Үй бүлө бюджети
Үй бүлө бюджети
Топтолгон жыйым
Топтолгон жыйым
Кредиттер жана карыздар
Кредиттер жана карыздар
Керектөөчүлөр (пайдалануучулар) укугун коргоо
Керектөөчүлөр (пайдалануучулар) укугун коргоо
Финансы жөнүндө
Финансы жөнүндө
Инвестициялоо
Инвестициялоо
Финансылык коопсуздук жана камсыздандыруу
Финансылык коопсуздук жана камсыздандыруу
Салыктар жана чегерүүлөр
Салыктар жана чегерүүлөр
Жаңылыктар
Жаңылыктар

Финансылык кызматтардын керектөчүлөрүнүн эсине

2020 Бугу айынын 10 жарыяланды
Финансылык кызматтардын керектөчүлөрүнүн эсине

Улуттук банк кредиттик төлөмдөрдүн мөөнөттөрүн жылдыруу, комиссиялык жана айыптык төлөмдөрдү алууга, туум чегерүүгө тыюу салуу боюнча түшүндүрмөлөрдү берет

Коронавирус инфекциясынын жайылышына байланыштуу экономикалык терс кесепеттерди жөнгө салуу максатында колдонулуп жаткан чаралардын алкагында, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан 2020-жылдын 18-мартында өлкөнүн ишкер субъектилерин жана калкын колдоого, банк жана финансы системасынын туруктуулугун сактоого багытталган чечим кабыл алынган.
Улуттук банктын бул чечими менен финансы-кредит уюмдарына карыз алуучуга кандай жеңилдиктер берилгендигине карабастан, кредиттик келишим шарттарын кайра карап чыгууда комиссиялык жана башка төлөмдөрдү чегерүүгө жана алууга тыюу салынган.
Карыз алуучу кредит боюнча төлөмдөрдү убагында төлөй албаган же сумманын бир бөлүгүн гана төлөгөн учурда, ага үстөк айып (айыптык төлөм/туум) салууга тыюу салынган.
Финансы-кредит уюмдарына карыз алуучулардын кредитти төлөө мөөнөтүн негизги суммасы боюнча да, чегерилген пайыздар боюнча да өз-өзүнчө же чогуу алганда кеминде 3 (үч) айга жылдыруу сунушталган. Мында карыз алуучунун финансы-кредит уюмунун алдындагы карызын кечүү эмес, төлөмдөрдүн мөөнөтүн жылдыруу сунушталгандыгын белгилеп кетүү зарыл. Анткени бул коммерциялык банктардын аманатчылар алдындагы милдеттенмелерин аткаруу мүмкүнчүлүгүнө таасирин тийгизет.
Жарандардын көңүлүн «кредиттик тыныгуу» бул негизги суммага пайыздарды чегерүү токтотулду дегенди билдирбей тургандыгына бурабыз. Улуттук банктын сунуш-көрсөтмөсүндө негизги сумманы жана пайыздарды төлөө мөөнөтү жылдырылгандыгы так белгиленген, мында коммерциялык банктардын бар милдеттенмелерине байланыштуу негизги суммага пайыздарды чегерүү токтотулушу мүмкүн эмес.
Улуттук банктын сунуш-көрсөтмөсүнүн өзүнчө пунктунда белгилүү бир карыз алуучунун абалына, атап айтканда, анын бизнесинин абалына жана каржылоо булактарына баа берүү талабы белгиленген. Баа берүүнүн жыйынтыгында банк сунуш кылынып жаткан үч ай мезгилинен ашкан мөөнөткө кредитти реструктуризациялоо жана пролонгациялоо жөнүндө чечим кабыл алышы мүмкүн.
Ошондой эле баа берүүдөн тышкары, жылдырылган мөөнөткө аманатчылардын депозитинин жайгаштырылган мөөнөтү да түздөн-төз таасирин тийгизерин эске алуу зарыл, себеби банк алардын каражаттарынын эсебинен кредит берет.
Республиканын көптөгөн ишкерлери сыяктуу эле коммерциялык банктар да коронавирус инфекциясынан улам келип чыккан оор шарттарда өз бизнесин жүргүзүп жаткан ишкердик иштин субъектилери болуп саналат.
