Үй бүлө бюджети
Үй бүлө бюджети
Топтолгон жыйым
Топтолгон жыйым
Кредиттер жана карыздар
Кредиттер жана карыздар
Керектөөчүлөр (пайдалануучулар) укугун коргоо
Керектөөчүлөр (пайдалануучулар) укугун коргоо
Финансы жөнүндө
Финансы жөнүндө
Инвестициялоо
Инвестициялоо
Финансылык коопсуздук жана камсыздандыруу
Финансылык коопсуздук жана камсыздандыруу
Салыктар жана чегерүүлөр
Салыктар жана чегерүүлөр
Жаңылыктар
Жаңылыктар

Шылуундар көбөйдү. Карта же электрондук капчыктагы акчаны кантип коргойбуз?

2021 Жалган куран айынын 23 жарыяланды
Шылуундар көбөйдү. Карта же электрондук капчыктагы акчаны кантип коргойбуз?

Кыргызстанда накталай эмес, карта жана электрондук капчык аркылуу эсептешүү кеңири жайыла баштады. Аны менен бирге алдамчылыктын ар кандай амалдары да чыгып жатат. Сиз кээде картаңыздын же электрондук капчыгыңыздын паролун унутуп же дагы башка себептер менен аларды пайдалана албай калам деп кооптонот чыгарсыз. Шылуундар дал ушул абалыңыздан пайдаланып кетишет.

Эсебиңиздеги акчаны кантип коргосо болот? Кайсы маалыматтарды бейтааныш адамдарга бербеш керек? Улуттук банктын адистери менен бирге ушул жагдайларды кеңири түшүндүрүп берели.  

Оңой насыя, лотереядан утуш. Алдамчылардан амал качып кутулбайт

Акчаңызды уурдаш үчүн алдамчыларга сиздин жеке маалыматтарыңыз керек. А буга жетүүнүн ар кандай жолдору бар. Кара ниет адамдар СМС-билдирүүлөрдү жиберип же мессенджерлерден (WhatsApp, Telegram) жана социалдык тармактардан кат жазат. Анда сизге оңой насыя берилип жатканын же “түкүнчө” суммадагы насыя боюнча макулдашуу болгонун кабарлашат да, шилтемеге өтүү сунушталат.

Анан насыянын документ иштерин тууралоо баракчасына туш болосуз. Ал жерде паспорт, байланышуу жолдору сыяктуу сиздин жеке маалыматтарыңызды сураган анкетаны толтуруу керек. Анкета толтурулган соң “насыя берүү чечими кабыл алынды, акчаны алыш үчүн банк картаңыздын реквизиттерин, тагыраагы, картанын номурун, жарактуу мөөнөтүн, CVV/CVC-кодун жана аты-жөнүңүздү жазышыңыз керек” деген талап болот.

Анкетаны толтурсаңыз, иштин бүткөнү. Шылуундардын колунда сиздин банк картаңызга кириш үчүн бардык маалыматтар бар. Эми алар сиздин картаңыздагы акчаны башка картага же электрондук капчыкка оңой эле которуп алышат. 

“Алдамчылардан амал качып кутулбайт, кредит сунуштагандан башка да ыкмалары бар. Айталы, лотереядан утушка ээ болдуңуз дешет; өзүн банк кызматкеримин деп тааныштырып, сурамжылоодон өтүп, акча алыңыз деп сунушташат”, - дешти Улуттук банктан.

Ушундай эле шылтоолор менен электрондук капчык ээлерине кайрылып, жеке маалыматтарын сурашат. Адам шектенип, эки анжы болуп турса, талылуу жерине тийгенге аракет кылышат. “Шектүү операциялар жасалды, эсеп ээси чын эле сиз экениңизди текшеришибиз керек. Болбосо картаңыз же электрондук капчыгыңыз блокко түшөт” деген сөздөр айтылат. Мындай “банк кызматкерлери” сизди тизгиндеп кетишине эч качан жол бербеңиз. Маалыматты бергениңиз - акчадан кол жууганыңыз.

Картанын маалыматтары – жашыруун. Тууганыңызга да айтпаңыз

Төлөм системасындагы уруксатсыз операциялардан өзүңүздү коргош үчүн бирөө чалганда гана эмес, дайыма сак болушуңуз керек. Банк эсебин ачып, карта алардан мурда банктын шарттары, алардын тарифтик саясаты, өз укугуңуз жана милдеттериңиз тууралуу жакшылап таанышып чыгыңыз. Банктан СМС-эскертме келе турган функциясын коштуруңуз. Мындайда сиз жүргүзгөн ар бир төлөм же акча которуу тууралуу маалымат келип турат.

Сиз эч кандай команда бербесеңиз деле төлөм/которуу ишке ашса, токтоосуз түрдө банкка чалыңыз.

Картаңызды, анын ПИН-кодун эч кимге, анын ичинде туугандарыңызга, банк кызматкерлерине, укук коргоо органдарына, кесиптештериңизге бербеңиз. Бирөө-жарымы картаңыздан акча чыгарып алса, аны кайтарып бербейт.

ПИН-кодду терип жатканыңызда (банкоматтан акча чыгарып же товар/кызмат үчүн акысын төлөгөндө) эч ким көз салып турган жокпу? Ушуну эске алыңыз. Керек болсо код тере турган панелди колуңуз менен тосуп алсаңыз болот.

