Үй бүлө бюджети
Үй бүлө бюджети
Топтолгон жыйым
Топтолгон жыйым
Кредиттер жана карыздар
Кредиттер жана карыздар
Керектөөчүлөр (пайдалануучулар) укугун коргоо
Керектөөчүлөр (пайдалануучулар) укугун коргоо
Финансы жөнүндө
Финансы жөнүндө
Инвестициялоо
Инвестициялоо
Финансылык коопсуздук жана камсыздандыруу
Финансылык коопсуздук жана камсыздандыруу
Салыктар жана чегерүүлөр
Салыктар жана чегерүүлөр
Жаңылыктар
Жаңылыктар

Глобалдуу акча жумалыгы Кыргызстанда

2022 Бирдин айынын 26 жарыяланды
Глобалдуу акча жумалыгы Кыргызстанда

2022-жылдын 26-февралында Улуттук банкта «Глобалдуу акча жумалыгы-2022» ири масштабдуу маалымат берүү-агартуу кампаниясын Кыргызстанда өткөрүү боюнча өнөктөш уюмдарынын жолугушуусу болуп өттү. Анын алкагында дүйнөнүн 170 ашык өлкөлөрүндө финансылык сабаттуулук боюнча иш-чараларды өткөрүүнү камтыйт.

Глобалдуу акча жумалыгынын акыркы максаты  - бардык балдар менен жаш муунга жогорку сапаттагы финансылык билимдин жеткиликтүү болушун, акчаны сарамжалдуу колдонуу маданиятын калыптандырууну, келечекте финансылык туруктуулук менен бакубат турмушун жакшыртууга мүмкүндүк берген туура финансылык чечим кабыл алуу үчүн акчанын мааниси тууралуу билимге ээ болууну камсыз кылуу.

Глобалдуу акча жумалыгынын алкагында бир катар иш-чараларды өткөрүү пландаштырылган: ачык эшик күндөрү, лекциялар, интерактивдүү оюндар, финансылык мекемелерге экскурсия жана сынактар. Иш-чаралардын толук тизмеси Улуттук банктын расмий сайтында жана финансылык сабаттуулук боюнча www.finsabat.kg сайтында жайгаштырылат.

Маалымат үчүн: Глобалдуу акча жумалыгы-2022 Кыргызстанда Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Айыл чарба министрлиги, эл аралык уюмдар жана өлкөнүн финансы-кредит уюмдары менен биргеликте өткөрүлүп жатат.

← Жаңылыктардын тизмесине

Төмөнкүлөрдү да окуңүз

Акчалай каражаттарды эсепке алуу күндөлүгү

Акчалай каражаттарды эсепке алуу күндөлүгү

Кредит деген эмне?

Кредит деген эмне?

Финансы пирамидалары. Алдамчылардын торуна илинбеш үчүн эмне кылыш керек

Финансы пирамидалары. Алдамчылардын торуна илинбеш үчүн эмне кылыш керек

Көп берилген суроолор

Көп берилген суроолор