Үй бүлө бюджети
Үй бүлө бюджети
Топтолгон жыйым
Топтолгон жыйым
Кредиттер жана карыздар
Кредиттер жана карыздар
Керектөөчүлөр (пайдалануучулар) укугун коргоо
Керектөөчүлөр (пайдалануучулар) укугун коргоо
Финансы жөнүндө
Финансы жөнүндө
Инвестициялоо
Инвестициялоо
Финансылык коопсуздук жана камсыздандыруу
Финансылык коопсуздук жана камсыздандыруу
Салыктар жана чегерүүлөр
Салыктар жана чегерүүлөр
Жаңылыктар
Жаңылыктар

Жеке каржыны башкаруудагы жасалма интеллект: дүйнөлүк тажрыйба, жаңы мүмкүнчүлүктөр жана чакырыктар

Финансы жөнүндө 2026 Баш оона айынын 04 жарыяланды
Жеке каржыны башкаруудагы жасалма интеллект: дүйнөлүк тажрыйба, жаңы мүмкүнчүлүктөр жана чакырыктар

Жасалма интеллекттин (ЖИ) тез өнүгүшү финансылык сектордо чоң таасирин тийгизип, адамдардын жеке каржыны башкаруу ыкмаларын акырындык менен өзгөртүүдө. Мурда финансылык чечимдер көбүнчө адистердин кеңеши же жеке тажрыйбанын негизинде кабыл алынса, бүгүнкү күндө акылдуу санариптик жардамчылардын ролу барган сайын өсүүдө. Жасалма интеллект чыгымдарды талдоодо, бюджет түзүүдө, татаал финансылык продукттарды түшүндүрүүдө, насыяларды, инвестицияларды жана камсыздандыруу кызматтарын тандоодо жардам берүүдө, ошондой эле сунуштарды конкреттүү колдонуучуга ылайыкташтырууга жөндөмдүү. Бирок ошол эле учурда, мындай технологиялардын кеңири жайылышы маалыматтын так эместигине, жеке маалыматтарды коргоо, алгоритмдик калыстык жана колдонуучулардын санариптик кызматтарга ашыкча ишеними менен байланышкан бир катар тобокелдиктерди коштойт. Макалада жеке финансылык чөйрөдө жасалма интеллектти колдонуунун заманбап багыттары каралат, анын колдонулушу боюнча эл аралык тажрыйба талданат жана экономиканын санариптик трансформациясы шартында финансылык сабаттуулуктун мааниси ачылат.

КИРИШҮҮ

Бир нече жыл мурун, жасалма интеллект келечектеги технология катары каралчу, ал ири технологиялык компанияларга гана жеткиликтүү болчу. Бүгүн абал кескин өзгөрдү. Жасалма интеллекттин генеративдик моделдери миллиондогон адамдардын күнүмдүк жашоосунун бир бөлүгү болуп калды. Алар текст жазууга, сүрөттөрдү жаратууга, документтерди которууга, маалыматтарды талдоого жана дээрлик бардык суроолорго жооп берүүгө жардам берет. Жасалма интеллекттин таасири өзгөчө жеке каржы тармагында байкалган. Азыр адамдар күн сайын финансылык чечимдерди кабыл алууга туура келет: чыгымдарды пландаштыруу, акчаны бөлүп салуу, банктык продукцияларды тандоо, насыя алуу, топтогон акчаны инвестициялоо же келечектеги пенсияны эсептөө. Финансылык продукттардын саны күндөн-күнгө көбөйүп жатат, ал эми шарттарды түшүнүү барган сайын татаалдашууда. Натыйжада көптөгөн керектөөчүлөр эң пайдалуу чечимди тандоодо кыйынчылыкка батат.

Мына ушул себептен улам, жасалма интеллект акырындык менен жаңы финансылык жардамчыга айланып баратат. Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюмунун (ЭКӨУ) 2026-жылы жарыяланган изилдөөсүнө ылайык, ЭКӨУ өлкөлөрүнүн калкынын үчтөн бир бөлүгү жасалма интеллект технологияларын колдонуп жатышат. Колдонуучулар ЖИге бюджетти түзүү, финансылык продукттарды тандоо, карызды башкаруу, инвестициялоо жана пенсияны пландаштыруу боюнча кеңеш сурап кайрылышат.

