2026-жылдын 30-октябрында Дүйнөлүк каражат топтоо күнүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Каракол шаарындагы К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде финансылык жарманке өткөрдү. Ага Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы «Кызмат» мамлекеттик мекеменин, Бишкек шаарындагы ЕККУнун Программалык кеңсесинин, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттиктин, коммерциялык банктардын, микрофинансылык жана башка уюмдардын өкүлдөрү катышты.
Жарманкенин негизги максаты – калктын финансылык жана санариптик сабаттуулугун жогорулатуу болду. Студенттер, окуучулар, мугалимдер жана шаар тургундары үчүн окутуу презентациялары жана практикалык мини-тренингдер уюштурулду. Эксперттер катышуучуларга финансылык сабаттуулуктун негиздери, санариптик сабаттуулуктун иш жүзүндө колдонулушу жана мамлекеттик санариптик кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануу, ошондой эле топтолгон каражаттарды коргоо, алдамчылыкка каршы күрөшүү ыкмалары жана жеке каржылык коопсуздукту камсыздоо жөнүндө кеңири айтып беришти.
Финансылык жарманкенин жүрүшүндө финансы институттарынын өкүлдөрү конокторго банктык эсеп ачуу, төлөм карталарын тариздөө жана базалык банктык кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануу боюнча жекече консультацияларды беришти.
Жарманкенин программасына ошондой эле интерактивдүү оюндар, сынактар жана викториналар киргизилген, ал эми бардык активдүү катышуучулар жана жеңүүчүлөр атайын сыйлыктарды алышты.
Финансылык жарманкеге болжол менен 450 киши катышты.
