Үй бүлө бюджети
Үй бүлө бюджети
Топтолгон жыйым
Топтолгон жыйым
Кредиттер жана карыздар
Кредиттер жана карыздар
Керектөөчүлөр (пайдалануучулар) укугун коргоо
Керектөөчүлөр (пайдалануучулар) укугун коргоо
Финансы жөнүндө
Финансы жөнүндө
Инвестициялоо
Инвестициялоо
Финансылык коопсуздук жана камсыздандыруу
Финансылык коопсуздук жана камсыздандыруу
Салыктар жана чегерүүлөр
Салыктар жана чегерүүлөр
Жаңылыктар
Жаңылыктар

Каражат топтоо деген эмне жана ал эмнеге керек?

Топтолгон жыйым 2019 Жалган куран айынын 01 жарыяланды
Каражат топтоо деген эмне жана ал эмнеге керек?

Улуу муундардын жаштар үнөмдөгөндү, каражат топтогонду билишпейт деп айткандарын көп угууга болот.  Албетте, биз деген учур чак менен жашайбыз, ошон үчүн каражат топтоо биз үчүн эмес, - деп жаштар актанып чыгып кетсе да болот.  Бирок бул түп тамырынан бери туура эмес позиция. Каражат топтоо зарыл, каражат топтоо көп учурда маанилүү. Алар финансылык жактан көз карандысыз болуунун ачкычы.

Топтолгон каражат – чогулткан акча, келечектеги өз муктаждыктарыңды камсыз кылуу үчүн улам өзүнчө бөлүп алып чогултулган каражат. Каражат топтоо материалдык (нак акча, мал, баалуу металлдар) жана материалдык эмес (банк эсептериндеги акчалар жана башка) формада болушу мүмкүн.

Каражат топтоо биздин кирешелерге жана керектөөлөргө (муктаждыктарга) түздөн-түз байланыш. Жөнөкөйлөтүп айтканда, канчалык көп иштеп тапсаңыз, ошончолук көбүрөөк каражатты өзүнчө бөлүп алып топтоого болот. Албетте, бул шарттар эгерде сиздин чыгашаларыңыз сиздин кирешелериңиз менен чогуу өспөгөн учурда аткарылат. Себеби «каражат топтоо» түшүнүгүнүн негизи «сарамжалдуу колдонуу» жана «үнөмдөө»  деген түшүнүктөрдөн турат.

Топтогон каражаттар улам көбөйсүн үчүн жана алдыга койгон максаттарга жетүү үчүн ашыкча сарптоолордон кармануу зарыл.

Анан калса, каражатты 20 жаштан тартып 45-50 жашка чейин топтоо керек, себеби бул мезгил аралыгында адамдын акча табуу жана көбүрөөк өзүнчө бөлүп алып топтоо боюнча тажрыйбасы, билими жана ал-күчү көбүрөөк болот. Эгерде өмүр бою каражат топтоп, пенсия курагына келген кезде дүйнө кыдырып, саякаттап жүргөн чет өлкөнүн пенсионерлери менен пенсияга чыкса да иштеп жүргөн жана бир гана пенсиясына ишенген биздин пенсионерлерди салыштырып карай турган болсок, каражат топтоонун зарылдыгы жана анын маанилүүлүгү ачык түшүнүктүү болот.

Адамдын жашоо циклин жана каражат топтоо мүмкүнчүлүгүн эске алуу менен пенсия жөнүндө азыртадан ойлонуу зарыл. Баарыбызга белгилүү болгондой, кызматкер Кыргызстандын Социалдык фондусуна өзүнүн эмгек акысынын ондон бир бөлүгүн чегерет. Ошол эле учурда, ошол сумманын 2 пайызын гана өз алдынча колдоно аласыз. Аны каражаттарды андан ары инвестициялоо үчүн башкаруучу компанияны же Пенсиялык топтомо фондун тандап алуу менен ишке ашырса болот.