Бирок жаңы мүмкүнчүлүктөр менен кошо жаңы коркунучтар пайда болот. Жасалма интеллект ката кетирүүгө, туура эмес маалыматтарды берүүгө, толук эмес маалыматтардын негизинде сунуштарды түзүүгө же коммерциялык таасирге дуушар болууга мүмкүн. Ошондуктан ЭКӨУ эксперттери жасалма интеллекттин өнүгүшү финансылык сабаттуулуктун маанисин төмөндөтпөй, тескерисинче, аны ого бетер зарыл кылып жатканын баса белгилешет. Колдонуучу санариптик кызматтардын иштөө принциптерин түшүнүп, алынган сунуштарды сынчыл баалап, акыркы чечимди өз алдынча кабыл алышы керек.


ЖАСАЛМА ИНТЕЛЛЕКТ ЖАҢЫ ФИНАНСЫЛЫК ЖАРДАМЧЫ КАТАРЫ

Он жыл мурун финансылык кеңештерди банктан же профессионалдык финансылык консультанттан гана алса болот эле. Азыр болсо, мобилдик тиркемени же жасалма интеллектке негизделген чат-ботту ачып, финансылык маселелеринин дээрлик бардыгына байланыштуу кеңештерди алсаңыз болот. Жасалма интеллекттин азыркы тутумдары маалыматты табууга гана эмес, колдонуучунун жүрүм-турумун талдоого да жөндөмдүү. Алар кирешелердин жана чыгымдардын түзүлүшүн изилдешет, кайталанган финансылык операцияларды аныкташат, келечектеги чыгымдарды болжолдошот жана акча каражаттарын башкаруу боюнча жекече кеңештерди түзүүгө жардам беришет. Машина үйрөнүү технологияларынын жардамы менен алгоритмдер акырындык менен адамдын көнүмүш адаттарына ылайыкташып, кеңештерди жекелештиришет. ЭКӨУ жеке каржы тармагында жасалма интеллектти колдонуунун эки негизги багытын белгилейт.

Биринчиси ChatGPT, Gemini, Claude жана башка санариптик жардамчылар сыяктуу генеративдик чат-боттордун колдонуусу менен байланыштуу, алар колдонуучулардын суроолоруна жооп беришет, татаал финансылык түшүнүктөрдү түшүндүрүшөт жана чечимдерди кабыл алууга жардам беришет.

Экинчи багыт колдонуучунун банктык эсептери менен интеграцияланган атайын финансылык колдонмолор. Мындай кызматтар чыгымдарды автоматтык түрдө талдайт, бюджетти көзөмөлдөйт, акча каражаттарынын кыймылын болжолдойт жана топтоону пландаштырууга жардам берет.

Мындай технологиялар акырындык менен финансылык консультацияга болгон мамилебизди өзгөртүп жатат. Эгерде салттуу консультация адистин иштөө убактысы менен чектелип калса, анда жасалма интеллект 24 саат бою жеткиликтүү. Колдонуучу банктын кеңсесине барып, кызматкердин жообун күтпөстөн каалаган убакта керектүү маалыматтарды ала алат. Жасалма интеллекттин популярдуу болушунун дагы бир себеби психологиялык фактор. Көпчүлүк адамдар акча маселелерин башкалар менен бөлүшүүдөн тартынышат. Карыздары бар экендигин, инвестициялар жөнүндө билими жетишсиздигин же бюджетти башкаруудагы каталарын моюнга алуу аларга кыйынга турат. Санариптик жардамчы мындай суроолорду анонимдүү түрдө берүүгө мүмкүндүк берет, бул финансылык билимди жеткиликтүү кылат.


ЭЛ АРАЛЫК ТАЖРЫЙБА: БАШКА ӨЛКӨЛӨР ЖАСАЛМА ИНТЕЛЛЕКТТИ КАЙСЫЛ ЖАКТА КОЛДОНУШАТ

ЭКӨУдун изилдөөсүнүн эң кызыктуу аспектилеринин бири бул ар кайсы өлкөлөрдө жасалма интеллектти колдонуунун кантип өнүгүп жаткандыгын талдоо. Технологиялар салыштырмалуу жакында эле пайда болгонуна карабастан, алар көптөгөн өлкөлөрдө жеке каржыны башкаруунун кадимки куралы болуп калды.

