Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Жалал-Абад областтык башкармалыгынын кызматкерлери 2026-жылдын 27-апрелинде планга ылайык Жалал‑Абад областынын Ноокен районуна караштуу Шамалдуу-Сай шаарынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылары, ошондой эле, орто мектептердин жогорку класстагы окуучулары үчүн финансылык сабаттуулук боюнча көчмө лекция өткөрүштү.
Иш-чаранын жүрүшүндө Улуттук банктын өкүлдөрү акчага жоопкерчиликтүү мамиле кылуу керектигин айтышып, алдамчылык схемалары боюнча мисалдарды карашып, дропперлик маселелерин талкуулашты.



