Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2026-жылга карата региондордо финансылык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча бекитилген планынын негизинде Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Ысык-Көл областтык башкармалыгы 2026-жылдын 17-апрелинде, Ысык-Көл областынын Түп районунун Сары-Көл айылындагы Т. Шевченко атындагы орто мектептин жогорку класстарынын окуучулары үчүн финансылык сабаттуулук боюнча көчмө лекция өткөрдү.
Лекциянын жүрүшүндө угуучуларга QR-коддорду колдонуу менен төлөмдөрдү жүргүзүү, дропперлик жана алдамчылык жөнүндө маалымат берилди.
