Үй бүлө бюджети
Үй бүлө бюджети
Топтолгон жыйым
Топтолгон жыйым
Кредиттер жана карыздар
Кредиттер жана карыздар
Керектөөчүлөр (пайдалануучулар) укугун коргоо
Керектөөчүлөр (пайдалануучулар) укугун коргоо
Финансы жөнүндө
Финансы жөнүндө
Инвестициялоо
Инвестициялоо
Финансылык коопсуздук жана камсыздандыруу
Финансылык коопсуздук жана камсыздандыруу
Салыктар жана чегерүүлөр
Салыктар жана чегерүүлөр
Жаңылыктар
Жаңылыктар

Ош областында көчмө лекциялар

2026 Жетинин айынын 05 жарыяланды
Ош областында көчмө лекциялар

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Ош областтык башкармалыгынын кызматкерлери «Дүйнөлүк каражат топтоо күнү–2026» иш-чарасын өткөрүүнүн алкагында 2026-жылдын 27-октябрынан 30-октябрына чейин көчмө лекцияларды өткөрдү.

Көчмө лекцияларга Өзгөн районунун Куршаб айылындагы Ы. Бектемиров атындагы №2, Кара-Суу районунун Кара-Сөгөт айылынын О. Кожошев атындагы №32, Ош шаарынын Ноокат районундагы Найман атындагы жана Ишкаван айылынын К. Маткеримов атындагы №62 жалпы орто билим берүү мектептеринин окуучулары катышты.

Лекциянын жүрүшүндө улуттук валютанын өнүгүү жолу менен коргоо элементтери, QR-код аркылуу төлөм жүргүзүү, ошондой эле кредит, депозит жана каражат топтоо боюнча маалымат берилди. Мында, жаштардын финансылык алдамчылыкка тартылуусунун алдын алуу маселесине өзгөчө көңүл бурулду.

Ош мамлекеттик университетинин Бизнес жана менеджмент факультетинин 2-курсунун студенттери үчүн Ош областтык башкармалыгынын нумизматикалык музейинде ачык эшик күнү уюштурулду. Анда улуттук валютанын өнүгүү жолу,  анын коргоо элементтери, кредиттөө жана аманат боюнча лекциялар окулду.

Мындан тышкары, Ош шаарындагы В.В. Терешкова атындагы №11 мектеп- интернаттын 9-классынын окуучулары үчүн акча каражаттарын үнөмдөө темасында  интерактивдүү оюн өткөрүлдү.

«Дүйнөлүк каражат топтоо-2026» иш-чарасына 400гө жакын адам катышты.

← Жаңылыктардын тизмесине

Төмөнкүлөрдү да окуңүз

Кардалар даттануулар жана өтүнүчтөр менен кайда жана кимге  кайрыла алышат

Кардалар даттануулар жана өтүнүчтөр менен кайда жана кимге кайрыла алышат

Финансы пирамидалары. Алдамчылардын торуна илинбеш үчүн эмне кылыш керек

Финансы пирамидалары. Алдамчылардын торуна илинбеш үчүн эмне кылыш керек

Инвестициялар бай болууга кандайча көмөк берет?

Инвестициялар бай болууга кандайча көмөк берет?

Улуттук банк сак болууга чакырат! 

Улуттук банк сак болууга чакырат!