Үй бүлө бюджети
Үй бүлө бюджети
Топтолгон жыйым
Топтолгон жыйым
Кредиттер жана карыздар
Кредиттер жана карыздар
Керектөөчүлөр (пайдалануучулар) укугун коргоо
Керектөөчүлөр (пайдалануучулар) укугун коргоо
Финансы жөнүндө
Финансы жөнүндө
Инвестициялоо
Инвестициялоо
Финансылык коопсуздук жана камсыздандыруу
Финансылык коопсуздук жана камсыздандыруу
Салыктар жана чегерүүлөр
Салыктар жана чегерүүлөр
Жаңылыктар
Жаңылыктар

Жаңгак токойлорун жана жайыттарды башкарууга жергиликтүү коомчулукту тартуу менен ар түрдүү биотүрдүүлүктү сактоо жана жакырчылыкты кыскартуу

2021 Тогуздун айынын 15 жарыяланды
Жаңгак токойлорун жана жайыттарды башкарууга жергиликтүү коомчулукту тартуу менен ар түрдүү биотүрдүүлүктү сактоо жана жакырчылыкты кыскартуу

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Микрофинансы уюмдарынын ассоциациясы менен биргеликте, GIZ Германия эл аралык кызматташуу коомунун колдоосу менен 2021-жылдын 11-октябрынан тартып 14-октябрь күндөрү Жалал-Абад шаарында «Жаңгак токойлорун жана жайыттарды башкарууга жергиликтүү коомчулукту тартуу менен ар түрдүү биотүрдүүлүктү сактоо жана жакырчылыкты кыскартуу» боюнча  GIZ долбоорунун катышуучуларынын ичинен финансылык сабаттуулук боюнча тандалган тренерлер үчүн семинар өткөрдү. GIZ долбоору Жалал-Абад обастынын жаратылыш ресурстарын башкаруу боюнча потенциалды жогорулатуу максатында өткөрүлүп жатат.

Семинардын программасы 9 модулдан түзүлгөн, сессияларга бөлүнгөн жана Кыргыз Республикасынын калкынын эресеге жеткенден кийинки катмары үчүн түзүлгөн финансылык сабаттуулуктун Стандарттуу базалык компетенциясынын бардык компоненттерин камтыган, финансылык сабаттулук боюнча унификацияланган комплекстин базасында даярдалды (билим, көндүм, жөндөм жана жүрүм-турум).

Семинардын жүрүшүндө катышуучулар финансылык сабаттуулук боюнча алган билимдерин кеңейтип, калктын эресеге жеткенден кийинки катмарын окутуу боюнча ээ болгон көндүмдөрүн андан ары өркүндөтө алышты.

Иш-чаранын жыйынтыгы боюнча окутуудан ийгиликтүү өткөн тренерлердин андан ары Жалал-Абад областынын Базар-Коргон жана Аксы райондорунун алты айылынын тургундары үчүн финансылык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча тренингдерди өтүүсү  пландаштырылууда.

← Жаңылыктардын тизмесине

Төмөнкүлөрдү да окуңүз

Улуттук банк финансы-кредиттик уюмдарга (мындан ары - банктарга ) карыз алуучулар үчүн кредиттик төлөмдөр боюнча кредиттин негизги суммасын сыяктуу эле, чегерилген пайыздарды да төлөө мөөнөтүн кеминде 3 (үч) айга өз-өзүнчө же чогуу жылдырууну сунуштаган

Кардалар даттануулар жана өтүнүчтөр менен кайда жана кимге  кайрыла алышат

Кардалар даттануулар жана өтүнүчтөр менен кайда жана кимге кайрыла алышат

Акча топтоонун эң эле жөнөкөй сегиз эрежеси

Акча топтоонун эң эле жөнөкөй сегиз эрежеси

Каражат топтоо деген эмне жана ал эмнеге керек?

Каражат топтоо деген эмне жана ал эмнеге керек?