2023-жылдын 24-октябрынан тартып 31-октябрь күндөрү Кыргызстандын бардык аймактарында өтө турган «Кыялдар канат байлаганда!» деген ураан менен Дүйнөлүк каражат топтоо күнүнө арналган иш-чаралар өтөт, анын алкагында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, мамлекеттик органдар жана коомдук уюмдар, коммерциялык банктар жана микрофинансылык уюмдар мектептерде финансылык сабаттуулук боюнча сабактарды, жогорку окуу жайларда лекцияларды жана тренингдерди өткөрөт.
31-октябрда бүткүл дүйнө жүзүндө Дүйнөлүк каражат топтоо күнү белгиленет. Биздин өлкөбүздө бул маалыматтык-билим берүү кампаниясын өткөрүү 2015-жылдан бери калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча салттуу иш-чаралардын бири болуп калды.
Жалпысынан, каражат топтоо адам өз акчасын канчалык туура башкарып жаткандыгын көрсөтөт. Каражат топтоо, адатта, финансылык чыгымдар менен байланышкан убактылуу кыйынчылыктарды жеңүү үчүн финансылык коопсуздукту камсыз кылууда өзгөчө маанилүү. Мындан тышкары, каражат топтоо финансылык максаттарга жетүүдө, жеке бизнес ачууда же акчаңызды пассивдүү киреше алуу үчүн инвестициялоодо маанилүү ролду ойнойт.
Дүйнөлүк каражат топтоо күнүн майрамдоо үчүн бүткүл өлкө боюнча 150гө жакын ар кандай иш-чаралар – ачык сабактар, лекциялар, интерактивдүү оюндар, экскурсиялар, ачык эшик күндөрү, сынактар, үй-бүлөлүк бюджет жана акчаны сабаттуу колдонуу темалары боюнча викториналар өткөрүлөт.
Улуттук банктын, коммерциялык банктардын жана башка финансы-кредит мекемелеринин өкүлдөрү калкка каражат топтоонун маанилүүлүгү жөнүндө айтып беришет, колдо болгон каражатты сактоонун жана көбөйтүүнүн ар кандай жолдору менен тааныштырышат. Улуттук банк башкы кеңсенин нумизматикалык музейинде экскурсияларды өткөрөт.
Иш-чаралар жөнүндө кененирээк маалымат Иш-чаралар планында чагылдырылды.
← Жаңылыктардын тизмесине