Бүгүнкү күндө банк чөйрөсүндө 15000 жаран эмгектенет, алар өлкөбүздүн калкын финансылык кызмат көрсөтүүлөр менен камсыз кылат.
2020-жылдын 10-майына карата абал боюнча коммерциялык банктар тарабынан жалпы 58.1 млрд. сом суммасына 90 миң 151 кредит реструктуризацияланган.
Бул маалыматта банктардын көпчүлүк кардарлары киргизилген чектөөлөргө байланыштуу банкка өз учурунда билдирме бере албай жаткандыгы эске алынган эмес. Ушуга байланыштуу Улуттук банк берилген арыздардын дагы көбөйүшүн жана өзгөчө абал токтотулгандан кийин да банктардын кредиттерди реструктуризациялашын болжолдойт.
Кредит боюнча төлөмдөрдү төлөөдө кыйынчылыктар келип чыккан шартта, карыз алуучу финансы-кредит уюмуна кредиттик келишимдин шарттарын өзгөртүү (негизги сумма сыяктуу эле, пайыздар боюнча да төлөө мөөнөтүн жылдыруу, төлөө графигин өзгөртүү, төлөө мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу, пайыздык ченди төмөндөтүү ж.б.) өтүнүчү менен кайрылуусу зарыл.
Финансы-кредит уюмдары, өз кезегинде, ар бир кредит боюнча өзүнчө жеке чечим кабыл алып, учурдагы жагдайга байланыштуу карыз алуучуларга кредиттик милдеттенмелерин жеңилдетүүгө мүмкүндүк берген ар түрдүү варианттарды сунуштайт (келишим шарттарын кайра кароо, төлөө мөөнөтүн жылдыруу).
Коронавирус инфекциясынын жалпы жайылып кетүүсүнө жол бербөөгө байланыштуу жагдайдан улам кредитти төлөө мөөнөтүн жылдыруу жөнүндө маалыматтар кредиттик бюролор тарабынан терс кредиттик маалыматка киргизилбейт. Ушуга байланыштуу келечекте кредит алууда финансы-кредит уюмдары кредиттерди төлөөнүн мөөнөтүн кечиктирүүнүн себептерине көңүл бурушат.
Кабыл алынган чечимдер финансы-кредит уюмдарынын карыз алуучулары болуп саналган жеке адамдарга да юридикалык жактарга таркатылат. Ошол эле учурда кабыл алынган ченемдер коронавирус инфекциясынын жайылышына же ага каршы күрөшүү боюнча кабыл алынган чараларга байланыштуу тике же кыйыр түрдө финансылык кыйынчылыктарга туш болгон карыз алуучулардын төлөмдөрүнө гана карата колдонулат.
Өзгөчө абал режими шартында финансы-кредит уюмдарына алардын расмий сайттары, электрондук почталары жана башка байланыш каналдары аркылуу аралыктан кайрылуу сунушталат.
Улуттук банктын талаптарына ылайык, кардар банкка кайрылган ар бир учур кайрылуулар боюнча журналда катталат, ага ылайык финансы-кредит уюмдары карыз алуучулардын арыздарын карап чыгууга жана жооп жөнөтүүгө милдеттүү.
Жогорудагы чаралар өлкөдөгү экономикалык жана социалдык абалга жараша Улуттук банк тарабынан тиешелүү чечим кабыл алынганга чейин колдонулат.
Кандайдыр бир суроолор пайда болгон же даттануу зарылдыгы жаралган учурда төмөндөгү телефондорго кайрылууну өтүнөбүз.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

← Жаңылыктардын тизмесине

Төмөнкүлөрдү да окуңүз

Ипотеканын негизги эрежелери

Ипотеканын негизги эрежелери

Акча алиппеси. 1-Бөлүк.

Акча алиппеси. 1-Бөлүк.

Кардалар даттануулар жана өтүнүчтөр менен кайда жана кимге  кайрыла алышат

Кардалар даттануулар жана өтүнүчтөр менен кайда жана кимге кайрыла алышат

Улуттук банк сак болууга чакырат! 

Улуттук банк сак болууга чакырат!