде көрсөтүлгөн ставка боюнча пайыздар чегерилет. Ал кепилдик учуру келген күндөгү Улуттук банктын эсептик ставкасынан жогору боло албайт.

Азыркы учурда эсептик чен 6,5 пайызды түзөт. Ошондуктан, эгерде сиз акчаңызды, мисалы, жылдык 10 пайыз менен салган болсоңуз, кепилдик учуру келгенде, сиз албай калган пайыз жылдык 6,5 пайыз менен эсептелет.

Эгерде сизде ар кайсы банктарда бир нече депозит болсо, анда ар бир банкта кепилдик учуру келгенде, ар бир банктан компенсация алууга укугуңуз бар.

Эгерде сиз чет элдик валютага акча салган болсоңуз, Депозиттерди коргоо агенттиги сизге акчаны улуттук валютада, кепилдик учуру болгон күнгө карата Улуттук банктын эсептик курсу боюнча эсептелген 1 000 000 сомдон ашпаган суммада кайтарып берет.

Балага ачылган депозиттик эсеп боюнча сумма банктык аманат келишиминде көрсөтүлгөн мыйзамдуу өкүлгө төлөнөт.

← Макалалардын тизмесине

Төмөнкүлөрдү да окуңүз

Улуттук банктан санарип сом тууралуу эмнелерди билүү керек — негизги маалыматтар

Улуттук банктан санарип сом тууралуу эмнелерди билүү керек — негизги маалыматтар

Улуттук банк финансы-кредиттик уюмдарга (мындан ары - банктарга ) карыз алуучулар үчүн кредиттик төлөмдөр боюнча кредиттин негизги суммасын сыяктуу эле, чегерилген пайыздарды да төлөө мөөнөтүн кеминде 3 (үч) айга өз-өзүнчө же чогуу жылдырууну сунуштаган

Улуттук банк финансы-кредиттик уюмдарга (мындан ары - банктарга ) карыз алуучулар үчүн кредиттик төлөмдөр боюнча кредиттин негизги суммасын сыяктуу эле, чегерилген пайыздарды да төлөө мөөнөтүн кеминде 3 (үч) айга өз-өзүнчө же чогуу жылдырууну сунуштаган

Көп берилген суроолор

Көп берилген суроолор

Көңүл бургула!!!

Көңүл бургула!!!