Үй бүлө бюджети
Үй бүлө бюджети
Топтолгон жыйым
Топтолгон жыйым
Кредиттер жана карыздар
Кредиттер жана карыздар
Керектөөчүлөр (пайдалануучулар) укугун коргоо
Керектөөчүлөр (пайдалануучулар) укугун коргоо
Финансы жөнүндө
Финансы жөнүндө
Инвестициялоо
Инвестициялоо
Финансылык коопсуздук жана камсыздандыруу
Финансылык коопсуздук жана камсыздандыруу
Салыктар жана чегерүүлөр
Салыктар жана чегерүүлөр
Жаңылыктар
Жаңылыктар

Финансы жарманкеси Ош шаарында

2026 Чын куран айынын 02 жарыяланды
Финансы жарманкеси Ош шаарында

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2026-жылдын 2-апрелинде Глобалдык акча жумалыгы -2026 кампаниясынын алкагында Ош шаарындагы Ош мамлекеттик университетинде финансы жарманкесин өткөрдү, ага Бишкек шаарындагы ЕККУнун Программалык кеңсесинин, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, Кыргыз Республикасындагы Депозиттерди коргоо агенттигинин, коммерциялык банктардын, микрофинансылык жана башка уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Финансы жарманкесине катышкан ЖОЖдордун окутуучуларына жана студенттерине, жаштарга, орто мектептердин окуучуларына, Ош шаарынын тургундарына жана конокторуна финансылык сабаттуулуктун негиздери, депозиттерди коргоо системасы, финансылык коопсуздукту камсыздоо, ишкердик ишмердүүлүк эмнеден башталат деген  актуалдуу темалары боюнча презентациялар сунушталды, ошондой эле финансылык сабаттуулук боюнча практикалык мини-тренинг өткөрүлдү.

Финансылык жарманкеде коммерциялык банктар жана финансылык уюмдар тарабынан катышуучуларга базалык банктык кызмат көрсөтүүлөр: банктык эсептерди жана коммерциялык банктардын төлөм карталарын ачуу боюнча маалыматтар, ошондой эле келип чыккан маселелер боюнча консультациялар берилди.

Мындан тышкары, интерактивдүү оюндар, сынактар жана викториналар өткөрүлдү. Жарманкенин активдүү катышуучулары, ошондой эле сынактардын жана викториналардын жеңүүчүлөрү атайын сыйлыктар менен сыйланышты.

Финансы жарманкесине 600гө ашык адам катышты.

← Жаңылыктардын тизмесине

Төмөнкүлөрдү да окуңүз

Акча алиппеси. 4-бөлүк

Акча алиппеси. 4-бөлүк

Кредит деген эмне?

Кредит деген эмне?

2020-жылдын 25-декабрында Кыргыз Республикасынын калкынын финансылык сабаттуулугун 2016-2020-жылдары жогорулатуу программасын ишке ашыруу боюнча Координациялык кеңештин отуруму болуп өттү

2020-жылдын 25-декабрында Кыргыз Республикасынын калкынын финансылык сабаттуулугун 2016-2020-жылдары жогорулатуу программасын ишке ашыруу боюнча Координациялык кеңештин отуруму болуп өттү

Пандемия жана финансы кризиси учурунда акчаны кантип сактоо керек — КР Улуттук банкынын кеңештери

Пандемия жана финансы кризиси учурунда акчаны кантип сактоо керек — КР Улуттук банкынын кеңештери