Канадада калктын үчтөн бир бөлүгү (33%) финансылык маселелерди чечүү үчүн жасалма интеллектти колдонушат.Айрыкча жаштар санариптик жардамчыларды өзгөчө активдүү колдонушат (55%): Z муунунун өкүлдөрүнүн жарымынан көбү бюджетти, топтоону же инвестицияларды пландаштырууда ЖИге үзгүлтүксүз кайрылышарын билдиришти. Жаш колдонуучулар жасалма интеллектти финансылык маалыматтардын ыңгайлуу булагы катары көрүшөт, бул адистерге кайрылуунун зарылдыгы жок тез жооп алууга мүмкүндүк берет.

Францияда жасалма интеллект акырындык менен инвестициялык маданияттын бир бөлүгүнө айланууда. Франциянын финансылык жөнгө салуучу органынын маалыматы боюнча, ар бир онунчу киши  (11%) инвестициялык чечимдерди кабыл алууда жасалма интеллектти колдонот. Ошол эле учурда француздардын көпчүлүгү жасалма интеллектти кесипкөй кеңешчинин ордуна эмес, ар кандай финансылык инструменттердин өзгөчөлүктөрүн жакшыраак түшүнүүгө жардам берген кошумча маалымат булагы катары көрүшөт.

Түштүк Корея өзгөчө жыйынтыктарды көрсөтүүдө. Изилдөөлөр көрсөткөндөй, чоңдордун дээрлик 68% жасалма интеллектти жок дегенде бир финансылык маселе үчүн колдонушкан. Фонддук рынокко инвестиция салуу, үй-бүлөлүк бюджетти башкаруу, топтоону пландаштыруу, салык отчеттуулугун түзүү жана камсыздандыруу өнүмдөрүн тандоо эң популярдуу багыттар болуп калды. Экономиканы санариптештирүүнүн жогорку деңгээли өлкөнүн жашоочуларына жаңы технологияларды күнүмдүк турмушта активдүү колдонууга мүмкүндүк берет.

Улуу Британияда жасалма интеллект финансылык күнүмдүк турмуштун бир бөлүгү болуп баратат. Чоңдордун жарымынан көбү (56%) акча каражаттарын башкаруу үчүн жасалма интеллектти колдонушарын билдиришти. Эң көп колдонулгандар ChatGPT, банктардын интеллектуалдык кызматтары жана Gemini болуп саналат.  Ал эми сурамжылоого катышкандардын жарымы жакынкы жылдары мындай технологияларды дагы көп колдонушат деп ишенишет.

АКШнын дээрлик ар бир экинчи колдонуучусу бюджетти түзүүдө, инвестициялык инструменттерди тандоодо же кредиттик тарыхын талдоодо жасалма интеллектке кайрылат. Көпчүлүк америкалыктар санариптик жардамчыларды жана финансылык чечимдерди кабыл алууда кошумча маалымат булагы катары көрүшөт.

Дүйнөлүк тажрыйба көрсөткөндөй, жасалма интеллект эксперименталдык технология болбой, акырындык менен жеке каржыны башкаруунун адатка айланган куралына айланып баратат. Бирок аны колдонуунун натыйжалуулугу технологиянын өнүгүү деңгээлинен гана эмес, колдонуучулардын өздөрүнүн финансылык даярдыгынан да көз каранды.


ЖЕКЕ ФИНАНСЫНЫ БАШКАРУУДА ЖАСАЛМА ИНТЕЛЛЕКТИН АРТЫКЧЫЛЫКТАРЫ

Жасалма интеллекттин финансы чөйрөсүндөгү популярдуулугу биринчи кезекте финансылык кызматтарды жөнөкөй адам үчүн жеткиликтүү, жекелештирилген жана түшүнүктүү кылууга мүмкүндүк берүү менен түшүндүрүлөт. Мурун колдонуучу көп маалыматтарды өз алдынча изилдеп, банктык продукцияларды салыштырып, өз чыгымдарын талдоо керек болсо, бүгүнкү күндө бул иштин көпчүлүгүн санариптик кызматтар аткара алат.

