Үй бүлө бюджети
Үй бүлө бюджети
Топтолгон жыйым
Топтолгон жыйым
Кредиттер жана карыздар
Кредиттер жана карыздар
Керектөөчүлөр (пайдалануучулар) укугун коргоо
Керектөөчүлөр (пайдалануучулар) укугун коргоо
Финансы жөнүндө
Финансы жөнүндө
Инвестициялоо
Инвестициялоо
Финансылык коопсуздук жана камсыздандыруу
Финансылык коопсуздук жана камсыздандыруу
Салыктар жана чегерүүлөр
Салыктар жана чегерүүлөр
Жаңылыктар
Жаңылыктар

Каржы пирамидасынын түрлөрү жана белгилери. Алардын торунда калсаңыз эмне кылуу керек?

2021 Кулжа айынын 09 жарыяланды
Каржы пирамидасынын түрлөрү жана белгилери. Алардын торунда калсаңыз эмне кылуу керек?

Каржы пирамидасы деген эмне?

Классикалык "каржы пирамидасы" - алдоо жолу менен киреше табуунун жолу.

Улам жаңы катышуучуларды тартуу аркылуу акча түшүп турат. Тыйынын салган адам жаңыларды тартат, ошентип пирамида өсө берет. Каржы пирамидасынан киреше табуу мүмкүн эмес. Ушул жагдайларга карабай, пирамиданын эң жогорку баскычына жетип, байып кетем деп чечсеңиз, баарынан кол жууйсуз. Бар тапканыңызды уюштуруучуларга карматасыз.

Заманбап каржы пирамидалары же алдамчы уюмдар ыкчам аракеттенишет: агрессивдүү жарнамалар, тез арада киреше табууну көздөгөндөрдөн акча жыйнамай. Адатта уюштуруучулар алданып калган аманатчылардын акчасын алып из жашырышат да, колго түшкөнгө чейин жаңы жерге барып ушундай эле "инвестициялык" долбоорду кайрадан башташат. Алдамчы уюмдар - пирамидалар аз убакыт гана жашашат.

Интернеттин өнүгүшү менен жаңы өнөктөштөрдү тартуунун көптөгөн каналдары пайда болду. Бүгүн бул бизнес виртуалдык мейкиндиктин артында кеңири жайылууда. Өз ишмердүүлүгүн "каржы пирамидасы" деп ачык эле атап калышты. Көп учурда алар өздөрүн инвестициялык ишкана катары таанытышат. Адамды өзүнө тарта турган аталыштарды ойлоп табышат: ИТ-компания, интернет-компания, инновациялык долбоор ж.б. Акцияларды жана облигицияларды сатып алууну сунушташат, акчаны ири кирешелүү курулушка, алтын өндүрүүгө же аябай эффективдүү өндүрүшкө ( кээде эмне экени түшүнүксүз) салабыз деп убада беришет. Иши кылып варианттары толтура.

Кредиттик уюм катары уюштурулган каржы пирамидалары  - каржы махинацияларынын бир түрү. Кредиттик таржымалы начар болгон үчүн банктан насыя ала албай жүргөндөр же кредитин төлөй албай жаткандар тузакка илинишет. Пирамидалар өздөрүн микрофинансылык уюм, кредиттик союз же банк, болбосо "кредиттик бюро", "анти насыя программасы", "каржы кызматтарынын борбору" деп тааныштырышат.

Каржы пирамидасына мүнөздүү белгилер

1. Кыска мөөнөттө чоң киреше табасыз деген убадалар

Өтө жогору кирешени убадалоо - каржы пирамидасынын негизги белгилеринин бири.

2. Башка адамдарды тартасың деген шарты

"Дагы башка адамдарды алып кел" деген шарт коюлса, ал уюмдун ак ниеттүүлүгүнөн шек санай бериңиз. Бардык каржы пирамидалары жаңы катышуучуларды тартуунун эсебинен гана жашайт. Анын үстүнө катышуучулардын төлөмдөрү чыныгы активдерге салынбайт, катышуучулар арасында эле кайра бөлүштүрүлөт. Акчанын олчойгон бөлүгүн уюштуруучулар жана пирамиданын башында тургандар өздөрүнө алышат.

3. Документтерин көрсөтүшпөйт

Каржы пирамидаларынын уюштуруучулары ар кандай шылтоо менен өздөрүнүн уюмдаштыруу жана каржы документтерин жашырышат. Алардын документтери жок болушу толук ыктымал. Ар бир юридикалык жак мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүккө ээ болушу керек, анын бар-жогун Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин сайтынан текшерсе болот. Эгер уюштуруучулар өздөрүн коммерциялык банк, микрофинансылык уюм же кредиттик союз катары тааныштырып жатса, тиешелүү лицензиясын же күбөлүгүн текшерүү кажет. Муну Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын интернет-сайтынан карай аласыз.

