Үй бүлө бюджети
Үй бүлө бюджети
Топтолгон жыйым
Топтолгон жыйым
Кредиттер жана карыздар
Кредиттер жана карыздар
Керектөөчүлөр (пайдалануучулар) укугун коргоо
Керектөөчүлөр (пайдалануучулар) укугун коргоо
Финансы жөнүндө
Финансы жөнүндө
Инвестициялоо
Инвестициялоо
Финансылык коопсуздук жана камсыздандыруу
Финансылык коопсуздук жана камсыздандыруу
Салыктар жана чегерүүлөр
Салыктар жана чегерүүлөр
Жаңылыктар
Жаңылыктар

Бишкекте финансылык сабаттуулук боюнча тренингдер

2025 Жалган куран айынын 26 жарыяланды
Бишкекте финансылык сабаттуулук боюнча тренингдер

2025-жылдын 25-мартында Бишкек шаарында Улуу Британияга сезондук жумуштарга кетип жаткан 100дөй адамдын катышуусунда финансылык сабаттуулук боюнча 2 тренинг өткөрүлдү. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу чет өлкөлөрдөгү жарандарды иш менен камсыз кылуу борбору тарабынан Эл аралык Миграция уюмдун (МОМ) колдоосу менен жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен биргеликте Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн сапар алдындагы окутуунун алкагында уюштурулду.

Тренингдин жүрүшүндө катышуучулар жеке каржыны натыйжалуу башкаруу, каражат топтоолорду түзүү, депозиттик жана кредиттик продукттары пайдалануу, инвестициялоо, электрондук финансылык кызматтарын пайдалануу, ошондой эле финансылык коопсуздук чаралары, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо, салыктар жана камсыздандыруу жөнүндө толук маалымат алышты.

Мындан тышкары, катышуучулар Улуу Британияда ишке орношуунун финансылык аспектилери менен таанышышты, анын ичинде эмгек акыны эсептөө жана төлөө, салык салуу жана салыктарды кайтарып алуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берилди.

Мындай окутуу иш-чаралары эмгек мигранттарын даярдоонун маанилүү этабы болуп саналат, аларга кабыл алуучу өлкөнүн экономикалык шарттарына көнүүгө жана өздөрү жана алардын үй-бүлөлөрү үчүн финансылык туруктуулукту камсыз кылууга жардам берет.

← Жаңылыктардын тизмесине

Төмөнкүлөрдү да окуңүз

КРнын чоң кишилеринин арасында финансылык сабаттуулук орточо деңгээлде.

КРнын чоң кишилеринин арасында финансылык сабаттуулук орточо деңгээлде.

Топтолуучу пенсия: Соцфонддо каражаттарды пайдалануунун жаңы мүмкүнчүлүктөрү тууралуу айтып беришти

Топтолуучу пенсия: Соцфонддо каражаттарды пайдалануунун жаңы мүмкүнчүлүктөрү тууралуу айтып беришти

Керектөөчүнүн негизги укуктары жана милдеттери

Керектөөчүнүн негизги укуктары жана милдеттери

"Сабаттуу жашоо" финансылык сабаттуулук боюнча балдар үчүнтеледолбоору

"Сабаттуу жашоо" финансылык сабаттуулук боюнча балдар үчүнтеледолбоору