2025-жылдын 24-декабрында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында финансылык сабаттуулукту жогорулатуу жагында 2025-жылы өткөрүлгөн иш-чараларды жыйынтыктоо боюнча өнөктөш уюмдардын жолугушуусу болуп өттү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин, «Кыргызстан банктар союзу» ЮЖБ, «Кыргызстан» ТПФ, «Кепилдик фонду» ААК, «Ардагер» карылар үчүн ресурстук борбор» КБ, коммерциялык банктардын, микрофинансылык жана башка финансылык уюмдардын өкүлдөрү, ошондой эле финансылык сабаттуулук боюнча онлайн викторинанын жеңүүчүлөрү жана Улуттук банктын www.finsabat.kg финансылык сабаттуулук сайтынын катталуучулары катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө маалыматтык жана билим берүү өнөктүктөрүнүн сандык жыйынтыктары көрсөтүлүп, жарандардын финансылык бакубаттуулугуна жана өлкөнүн финансылык туруктуулугуна жетишүүнүн ажырагыс бөлүгү катары коомчулукка финансылык сабаттуулук боюнча маалыматты кеңири жеткирүү жана калктын каражат топтоо маданиятын өнүктүрүү зарылдыгы баса белгиленди.
Калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатууда, өздүк каражаттарын жоопкерчиликтүү башкарууга, каражат топтоого жана чыгашаларын пландаштырууга мүмкүнчүлүк берилет, ички инвестициялардын көбөйүшүнө, кредиттик тартипти бекемдөөгө өбөлгө түзүлөт жана калктын алдамчылыктан коргонуу деңгээли жогорулайт.