Үй бүлө бюджети
Үй бүлө бюджети
Топтолгон жыйым
Топтолгон жыйым
Кредиттер жана карыздар
Кредиттер жана карыздар
Керектөөчүлөр (пайдалануучулар) укугун коргоо
Керектөөчүлөр (пайдалануучулар) укугун коргоо
Финансы жөнүндө
Финансы жөнүндө
Инвестициялоо
Инвестициялоо
Финансылык коопсуздук жана камсыздандыруу
Финансылык коопсуздук жана камсыздандыруу
Салыктар жана чегерүүлөр
Салыктар жана чегерүүлөр
Жаңылыктар
Жаңылыктар

Улуттук банк жарандарга шектүү продукттар менен инструменттерге инвестиция салууда этият болууну сунуштайт 

2023 Бугу айынын 30 жарыяланды
Улуттук банк жарандарга шектүү продукттар менен инструменттерге инвестиция салууда  этият болууну сунуштайт 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, акыркы учурларда ар кандай интернет-ресурстар, жалпыга маалымдоо каражаттары, ошондой эле социалдык тармактар, мессенджерлер жана башка коммуникация каражаттары аркылуу жарандарга белгилүү бир активдерди сатып алуу же Улуттук банктын жана башка финансылык уюмдардын атынан финансылык жардам көрсөтүү боюнча түшүнүксүз көп маалыматтар сунушталып жаткандыгын билдирет.  

Мында чындыкка дал келбеген маалымат таркатылып жатат, тактап айтканда, шилтеме аркылуу өтүү менен же ошол инструменттерге акча каражаттарын салып, кыска убакыт ичинде көп киреше алуу жана заматта байып кетүү мүмкүнчүлүгү сунушталууда. 

Калктын көңүлүн буруу үчүн алдамчылар чындыкка жатпаган маалыматты таратуу, белгилүү бир активдерден жогору киреше алуу жана аларды андан ары төлөм каражаты катары жүгүртүү же аларды товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө алмаштыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуу жөнүндө материалдарды жайгаштыруу менен жарнама ишин катуу жүргүзүп жатышат. Элди көбүрөөк ишендирүү үчүн алдамчылар Улуттук банктын атрибуттарын жана медиа чөйрөсүндө кеңири таанымал инсандардын сүрөттөрүн пайдаланган учурлар да кездешүүдө.  

Улуттук банк мындай учурларда өтө этият болууну, алдамчылык белгилерин камтыган шектүү продукттарга жана инструменттерге инвестиция салуудан алыс болууну сунуштайт жана төмөнкү коопсуздук чараларын так сактоого чакырат: 

- расмий сайттарды гана колдонуңуз, эч качан шектүү шилтемелерге кирбеңиз, ал шилтемеге жеке маалыматтарыңызды жана картаңыздын маалыматтарын киргизбеңиз;  

- эгерде картаңызды уурдатып же жоготуп алсаңыз, картаңыз банкоматка тартып алса же кайсы болбосун башка кыйынчылыктарда дароо өз банкыңызга телефон чалыңыз;  

- дайыма өз операцияларыңызды банктын көчүрмөсүнө салыштырып текшериңиз. Эгерде сиз аткарбаган операция жүргүзүлгөнүн аныктасаңыз, түптөлгөн жагдайды териштирүү өтүнүчү менен дароо өз банкыңызга арыз менен кайрылыңыз;  

- карта сыяктуу эле, электрондук капчыкты колдонууда да шектүү шилтемелерге кирип, жеке маалыматтарыңызды жазбаңыз.  

- эгерде электрондук капчык тиркемеси жүктөлгөн телефонуңузду уурдатып жиберсеңиз, дароо өз банкыңызга бул тууралуу маалымдап, электрондук капчыгыңызды блокко коюңуз.  

- банкоматтан акча чыгарууда эч качан бейтааныш адамдардан жардам сурап кайрылбаңыз. 

- өзүңүздүн картаңыздын номерин, ПИН-кодун, картанын колдонуу мөөнөтүн, ошондой эле CVV/CVC коддорун (бул коопсуздук коддору болуп саналат, картанын аркы бетиндеги кол тамга коюла турган тилкедеги 3 цифра) эч кимге айтпаңыз жана көрсөтпөңүз.  

- электрондук капчык колдонууда да коопсуздук эрежелерин сактаңыз. Биринчи кезекте, капчыкка кирүү үчүн көп белгиден турган узак сыр сөздү (мисалы, 6 дан 16га чейинки белгиден турган) белгилеп алыңыз, идентификациядан өтүңүз;  

- алдамчылык иш-аракеттерине кабылган учурда токтоосуз өзүңүз тейленген банкка жана укук коргоо органдарына кайрылыңыз.  

Финансылык кызматтарды көрсөтүүгө байланыштуу суроолор пайда болгон учурда Улуттук банк финансылык уюмдарга онлайн-сервис кызматтары аркылуу (телефон, электрондук почта, социалдык тармактар ​​жана мессенджер аркылуу) кайрылууну сунуштайт. Иш тартиби, продукттар жана кызматтар жөнүндө маалымат финансы уюмдарынын интернет-сайттарында жайгаштырылган.  

Зарыл болгон ыкчам маалыматты/консультацияларды алуу үчүн жарандар Улуттук банктын коомдук кабылдамасына 0 312 61 04 86 телефону, Улуттук банктын 0501 89 00 00 whatsapp-каналы, финансы кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо маселелери боюнча 0312 61 45 78 телефон номери жана 0555 85 57 48, 0770 73 73 49 мобилдик номерлер аркылуу кайрыла алышат.  

← Жаңылыктардын тизмесине

Төмөнкүлөрдү да окуңүз

Акчалай каражаттарды эсепке алуу күндөлүгү

Акчалай каражаттарды эсепке алуу күндөлүгү

Акча каражатын сактоонун кандай эрежелери бар?

Акча каражатын сактоонун кандай эрежелери бар?

Акча алиппеси. 3-бөлүк

Акча алиппеси. 3-бөлүк

Каражат топтоо деген эмне жана ал эмнеге керек?

Каражат топтоо деген эмне жана ал эмнеге керек?