Мыйзамга ылайык, бардык каржы уюмдары жарандын талабы менен өз уставын, каржылык отчетторун тааныштырууга милдеттүү. Эгер мындан баш тартып же ар кандай шылтоо менен тааныштыруу жагын создуктуруп жатышса, кооптонууга негиз бар.

4. Шектүү келишимдер

Адатта каржы пирамидасын уюштургандар өз ишмердигинин "мыйзамдуулугун" далилдөө максатында келишим түзүүнү сунушташат. Келишим мындайча түзүлөт: кирешени убадалашканы менен, уюштуруучулар акчанын кайтышына жоопкерчилик албайт. Ошол себептүү келишимге кол койордон мурда аны жакшылап окуп, убадаланган сумманы сизге чындап кайтарып беришерине ынанышыңыз зарыл. Бул бардык эле келишимдерге тиешелүү экенин унутпаңыз!

5. Катышуу тууралуу жадатма сунуштар

Потенциалдуу курмандыктын кызыгуусун сезген алдамчылар ага улам чалып же барып: "акча табууга мындай шанс кийин болбойт" деп ач кенедей жабышышат. Ушундай үзгүлтүксүз басым каржы алдамчыларына мүнөздүү белгилердин дагы бири.

Өз акчаңызды мындай долбоорго салаардан мурда баарын жакшылап таразалаңыз. "Ушинтип оңой эле киреше тапса болот экен, башкалар эмнеге катышпай жүрүшөт?" деген суроону бериңиз. Суроо бергенден уялып же коркуштун кереги жок. Бүгүн берилбей калган суроо эртең сизди куру кол калтырат. Бир караганда каржы пирамидасын уюштургандардын далилдери, айткандары жүйөлүүдөй сезилет. Андыктан эгер сиз суроолоруңузга жооп алсаңыз, документалдык далилдерди сураңыз. Тааныш/тууган/достордун пикири жетишсиз.

Чоң киреше чоң тобокелдиксиз болбой турганы дайыма эсиңизде болсун! Эгер банктарда депозиттердин орточо жылдык пайызы 10-13% болуп жатса, сизге салым үчүн олчойгон пайыздарды убадалап, 2-3 эсе кирешени сунуштап жатышса, шектенүүгө толук негиз бар: ушундай тобокелдүү каржы операциясына акча салуу керекпи?

Өз акчаңызды каржы уюмуна ишенип тапшырардан мурда төмөндөгү аракеттерди жасоо ашыкча болбойт:

  • Компаниянын бардык документтерин текшериңиз, керек болсо алардын чын-төгүнүн мамлекеттик органдардын реестрине салыштырыңыз.
  • Келишимдин үлгүсүн алып, юрист менен акылдашыңыз.
  • Уюм тууралуу маалымат жана пикирлерди интернеттен/соцтармактардан издеңиз, ошондой эле дарек-аталыштарын улам өзгөртүп жүрүшпөгөнүнө ынаныңыз.
  • Салынган акчаны кайтаруу шарттарын изилдеңиз.
  • Жеке маалыматтарыңызды дароо эле берип салбаңыз.
  • Акча салганыңызды же бергениңизди далилдей турган чек, квитанцияларын талап кылыңыз жана аны жакшылап текшериңиз. Бул документте уюмдун мөөрү, жооптуулардын колу болушу шарт.

Алдамчылардын торуна түшкөн болсоңуз эмне кылуу керек?

Алдамчылардын торуна түшкөнүңүздү түшүнсөңүз жана акчаңызды берип салган болсоңуз, каражатты кайтарууну талап кылып компаниянын дарегине кайрылыңыз жана акча кайтарылбаса, тийиштүү органдарга бара турганыңызды эскертиңиз.

Мындан сырткары укук коргоо органдарына арыз жаза аласыз. Акчаңызды алдамчыларга бергениңизди-которгонуңузду далилдеген документтерди алдын ала топтоо керек. Бул банк эсеби боюнча выписка, кириштөө кассалык ордери, квитанция ж.б. документтер болушу мүмкүн.

Эгер сизге жогорку кирешени, акысыз же банктарга караганда пайызы төмөн кредитти убадалап жатышса, ошондой эле жаңы адамдарды тартуу үчүн тармактык маркетинг ыкмасы колдонулса, өтө сак болуңуз!

Сизди алдап жатышат!

← Жаңылыктардын тизмесине

Төмөнкүлөрдү да окуңүз

Ипотеканын негизги эрежелери

Ипотеканын негизги эрежелери

Кыргызстанда акча каражатын кайсыл багытка инвестициялоо пайдалуу?

Кыргызстанда акча каражатын кайсыл багытка инвестициялоо пайдалуу?

Акчалай каражаттарды эсепке алуу күндөлүгү

Акчалай каражаттарды эсепке алуу күндөлүгү

Көп берилген суроолор

Көп берилген суроолор