Жасалма интеллекттин негизги артыкчылыктарынын бири – каржылык сунуштарды жекелештирүү. Бардык колдонуучуларга бирдей маалыматты сунуш кылган салттуу издөө системаларынан айырмаланып, заманбап ЖИ моделдери суроону талдайт, баарлашуунун контекстин эске алат жана татаал финансылык темаларды жөнөкөй тил менен түшүндүрө алат. Бул айрыкча инвестициялоо, насыялоо же жеке финансылык пландаштыруу менен жаңы эле алектенип жаткан адамдар үчүн маанилүү.

Дагы бир маанилүү артыкчылыгы – бюджетти түзүүгө жардам берүү. Көптөгөн заманбап банк тиркемелери чыгымдарды автоматтык түрдө классификациялоо, керектөө структурасын талдоо жана акчаны үнөмдөө боюнча сунуштарды түзүү үчүн жасалма интеллектти колдонушат. Колдонуучу жөн гана эсеп боюнча отчетту эмес, өзүнүн финансылык адаттарын толук анализин алат. Система бюджеттин ашып кеткендиги тууралуу эскертип, мезгилдүү төлөмдөрдү эскертип же ай сайын чогултуу суммасын көбөйтүүнү сунуштай алат.

ЭКӨУ изилдөөсүнө ылайык, жасалма интеллект финансылык өнүмдөрдү тандоодо да активдүү колдонулат. Колдонуучулар кредиттердин, депозиттердин, камсыздандыруу программаларынын жана инвестициялык инструменттердин шарттарын салыштыруу үчүн ага кайрылышат. Бул маалыматты издөө убактысын кыйла кыскартууга жана финансы уюмдары менен керектөөчүлөрдүн ортосундагы маалыматтык асимметрияны азайтууга мүмкүндүк берет. Банктык шарттардын ондогон баракчаларын изилдегендин ордуна, адам товарлардын ортосундагы айырмачылыктардын кыска жана түшүнүктүү түшүндүрмөсүн ала алат.

Айрыкча инвестициялык чөйрөдө жасалма интеллектти колдонуу өзгөчө кызыктуу. Көпчүлүк колдонуучулар ЖИден инвестицияларды кантип баштоо керектигин, акциялардын баасына кандай факторлор таасир этерин, облигациялардын фонддордон эмнеси менен айырмаланарын жана инвестициялык портфельди кантип диверсификациялоо керектигин түшүндүрүп беришин сурашат. Жасалма интеллект экономикалык жаңылыктарды тез иштете алат, компаниялардын финансылык көрсөткүчтөрүн түшүндүрөт, ал тургай ар кандай инвестициялык сценарийлерди моделдөөгө да жөндөмдүү. Ошол эле учурда, ЭКӨУ мындай сунуштарды кесипкөй инвестициялык кеңеш катары эсептөөгө болбойт деп баса белгилейт, анткени алгоритмдер конкреттүү адамдын финансылык абалы жөнүндө толук маалыматка ээ эмес.


ЖАСАЛМА ИНТЕЛЛЕКТИ  КОЛДОНУУДА ЭЛ АРАЛЫК ТАЖРЫЙБАСЫ

Кызыктуусу, көптөгөн мамлекеттер жасалма интеллектти финансылык кызмат көрсөтүү үчүн гана эмес, финансылык маалыматтын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу үчүн да колдонушат.

Эң көрүнүктүү мисалдардын бири – Индия. Бул жерде улуттук UPI төлөм платформасына интеграцияланган жасалма интеллектке негизделген үн менен төлөө системасы киргизилген. Колдонуучу сүйлөшүү аркылуу финансылык операцияларды жүргүзө алат. Мындан тышкары, технология өлкөнүн ар кандай тилдерине буйруктарды автоматтык түрдө которуп, билим деңгээлине жана англис тилин билүүсүнө карабастан, миллиондогон адамдар үчүн санариптик финансылык кызматтарды жеткиликтүү кылат. Мындай ыкма калктын финансылык жеткиликтүүлүгүн кыйла жогорулатат.

