Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Ош областтык башкармалыгынын кызматкерлери «Дүйнөлүк каражат топтоо күнү» иш-чарасын белгилөөнүн алкагында 2026-жылдын 26-октябрында Ош областынын Араван районуна караштуу Керме-Тоо айыл аймагынын айыл өкмөт кызматкерлери, мугалимдер жана жергиликтүү тургундар үчүн финансылык сабаттуулук боюнча пландалган көчмө лекция өткөрдү.
Лекциянын жүрүшүндө Улуттук банктын аткарган ролу жана функциялары, улуттук валютанын тарыхы, өнүгүү этаптары жана коргоо белгилери, кредиттер менен депозиттердин түрлөрү, ошондой эле каражат топтоо жолдору тууралуу маалымат берилди.
Ошондой эле жаштардын финансылык алдамчылыкка жана дропперликке тартылуусун алдын алуу боюнча практикалык сунуштар айтылды. Ошону менен бирге, Түндүк тиркемеси аркылуу кредит алууга өзүнө-өзү тыюу салуу тартиби жана аны кайра алып салуу жолдору көрсөтүлдү.
Мындан сырткары, Ош мамлекеттик университетинин бизнес жана менеджмент факультетинин 2-курсунун студенттери үчүн Ош областтык башкармалыгынын нумизматикалык музейинде ачык эшик күндөрү уюштурулуп, улуттук валютанын өнүгүү этаптары, анын коргоо белгилери, кредиттөө жана аманат боюнча лекциялар окулду.