Тандоо укугу менен колдонбогон адамдардын пенсиялык топтогон каражаттары Мамлекеттик пенсиялык топтомо фондусунда калат. Сиз Социалдык фондго канча сумма төлөгөндүгүңүздү жана күндөлүк пенсиялык топтогон каражаттарыңызды өзүңүздүн жеке камсыздандыруу эсебиңизден көрсөңүз болот. Жеке камсыздандыруу эсебиңизден көчүрмө алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Социалдык фондусуна кайрылыңыз.

Эреже катары, адамдардын көбү биринчи акчаларын сарптагандан кийин калган акчаларын, эгерде чынында эле бир нерсе калса, топтоо үчүн калтырып коюшат. Ушунун өзү биздин кетирген эң чоң катабыз. Минтип каражат чогултуу менен бир нерсе топтоо мүмкүн эмес. Ушул эле ыкманы өзүңүзгө тескерисинче колдонуңуз. Финансист жана бай адамдар арасында «Биринчи өзүңө төлө» деген жөнөкөй эреже колдонулат. Айтылган эрежени колдонуу каражатты ийгиликтүү топтоого жол ачат.

Эмгек акыны алгандан кийин, эң алгач, тапкан кирешеңиздин 10-20 пайызын топтоо үчүн өзүнчө бөлүп алып коюңуз дагы калганын колдоно берсеңиз болот. Кимдир бирөө мындайда ашык акча калбайт деп айтышы мүмкүн. Бирок башында аз акчадан, мисалы 100 сомдон чогултуп баштаса да болот. Кийин акча топтоого көнө баштагандан кийин келечекке көбүрөөк акча калтырып топтоого киришсеңиз болот. Топтоп жаткан каражатка бир нерселерди сатып ала албай калышыңыз мүмкүн, бирок келечегиңиз үчүн каражат топтоо кыйла маанилүү.

Каражат топтоп баштаган учурда ага дайыма  акча салып туруу маанилүү. Ошондой эле, топтоп жаткан акча кол тийбестик статусуна ээ болууга, ал пландаштырылган максаттар үчүн гана колдонулууга тийиш.

Топтогон каражаттарды максатсыз колдонуудан жана инфляциядан сактоо үчүн, аларды жөн гана «төшөктүн алдында» бекитип койбостон, сизге кошумча киреше алып келе тургандай иштетүү зарыл. Максаттарыңызды ишке ашыруунун мөөнөттөрүнө жараша сиз өзүңүзгө ылайыктуу инвестициялоо инструментин тандасаңыз болот. Инструмент канчалык көп киреше алып келгенине жараша сиз максатыңызды ошончолук тез ишке ашыра аласыз. Бирок тобокелдикке дуушар болуу ыктымалдыгы кирешеге пропорционалдуу өсөрүн эстен чыгарбоо зарыл.

Үй бүлөлүк аманаттар
Үй бүлөлүк аманаттар
Узактыгы: 00:55
← Макалалардын тизмесине

Төмөнкүлөрдү да окуңүз

Кооперативдин финансылык пирамидага тиешеси жоктугун кантип билсе болот? – Улуттук банктын кеңеши

Кооперативдин финансылык пирамидага тиешеси жоктугун кантип билсе болот? – Улуттук банктын кеңеши

Улуттук банк финансы-кредиттик уюмдарга (мындан ары - банктарга ) карыз алуучулар үчүн кредиттик төлөмдөр боюнча кредиттин негизги суммасын сыяктуу эле, чегерилген пайыздарды да төлөө мөөнөтүн кеминде 3 (үч) айга өз-өзүнчө же чогуу жылдырууну сунуштаган

Улуттук банк финансы-кредиттик уюмдарга (мындан ары - банктарга ) карыз алуучулар үчүн кредиттик төлөмдөр боюнча кредиттин негизги суммасын сыяктуу эле, чегерилген пайыздарды да төлөө мөөнөтүн кеминде 3 (үч) айга өз-өзүнчө же чогуу жылдырууну сунуштаган

Акча алиппеси. 4-бөлүк

Акча алиппеси. 4-бөлүк

Акча алиппеси. 2-бөлүк

Акча алиппеси. 2-бөлүк