2026-жылдын 27-октябрында Дүйнөлүк каражат топтоо күнү – 2026 иш-чарасынын алкагында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Баткен областындагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери Баткен шаарындагы №4 жалпы билим берүү мектебинин башталгыч жана жогорку класстарынын окуучулары үчүн көчмө лекцияларды өткөрдү.
Лекциянын жүрүшүндө окуучулар каражат топтоонун маанилүүлүгү, аны сактоо жана көбөйтүү ыкмалары тууралуу маалымат алышты. Ошондой эле дропперликке байланыштуу алдамчылык схемалары боюнча мисалдарды талкуулашты.

