Үй бүлө бюджети
Үй бүлө бюджети
Топтолгон жыйым
Топтолгон жыйым
Кредиттер жана карыздар
Кредиттер жана карыздар
Керектөөчүлөр (пайдалануучулар) укугун коргоо
Керектөөчүлөр (пайдалануучулар) укугун коргоо
Финансы жөнүндө
Финансы жөнүндө
Инвестициялоо
Инвестициялоо
Финансылык коопсуздук жана камсыздандыруу
Финансылык коопсуздук жана камсыздандыруу
Салыктар жана чегерүүлөр
Салыктар жана чегерүүлөр
Жаңылыктар
Жаңылыктар

Банктык төлөм карталары

2024 Бирдин айынын 14 жарыяланды
Банктык төлөм карталары

Банктык карталары тууралуу жалпы түшүнүктөр

Банктык төлөм карталары колдонуучуга банк эсебине дистанттык кирүүгө мүмкүнчүлүк берет. Банктык төлөм картасы - акчаны сактоонун заманбап ыкмасы, колдонуучулар чет өлкөдө, ошондой эле Интернет тармагында сатып алууларды жүзөгө ашыра алышат, аны менен дүкөндөрдө, дарыканаларда жана башка ар кандай соода-сервистик ишканаларда товарларды жана кызматтарды төлөй алышат, акча каражаттарын накталай акчага айландыра алышат. Накталай акчадан айырмаланып, банк картасын жоготуу кардардын каражаттарын жоготпойт. Бирок, банктык төлөм карталарын колдонууда коопсуздук эрежелерин сактоо керек, бул үчүн шилтемеде эскертмени сактап калыңыз.

Улуттук банктын маалыматы боюнча, 2022-жылы чыгарылган банктык төлөм карталарынын жалпы саны 5,2 млн даана болуп, жыл ичинде 39,4 пайызга көбөйгөн, анын ичинен "Элкарт" улуттук системасынын карталарынын саны 3,0 млн даана болгон.

Банк карталарынын түрлөрү

Дебеттик жана кредиттик карталар бар:

дебеттик карталардын артыкчылыгы-тейлөөнүн төмөн наркы,

кредиттик карталардын артыкчылыгы-берилген лимиттердин алкагында каалаган убакта банктын каражаттарына жетүү мүмкүнчүлүгү.

Соода-сервистик ишканалар банктык карталар аркылуу төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн pos-терминалдарды сатып ала алышат же смартфондорго банктардын атайын mpos-тиркемелерин орното алышат.

Төлөм системасын жана валютаны тандоо

Биздин өлкө өзүнүн «Элкарт» улуттук төлөм системасына ээ.

Кытайдын өзүнүн төлөм системасы бар — UnionPay, Жапонияда — JCB. VIsa карталары дээрлик бардык жерде кабыл алынат, бирок өзгөчөлүктөр бар.

Валютаны кош конвертациялоо төлөмдөрдү болтурбоо үчүн товарлар жана кызматтар үчүн жергиликтүү валютанын банк карталары менен төлөңүз: евро менен — Евроаймак өлкөлөрүнө саякаттоону пландап жатсаңыз, АКШда — доллары менен, Кытай үчүн Юань менен жана башкалар.

Төлөм системалар банктар менен эсептешүүлөрдү жүргүзгөн базалык валютага ээ. Мисалы, жаран Visa сом картасы менен товар сатып алат. Товардын баасы — түрк лирасында. Түрк лирасы төлөм системасынын алмашуу курсу боюнча долларга которулат + комиссия алынат. Андан кийин төлөм системасы (Visa ) сатып алуу долларынын суммасы жөнүндө маалыматты банкыңызга жөнөтөт. Банк бул сумманы Сиздин эсебиңизден чыгарып салышы керек. Сизде сом эсеби бар — демек, дагы бир конвертация болот. Долларлар банктын курсу боюнча сомго которулат + банк чек аралык операция үчүн комиссия ала алат. Сиздин карта боюнча сатып алуу боюнча жалпы суммасы бөгөттөлгөн, ал эми башка болушу мүмкүн-ушул күндөрү курстардын айырмасы.

Visaнын базалык валютасы — АКШ доллары, Mastercard системасында эсептешүү үчүн базалык валюта — евро.

Элкарт мобайл

Ыңгайлуу инструменттердин бири болуп «Элкарт Мобайл» мобилдик тиркемеси саналат, ал каалаган коммерциялык банктардын «Элкарт» карталары байланган бир нече эсептерди башкарууга мүмкүндүк берет. «Элкарт» картанынын ээлери коммуналдык кызматтарга төлөө үчүн терминал же банкомат издеп, кезекте туруунун кажети жок. Товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөө, ошондой эле картадагы калдыкты текшерүү, «Элкарт» карталары ортосундагы акча которуулар банктык төлөм картасынын жайгашкан жерине карабастан, мобилдик телефондун жардамы менен аралыктан ишке ашырылышы мүмкүн.

 

← Жаңылыктардын тизмесине

Төмөнкүлөрдү да окуңүз

Улуттук банк финансы-кредиттик уюмдарга (мындан ары - банктарга ) карыз алуучулар үчүн кредиттик төлөмдөр боюнча кредиттин негизги суммасын сыяктуу эле, чегерилген пайыздарды да төлөө мөөнөтүн кеминде 3 (үч) айга өз-өзүнчө же чогуу жылдырууну сунуштаган

Улуттук банк финансы-кредиттик уюмдарга (мындан ары - банктарга ) карыз алуучулар үчүн кредиттик төлөмдөр боюнча кредиттин негизги суммасын сыяктуу эле, чегерилген пайыздарды да төлөө мөөнөтүн кеминде 3 (үч) айга өз-өзүнчө же чогуу жылдырууну сунуштаган

Акча каражатын сактоонун кандай эрежелери бар?

Акча каражатын сактоонун кандай эрежелери бар?

1-октябрда электрондук капчыкты идентификациялоонун мөөнөтү аяктайт

1-октябрда электрондук капчыкты идентификациялоонун мөөнөтү аяктайт

Акча алиппеси. 3-бөлүк

Акча алиппеси. 3-бөлүк