Картанын ПИН-кодун кагазга жазып жүрбөңүз, карта менен ПИН-кодду чогуу бир жерде сактабаңыз.

“Картанын номурун жана ПИН-кодду телефон аркылуу бирөө жарымга айтпаңыз. Банк кызматкерлерлери мындай маалыматты эч качан сурашпайт. Сизди системадан табыш үчүн аларга аты-жөнүңүз жана картанын түрү  («Элкарт», Visa, Mastercard) гана жетиштүү. Анын үстүнө банк кызматкери сизге чалып, картаңыз тууралуу маалыматты эч качан сурабайт. Чалган адам банк кызматкеримин десе, анда анын аты-жөнүн, кайсы башкармалыкта кандай кызматта иштей турганын сураңыз. Андан соң карта алган банкыңызга чалып, эмне үчүн кызматкериңер мага чалып, маалымат сурап жатат деп тактаңыз”, - деп кеңеш беришет Улуттук банктын өкүлдөрү.

Картаңызы уурдатып же жоготуп алсаңыз, болбосо картаны банкомат “жутуп алса” же дагы башка кыйынчылык жаралса, дароо банкыңызга чалыңыз.

Чектерди ыргытканга ашыкпаңыз

Дайыма чек алып жүрүңүз жана аны ыргытканга ашыкпаңыз. Банк берген кагаз боюнча операцияларды текшергенде кереги тиет. Эгер сиз жасабаган операция табылса, банкка тостоосуз арыз жазып, абалды териштирүүнү өтүнүңүз.

Банкоматтан акча алып жатканда бейтааныш адамдарга жардам сурап кайрылбаңыз. Мурда-кийин банкоматтан акча чыгарып көрбөсөңүз, карта алып жатканда банк кызматкеринен жардам сураңыз. Бирок ушундай кырдаалда да ПИН-код үчүн кайсы сандарды терип жатканыңызды кызматкер көрбөгөндөй болсун.  

Дүкөн, ресторан, мейманкана ж.б. жерлерде товар/кызмат үчүн төлөм жүргүзүп жатканыңызда, бардык операциялар сиздин катышууңузда жасалышын көзөмөлгө алыңыз.

Кафе-ресторан же дагы башка жерлердин кызматкерлерине картаңызды бербеңиз.

Операция жасалып бүткөндөн кийин чекти жакшылап карап, кол коердон мурда жазылган сумманын туура экенин текшериңиз. Чекти ыргытып жибербеңиз.

Интернет аркылуу товар сатып алып же кайсы бир кызматтан пайдалансаңыз, текшерүүдөн өткөн жана расмий сайттарга кириңиз. Түшүнүксүз шилтемелерге өтпөңүз жана карта маалыматтарын ал жакка киргизбеңиз.

А капчыкты кантип коргосо болот?

Электрондук капчык иштеткенде да коопсуздук чараларын сактаңыз. Биринчи кезекте капчыкка кирүү үчүн узун пароль (мисалы, 6дан 16га чейин символ) коюңуз. Банктан идентификациядан өтүңүз.

Электрондук капчыктын паролун жана сизге келчү SMS-коддорду эч кимге бербеңиз. Анын ичинде туугандарыңызга, банк кызматкерлерине, укук коргоо органдарына, кесиптештериңизге да.

Электрондук капчыктын паролун жана SMS-кодду телефон аркылуу эч кимге бербеңиз.

Электрондук капчык тууралуу маалыматтарды компьютерде, телефондо, баарына жеткиликтүү жайларда сактабаңыз. Банктан СМС-эскертме келе турган функцияны кошуп алыңыз. Ошондо жүргүзүлгөн ар бир төлөм/которуу тууралуу маалыматты алып турасыз. Сиз жасабаган операциялар болсо, дароо банкыңызга чалыңыз.

“Телефонуңузда лизенциядан өткөн гана операциондук системаларды жана антивирустук программаларды колдонуңуз. Анда фишинг жана ар кандай шилтемелерден коргоо жагын тууралаңыз. Электрондук капчыкта ишиңиз бүткөндөн кийин андан чыгууну унутпаңыз”, - дешти Улуттук банктан.

Компьютериңизге жана мобилдик телефонуңузга пароль/пин-код коюңуз.

Карта сыяктуу эле электрондук капчыкты иштеткенде да түшүнүксүз шилтемелерге кирбеңиз жана ал жакка маалыматтарыңызды жазбаңыз. Электрондук капчык жүктөлгөн телефонуңузду уурдатып жиберсеңиз, токтоосуз банкка билдириңиз да, капчыкты блоктотуңуз.

← Жаңылыктардын тизмесине

Төмөнкүлөрдү да окуңүз

Финансылык сабаттуулук боюнча тренерлер окутулду

Финансылык сабаттуулук боюнча тренерлер окутулду

Акча алиппеси. 5-бөлүк

Акча алиппеси. 5-бөлүк

2020-жылдын 25-декабрында Кыргыз Республикасынын калкынын финансылык сабаттуулугун 2016-2020-жылдары жогорулатуу программасын ишке ашыруу боюнча Координациялык кеңештин отуруму болуп өттү

2020-жылдын 25-декабрында Кыргыз Республикасынын калкынын финансылык сабаттуулугун 2016-2020-жылдары жогорулатуу программасын ишке ашыруу боюнча Координациялык кеңештин отуруму болуп өттү

Акча алиппеси. 1-Бөлүк.

Акча алиппеси. 1-Бөлүк.