2025-жылдын 11-15-апрель күндөрү Глобалдуу акча жумалыгы–2025 иш-чарасынын алкагында, «Акылың болсо башында, акчаң болот капчыкта» деген ураан менен Улуттук банктын Ош областтык башкармалыгынын нумизматикалык музейинде Ош шаарындагы Ош мамлекеттик университетинин стартап-долбоорлорунун студенттерине, «Ага Хан Мектеби» окуучуларына жана «Новатор» жеке менчик мектеп окуучуларына ачык эшик күндөрү уюштурулуп, улуттук валютанын өнүгүү этаптары, коргоо белгилери жана каражат топтоо жөнүндө лекция окулду жана студенттер менен окуучуларга нумизматикалык экспонаттар көрсөтүлдү.
Мындан тышкары, Ош мамлекеттик университетине караштуу STEM инновациялык колледжинин студенттерине, Кара-Суу районунун Папан айылынын Э.Алыкулов атындагы № 91 жана М.Заиров атындагы № 88 орто мектептеринин окуучуларына улуттук валютанын өнүгүү этаптары, улуттук валютанын коргоо белгилери, кредит, аманат, каражат топтоо темалары, ошондой эле жаштардын финансылык алдамчылыкка тартылышын алдын алуу боюнча атайын көчмө лекция өттү.
Катышуучулардын жалпы саны 300 адамдан ашты.