Кызыктуу чечимдер Европа өлкөлөрүндө да ишке ашырылууда. Португалия Борбордук банктын чат-ботун иштеп чыкты, ал жарандарга банктык продукцияларды, керектөөчүлөрдүн укуктарын жана финансылык кызматтардын өзгөчөлүктөрүн түшүнүүгө жардам берет. Колдонуучу суроолорго жөнөкөй тилде жооп алат, бул өзгөчө экономикалык билими жок адамдар үчүн маанилүү.

Италияда жасалма интеллект кеңеш берүү үчүн гана эмес, финансылык сабаттуулук боюнча билим берүү материалдарын түзүүдө да колдонулат. Улуттук уюмдар ЖИни татаал финансылык түшүнүктөрдү түшүнүктүү жана кызыктуу кылып түшүндүрүү үчүн интерактивдүү оюндарды, видеоматериалдарды жана окуу сценарийлерин даярдоо үчүн колдонушат.

Ирландиянын тажрыйбасы да кызыктуу. Бул жерде мамлекеттик органдар колдонуучулардын суроолоруна жооп бергенден тышкары, алардын өз финансылык абалын баалоого, жеке финансыларды башкаруунун ылайыктуу куралдарын тандоого жана расмий мамлекеттик ресурстарга багыттоого жардам бере турган интеллектуалдык жардамчыны иштеп жатышат.

Дагы бир өзгөчө мисал – Литва. Өлкөнүн Борбордук банкы финансылык сабаттуулук боюнча расмий материалдарды подкасттарга айлантуу үчүн жасалма интеллектти колдонуу менен тажрыйба жүргүзүп жатат. Бул колдонуучуларга керектүү маалыматты текст түрүндө гана эмес, жолдо же спорт менен машыгып жатканда да угууга мүмкүнчүлүк берет. Мындай ыкма ар кандай категориядагы калк үчүн финансылык билимди бир топ ыңгайлуу жана жеткиликтүү кылат.

Ошентип, дүйнөлүк тажрыйба көрсөткөндөй, жасалма интеллект акырындык менен банктардын жана финансылык компаниялардын гана куралы болбой, ал калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча да мамлекеттик саясаттын бир бөлүгүнө айланууда. Көптөгөн өлкөлөр интеллектуалдык технологияларды финансылык билимди жеткиликтүү, түшүнүктүү жана жекелештирилген кылуу мүмкүнчүлүгү катары көрүшөт.

Бирок, ЭКӨУ бул көрүнүктүү жетишкендиктерге карабастан, жасалма интеллекттин кеңири жайылышы жаңы тобокелдиктер менен коштолорун белгилейт.


 

ЖЕКЕ КАРЖЫ ЧӨЙРӨСҮНДӨ ЖАСАЛМА ИНТЕЛЛЕКТТИ ПАЙДАЛАНУУ ТОБОКЕЛДИКТЕРИ

Жасалма интеллекттин кеңири мүмкүнчүлүктөрүнө карабастан, аны жеке финансылык тармакта колдонуу бир катар олуттуу тобокелдиктер менен коштолот. Ушул себептен улам, ЭКӨУдун отчетунда ЖИнин коопсуз колдонулушуна чоң көңүл бурулат. Эксперттердин айтымында, технология финансылык чечимдерди кабыл алууну кыйла жеңилдетет, бирок бул алардын тууралыгына кепилдик бербейт жана адамдын өз тандоосу үчүн жоопкерчиликтен бошотулбайт.

Эң негизги көйгөйлөрдүн бири жасалма интеллекттин “галлюцинациясы” деп аталат. Бул термин алгоритм ишендирерлик жана логикалык көрүнгөн, бирок каталарды камтыган же чындыкка дал келбеген жоопту түзүп жаткан кырдаалдарды билдирет. Жеке каржы чөйрөсүндө мындай так эместиктер олуттуу кесепеттерге алып келиши мүмкүн. Мисалы, колдонуучу салык мыйзамдары, насыя шарттары же инвестициялык инструменттердин өзгөчөлүктөрү жөнүндө туура эмес маалымат алып, туура эмес финансылык чечим кабыл алышы мүмкүн.

