2026-жылдын 28-октябрында Дүйнөлүк каражат топтоо күнү – 2026 иш-чарасынын алкагында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Баткен областындагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин Баткен кампусунун 1-курсунун студенттерине «Финансылык сабаттуулук» темасы боюнча лекция өткөрдү.
Лекциянын жүрүшүндө Улуттук банктын өкүлдөрү катышуучуларга акча каражаттарын туура колдонуу жана сарптоо, финансыны пландаштыруу, финансылык максат коюу, үй-бүлөлүк жана жеке бюджетти түзүү, финансыларды мүмкүн болуучу тобокелдиктерден коргоо тууралуу маалымат беришип, ар кандай финансылык маселелер боюнча түзүлгөн кырдаалдарды талдап чыгышты.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасында QR-кодду колдонууну өнүктүрүү боюнча иш-чаралар, QR-коддордун улуттук стандарттары жана эки өлчөмдүү штрих-код белгилерин (QR-код) колдонуу менен төлөө эрежелери тууралуу маалымат берилди.
Лекторлор финансыларды мүмкүн болуучу тобокелдиктерден коргоо маселелерине өзгөчө көңүл бурушту: алар кредит алууга өзүнө-өзү тыюу салуу, дропперлик, финансылык пирамидалар жана киберкылмыштуулуктун башка түрлөрү сыяктуу темаларды кеңири талдап чыгышты.