Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Жалал-Абад областтык башкармалыгы 2025-жылдын 11-ноябрында планга ылайык Жалал-Абад областынын Таш-Көмүр шаарынын мамлекеттик кызматкерлери үчүн финансылык сабаттуулук боюнча көчмө лекция өткөрдү.
Лекциянын жүрүшүндө Улуттук банктын өкүлдөрү акча каражаттарын туура колдонуу жана сарптоо, финансы каражаттарын ар кандай тобокелдиктерден коргоо, Кыргыз Республикасында QR-кодду өнүктүрүү боюнча иш-чаралар, QR-коддордун улуттук стандарттары жана эки өлчөмдүү штрих-код белгилерин (QR-код) колдонуу менен төлөө эрежелери жана санариптик финансылык кызматтар жана инструменттер жөнүндө маалымат беришти.
Мындан тышкары, 2025-жылдын 30-июлундагы №167 «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына насыялык маалымат алмашуу жана насыялык бүтүм түзүүгө өзүнө-өзү тыюу салуу маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 1-ноябрынан тартып күчүнө кирген мыйзамы тууралуу кыскача маалымат берилди жана «Түндүк» платформасында кредит алууга өзүнө-өзү тыюу салууну активдештирүү жана чектөөнү кайра алып салуу жөнүндө толук нускоосу көрсөтүлдү.

