2026-жылдын 31-мартында Глобалдык акча жумалыгынын-2026 алкагында Заманбап Маалыматтык Технологиялар Институтунун (ISITO) биринчи курсунун студенттери үчүн финансылык сабаттуулук боюнча көчмө лекция өткөрүлдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө «Акча: колдонуу боюнча нускама» деген презентация көрсөтүлүп, анда финансылык сабаттуулукту жогорулатуунун жана жарандардын финансылык бакубаттуулугуна жана өлкөнүн финансылык туруктуулугуна жетүүнүн ажырагыс бөлүгү катары каражат топтоо маданиятын өнүктүрүүнүн маанилүүлүгү белгиленди. Лекцияда финансылык коопсуздукка, дропперликке жана алдамчылыктан коргонуу ыкмаларына өзгөчө көңүл бурулду. Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер кызыккан суроолоруна жооп алышты. Лекцияга 90го жакын адам катышты.
Калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу жеке финасыны жоопкерчилик менен башкарууга, каражат топтоолорду стимулдаштырууга жана чыгашаларды пландаштырууга мүмкүндүк берет, ички инвестициялардын өсүшүнө, кредиттик тартипти чыңдоого көмөктөшөт жана калкты алдамчылыктан өз алдынча коргоо деңгээлин жогорулатат.