Дагы бир маанилүү маселе – бул алгоритмдик бейтараптуулук. Жасалма интеллект ачык булактардагы маалыматтарды алат. Эгерде баштапкы маалыматтарда кандайдыр бир каталар же стереотиптер бар болсо, алар алгоритмдин сунуштамаларында да кайталанышы мүмкүн. Дагы ЭКӨУ изилдөөсүндө эркектер менен аялдарга ар кандай инвестициялык кеңештерди берген жана колдонуучунун жеке муктаждыктарына карабастан белгилүү бир финансылык инструменттерге болгон жакындыгын көрсөткөн мисалдар бар.

Жеке маалыматтарды коргоо өзгөчө тынчсыздануу жаратат. Колдонуучулар көбүнчө өзүлөрүнүн кирешелери, топтогон акчалары, банктык эсептери, насыялары жана үй-бүлөлүк абалы тууралуу маалыматтарды жасалма интеллектке беришет. Бирок мындай маалыматтар жоопту калыптандыруу үчүн гана эмес, ошондой эле моделдерди үйрөтүү же сервистин купуялык саясатында каралган башка максаттар үчүн колдонулушу мүмкүн экендиги жөнүндө көпчүлүк ойлонушпайт. Ошондуктан ЭКӨУ ЖИге өздүгүн аныктоочу маалыматтарды, банктык карталардын номерлерин, сырсөздөрүн жана башка купуя маалыматтарды бербөөгө кеңеш берет.

Дагы бир тобокелдик – колдонуучулардын жасалма интеллектке ашыкча ишеними. Жөнөкөй баарлашуу формасынан улам, көпчүлүк ЖИнин жоопторун квалификациялуу финансылык адистин пикири катары кабыл алышат. Бирок, санариптик жардамчынын адамдын жашоо кырдаалы жөнүндө толук маалыматы жок экендигин жана кабыл алынган чечимдердин кесепеттери үчүн жоопкерчилик тартпай тургандыгын түшүнүү маанилүү. Лицензияланган финансылык консультанттардан айырмаланып, жасалма интеллект кардардын кызыкчылыктарын эске алууга милдеттүү эмес жана жөнгө салынган каржылык кеңеш бербейт. Ошондуктан, ЖИнин сунуштарын толук жетекчилик катары эмес, кошумча маалымат булагы катары кароо керек.

Мындан тышкары, интеллектуалдык технологиялардын кеңири жайылышы финансылык алдамчылык үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жаратат. Азыркы учурда кылмышкерлер жасалма билдирүүлөрдү түзүү, үндөрдү тууроо, жалган видео жазууларды жасоо жана жарандарды алдоо үчүн башка жолдорду колдонушат. Автоматташтырылган кызматтар канчалык кеңири жайылып баратса, алдамчылар өздөрүн банктардын же мамлекеттик уюмдардын өкүлдөрү катары көрсөтүү ошончолук жеңил болот. Бул колдонуучулардан санариптик коопсуздук чеберчилигин жогорулатууну талап кылат.


 

ФИНАНСЫЛЫК САБАТТУУЛУК - ЖАСАЛМА ИНТЕЛЛЕКТТИ КООПСУЗ ПАЙДАЛАНУУНУН НЕГИЗГИ ФАКТОРУ

ЭКӨУ изилдөөсүнүн негизги тыянактарынын бири – жасалма интеллекттин өнүгүшү финансылык сабаттуулуктун маанисин төмөндөтпөйт, тескерисинче, аны дагы да талап кылат. Азыр адам санариптик кызматтарды колдонууну гана билбестен, алган маалыматты сынчыл баалоону, анын аныктыгын текшерүүнү жана технологиялардын чектөөлөрүн түшүнүүнү билиши керек. ЭКӨУдун пикири боюнча, колдонуучу бир эле учурда бир нече түрдөгү компетенцияларга ээ болушу керек. Биринчиден, жеке каржыны башкаруунун негиздерин түшүнүү: бюджет түзүү, топтоо, инвестициялоо, насыялоо жана камсыздандыруу принциптери. Экинчиден, онлайн-сервистер менен коопсуз иштөө үчүн жетиштүү деңгээлде санариптик сабаттуулукка ээ болуу. Үчүнчүдөн, AI-сабаттуулукту өнүктүрүү маанилүү – суроолорду туура формулировкалоо, жасалма интеллекттин жоопторун баалоо, фактыларды жана божомолдорду айырмалоо, ошондой эле интеллектуалдык системаларды колдонуунун мүмкүн болгон тобокелдиктерин түшүнүү.

