Үй бүлө бюджети
Үй бүлө бюджети
Топтолгон жыйым
Топтолгон жыйым
Кредиттер жана карыздар
Кредиттер жана карыздар
Керектөөчүлөр (пайдалануучулар) укугун коргоо
Керектөөчүлөр (пайдалануучулар) укугун коргоо
Финансы жөнүндө
Финансы жөнүндө
Инвестициялоо
Инвестициялоо
Финансылык коопсуздук жана камсыздандыруу
Финансылык коопсуздук жана камсыздандыруу
Салыктар жана чегерүүлөр
Салыктар жана чегерүүлөр
Жаңылыктар
Жаңылыктар

GMW Ош областында!

2026 Чын куран айынын 06 жарыяланды
GMW Ош областында!

Улуттук банктын Ош областтык башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан «Глобалдуу акча жумалыгы – 2026» иш-чарасынын алкагында 2026-жылдын 30-мартынан тартып 3-апрель күндөрү «Акчаны туура колдонуу-үйдө береке болгону» деген ураан менен Улуттук банктын Ош областтык башкармалыгынын нумизматикалык музейинде Ош шаарындагы Ош мамлекеттик университетинин финансы-юридикалык колледжинин, Ош технологиялык университетинин гуманитардык технологиялык колледжинин студенттерине, Ага Хан мектебинин жана В. Терешкова атындагы орто мектептин окуучуларына ачык эшик күндөрү уюштурулуп, улуттук валютанын өнүгүү этаптары, коргоо белгилери жана каражат топтоо жөнүндө лекция окулду жана нумизматикалык экспонаттар көрсөтүлдү. 

Мындан тышкары, Араван районунун Төө-Моюн айылынын А. Сыдыков атындагы № 28 жана Б. Жээналиев атындагы № 24 орто мектептерине, Өзгөн районунун Какыр айылынын Сатыбалды Жолдош уулу атындагы № 21 жана Ак-Жар айылынын М. Кулуев атындагы № 22 орто мектептерине жана Кара-Суу районунун Ынтымак айылынын Ж. Турусбеков атындагы №14 орто мектебинин окуучуларына улуттук валютанын өнүгүү этаптары, улуттук валютанын коргоо белгилери, кредит, депозит, каражат топтоо темалары, ошондой эле жаштардын финансылык алдамчылыкка тартылышын алдын алуу боюнча атайын көчмө лекциялары өткөрүлдү. 

Көчмө лекцияларга 450гө жакын адам катышты. 

← Жаңылыктардын тизмесине

Төмөнкүлөрдү да окуңүз

Кооперативдин финансылык пирамидага тиешеси жоктугун кантип билсе болот? – Улуттук банктын кеңеши

Кооперативдин финансылык пирамидага тиешеси жоктугун кантип билсе болот? – Улуттук банктын кеңеши

Кредитти кантип алууга болот?

Кредитти кантип алууга болот?

2020-жылдын 25-декабрында Кыргыз Республикасынын калкынын финансылык сабаттуулугун 2016-2020-жылдары жогорулатуу программасын ишке ашыруу боюнча Координациялык кеңештин отуруму болуп өттү

2020-жылдын 25-декабрында Кыргыз Республикасынын калкынын финансылык сабаттуулугун 2016-2020-жылдары жогорулатуу программасын ишке ашыруу боюнча Координациялык кеңештин отуруму болуп өттү

Байыганды үйрөнөбүз. Жаңы жылда акча топтоого жардам бере турган он чакырык.

Байыганды үйрөнөбүз. Жаңы жылда акча топтоого жардам бере турган он чакырык.