Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2026-жылга карата региондордо финансылык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча бекитилген планынын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин ««Элдик Банк» ачык акционердик коомун аманат ишинин маданиятын улантуучу деп таануу жөнүндө» Жарлыгынын алкагында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Жалал-Абад областтык башкармалыгы «Элдик Банк» ААКтын өкүлдөрү менен биргеликте 2026-жылдын 29-январында Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин экономика факультетинин студенттери үчүн финансылык сабаттуулук боюнча көчмө лекция өткөрдү.
Бул иш-чаранын жүрүшүндө үнөмдөөнүн маанилүүлүгү, топтолгон акча каражаттарын сактоо жана көбөйтүү жолдору, жеке акчаны башкаруу, ошондой эле үй-бүлө кирешесинин жана чыгашасынын түзүмү тууралуу маалымат берилди.