Ошондуктан көптөгөн мамлекеттер жасалма интеллектти кеңеш берүү куралы катары гана эмес, элдин финансылык сабаттуулугун жогорулатуунун куралы катары да колдоно башташты. Интерактивдүү чат-боттор, жекелештирилген окутуу программалары жана санариптик жардамчылар каржылык билимди, айрыкча жаштарга жана буга чейин салттуу билим берүү ресурстарын сейрек колдонгон калктын топторуна жеткиликтүү кылуу мүмкүнчүлүгүн түзүүдө. Бирок ЭКӨУ эң заманбап технологияларды да адистердин көзөмөлүндө жана текшерилген маалымат булактарына таянуу керек экенин баса белгилейт.


 

ЖЫЙЫНТЫК

Жасалма интеллект заманбап финансы рыногунун трансформациясындагы эң маанилүү факторлордун бири болуп баратат. Ал азыртадан эле каржылык кызматтарды жеткиликтүү, жекелештирилген жана ыңгайлуу кылуу менен жеке финансыларды башкаруунун жолун өзгөртүп жатат. Колдонуучулар өз чыгымдарын тезирээк талдоого, бюджетти пландаштырууга, финансылык өнүмдөрдү салыштырууга жана туура чечимдерди кабыл алууга мүмкүнчүлүк алышат.

Дүйнөлүк тажрыйба көрсөткөндөй, көптөгөн өлкөлөр жасалма интеллект технологияларын финансылык уюмдардын ишмердүүлүгүнө жана финансылык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча мамлекеттик программаларга активдүү киргизип жатышат. Канаданын, Улуу Британиянын, Түштүк Кореянын, Индиянын, Португалиянын, Италиянын жана Ирландиянын мисалдары акылдуу санариптик кызматтар финансылык билим берүүнүн сапатын кыйла жогорулатууга жана калктын финансылык билимине жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө жөндөмдүү экендигин тастыктап турат. Бирок жасалма интеллекттин кеңири жайылышы жаңы кыйынчылыктар менен коштолот. Туура эмес сунуштар, алгоритмдик бейтараптуулук, маалыматтардын купуялуулугуна коркунучтар, санариптик алдамчылык жана колдонуучулардын технологияга өтө эле таянуусу жаңы компетенцияларды калыптандырууну талап кылат. Ошондуктан, жасалма интеллект адамдык тажрыйбаны жана кесипкөй каржылык кеңеш берүүнү алмаштыруучу катары каралбашы керек.

Ошентип, жакынкы жылдардагы негизги милдет - интеллектуалдык технологияларды мындан ары өнүктүрүү гана эмес, калктын финансылык, санариптик жана ЖИ сабаттуулугун жогорулатуу. Заманбап санариптик куралдарды, сынчыл ой жүгүртүүнү жана финансылык чечимдерге жоопкерчиликтүү мамилени айкалыштыруу гана жасалма интеллекттин артыкчылыктарын максималдуу пайдаланууга жана ошол эле учурда мүмкүн болгон тобокелдиктерди минималдаштырууга мүмкүндүк берет.

 

АДАБИЯТ ТИЗМЕСИ

  1. Organisation for Economic Co-operation and Development (OECD). Artificial Intelligence and Personal Finance. OECD Artificial Intelligence Papers. No. 62. Paris: OECD Publishing, 2026.
  2. Organisation for Economic Co-operation and Development (OECD). Recommendation on Artificial Intelligence. Paris: OECD Publishing, 2024.
  3. Organisation for Economic Co-operation and Development (OECD). Recommendation on Financial Literacy. Paris: OECD Publishing, 2020.
← Макалалардын тизмесине

Төмөнкүлөрдү да окуңүз

Кредиттик тарых

Кредиттик тарых

Көп берилген суроолор

Көп берилген суроолор

Пайдалуу карыздык мамилелер же төлөө жөндөмдүүлүгүн кантип баалоо керек

Пайдалуу карыздык мамилелер же төлөө жөндөмдүүлүгүн кантип баалоо керек

Үй-бүлө бюджети

Үй-бүлө бюджети